ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айдар бир саамга кайда турганын түшүнбөй калды. Үн чыккан жакка жалт бурулуп карап жиберди. Эч ким жок болчу. Эшикке чуркап чыкты. Көзүнө эч ким көрүнбөдү. Бир аздан кийин жанагы орто жаштагы адам келди да, аялына бул жер жакпай калгандыгын айтып буюртманын акчасын төлөп чыгып кетти. Кулагына Аруукенин үнү угулгандан бери Айдар дагы деле эс-мас. Үйүнө келгенде да кулагынан ошол күлкү кетпей туруп алды. “Арууке” деп аталган күндөлүгү бар эле. Бул күндөлүктү ал кийин карындашы кезиккен учурда ага берип, ансыз кантип жашаганын, жашоосунда эмнелер болгонун, аны кантип сагынганын окутам деген максатта ачкан. Барактап отурду.

Бүгүн Аруукенин туулган күнү болчу. 15ке чыкмак. Кандай кыз болду экен? Азыр кимдер менен туулган күнүн майрамдап жатты экен? Кандай адамдарга туш келди экен? Балким, азыр ага муктаждыр, “абака” деп чакырайын десе үнү жетпей жаткандыр. Кармап отурган калеми сынып кетти. Белгисиздик эң жаман нерсе. Куду кооптонуудан жүрөгүң айрылып кете жаздачудай, өпкөң көөп, колуңдагы бардык нерсенин бырын-чырынын чыгарып салгың келет. Айдар бул абалда эчен жылдан бери жашап келет. Оор улутунду. Аттиң, көкүрөгүндөгү бардык ойлорун айта алган адамы болсо кана?! Жан дүйнөңдү жылаңач көрсөтө алган адамың жок болгону жаман. Көп учурда эркек үчүн бары-жогун төгүп айтып бере турган адамы бир гана апасы болушу мүмкүн. Балким, аялы. Же бир досубу? Бирок атасы эмес. Атасын Айдар аябай жакшы көргөнү менен, ага алсыз жагын эч бир убакта көрсөтө албайт эле. Азыр апасын ойлоду. Жөн эле жарым эле саатка башын тизесине жөлөп абалын түшүндүрүп айтып берсе жеңилдеп калмак. Көзүнүн жашын алаканы менен сүрттү. “Мүмкүн эмес” деди ичинен.

ххх

Эртең мененки чогуу тамактанууну жакшы көрөт кыз. Атасын күнү кечке көрбөйт. Ошондуктан аны менен тамактанып калгысы келет.

– Кана, менин сулуу кыздарым бүгүн эмне кылышат?- атасы адатынча шайыр. Бул эки кыз атасынын эки көзү. Асман (Арууке) жана Айжан. Бири мончоктой кара көздүү, апакай кыз. Экинчиси өзүнө окшоп өңү сары, жашыл көздүү башкача кыз.

– Асман сүрөт тартат. А мен сыртка ойнойм,- деди сары кыз.

– А сен эмнеге сүрөт тартпайсың?

– Билбейм, тарткым келбейт.

– Эжекең сендей кезинде эле Олимпиаданын жеңүүчүсү болчу. А сен эркек балдардай эле велосипед тээп ойноп жүрөсүң,- деди атасы.

Айжан мурчуйду. Качан болсо атасы эжесин мактайт. Жини келип кетти. Экөөнүн тең маңдайынан өөп, атасы жумушуна жөнөдү. Апасы аны узатып ашканага кирип келди да Асманга карады.

– Бүгүн эмнеге атаңа "сүрөт тартам" дедиң? Атайы Айжанды жаман көрсөтүш үчүнбү?

– Апа, мен...

– Токтот, бүгүн сүрөт тартпайсың! Айжандын үй тапшырмаларын чыгарып бер. Кандай акылдуу экениңди дагы бир жолу далилде.

Асмандын көздөрүнө жаш толуп кетти. Дайыма ушундай. Кээде Айжанды карагандай, мээримдүү көздөрү менен мени караса дечү. Айжанды бооруна кыскандай мени да кысып, чачтарымды тарап берсе дечү. Апасынын мактоосуна арзуу үчүн жан талашып аракет кылчу. Медаль, грамота, спорттогу жетишкендиктери бүт баары апасы үчүн эле. Анын көзүнө, көңүлүнө кирүүнүн далалаты болчу. Бирок апасы мунун эч бирин көрчү эмес. Жөн эле көрчү эмес. Бирок эмнеге? Бир эне эки кызынын бирин эмнеге сүйбөшү мүмкүн? Бул Асман үчүн чечилгис табышмак эле. Бир гана сүрөт тартууну атасы үчүн өздөштүрдү. Жашоосундагы эң чоң жарык берген адам менен жакын болуу максатында сүрөт тарта баштады. Кийин ага бул чындап ырахат алып келе баштады. Ата-кыз саат бою устаканада болушчу. Экөөнү байлаган бир дүйнө бар эле. Асман атасынын көзүнөн сүйүүсүн, мээримин көрчү. Анан атасынын көздөрүндө терең бир сыр бардай сезилчү.

ххх

Сания бөлмөсүнө кирип шуу үшкүрө отуруп калды. Кечээ ресторанда көргөн жигитти эстеди. Асмандын көздөрүнө окшош болчу. Болгону кыздыкындай тептегерек мончоктой эмес, бадам сымал сүйрү тартып кетет экен. Бирок окшош... Балким, агасыдыр. Өз оюнан чочуп кетти. Сания кызды багып алгандагы бактысын эстеди. Аябай кубанган эле. Дүйнө ушу төрт жаштагы кыздын уучунда тургандай сезилчү. Жерге койбой көтөрүп алчу. Алгачкы апа деп үйрөткөндөрүн эстеди. Ал такыр айтпай койгон. “Абака” деген сөздү айтып, “апа дечи” деп жалынса да баш чайкап туруп алчу. Чет өлкөгө барып күчтүү гипнозчулардын, психологдордун жардамы менен кыздын эс-тутумунда калган элестерди өчүртүп тынышкан. Ошондон кийин гана “апа”, “ата” дей баштаган. Алгач апа дегенин укканда бактылуу болуп көз жашын төккөн эле. Кызга төгүлгөн мээримден уламбы, жыл айланбай боюнда болду. Эчен жыл боюнда болбой үмүтүн үзүп койгон аял бактысына мас болуп жүрдү. Экинчи кызы төрөлдү. Мына ушул жерден баары башталды.

Бакма бала менен өз баланын айырмасы калкып чыга келди. Кээ бир энелер баккан баланы өз балдарынан да жакшы көрөт деп айтышат. Бирок бул нерсе, тилекке каршы, Санияны айланып өттү. Көрсө, ал бакыттын четин көрүп алып эле ошол чоң бакыт деп элестетип жүргөн тура. Эмчегин балкылдата эмизип, жетимиш тамыры эрип эне болуу башкача экен. Наристенин жүзүнөн өзүнүн көзүн көрүү, тырмактарынан бери атасына же өзүнө окшоштуруу, каныңдан жаралган наристе башкача бир бакыт экенин билди. Асман көңүлүнүн сыртында калды. Көкөлөтүп коёрго жер таппай жүргөн кызды өз наристесин кучагына алганда таптакыр байкабай деле калды. Башында кичинекей болгону үчүн буга көңүлүм ооп жатат деп өзүн алдачу. Мына, бири он беш жашка чыгып, экинчиси 10 жашта болгон учурунда деле өз кызы көңүлүнүн борборунда. Асман көңүлүнүн бир жарасы болду. Же айыгып кетпеген, айыгууну да каалабаган, жашоосунун кайсы жерине коёрун билбеген кызы болду. Кээде бир буюмду жактырып алгандан кийин жакпай калып текченин бир бурчунда калат эмеспи, ыргытып салгың да келбейт. Жөн эле бир бурчта калат... Асман Сания үчүн дал ошондой эле. Болгону каалаганда ыргытып жибере тургандай ал буюм эмес, жандуу адам болчу. Баарынан жаманы кыз күн санап көз жоосун алып чоңоюп баратканы эле. Баарынан иренжиткени ал ийгиликтүү болчу. Келген меймандар, катышкан чөйрөсү Асманга көңүл бурчу. Ал эми Айжан анын көлөкөсүндө калар эле. Андан да жанын кашайткан нерсе атасы Асманды жанындай жакшы көрчү. Санияга эки кыздын ажырымы билингендей, атасына эч билинбеди. Көзү Асманды биринчи издечү. Белектин кымбатын улуу кызына арначу. Эшик ачылып Асман кирди.

– Эмне болду?- деди кыжырданган апасы.

– Апа, мен...

– Ии?

– Айжандын тапшырмаларын аткарбайм. Анткени атам “ал үчүн аткарба, өзү көнсүн” деген.

– Асман?!

– Мен мындан ары Айжан үчүн эч нерсе кылбайм, апа. Мен ушинтип чечтим.

Асман карап турду. Көзүндө майтарылбай турган кашкөйлүк бар болчу. Эшикти шарт жаап чыгып кетти. Кыз жеңилдене дем алды да, сыртка чыгып жолун улай берди. Кызыгы, ошол эле көчөдө бетме-бет Эрнис келе жаткан.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
mamatkerim1968
2019-11-18 10:05:07
Мен биринчи деп койбоймбу элди туурап.
-1
shahlet
2019-11-18 10:49:27
кызыгына эми келди окшойт. мага китебин эле берип койгулачы,окуп алайын шатырата
+5
saipi
2019-11-18 13:45:39
shahlet, китеби жок да
0
Aliza_96
2019-11-18 13:10:17
Жыл айланбай боюна болду...
Улуусу 15, кичуусу 10жашта болчу????
+2
saipi
2019-11-18 13:45:17
Aliza_96, Аруукени 4 жашында багып алган да.
+6
peri9292p
2019-11-19 03:10:15
Бири кем дуйно деген ушуда,ар бир адам ар башка тагдыр
+1
karakyz23
2019-11-19 13:59:03
Буткондо эле окуп чыксам болмок экен
-1
Shokoladka94
2019-11-21 09:11:09
Ушул чыгарманы окуш учун кирсем, мынча ааааз
+1
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан