ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-НОЯБРДАН 24-НОЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада тер төгүп иштөө керек болот. Жалкоолонуп пландалган иштерди артка жылдыруу кирешеге залалын тийгизет. Жумуш алмаштырам деп жүргөндөр үчүн ылайыксыз апта. Айланадагылар сиз тууралуу жалган cөз таратышы ыктымал. Териштирем деп маанилүү иштерге көңүл бурбай калуудан сак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Күнүмдүк маселелерден, көйгөйлөрдөн мээни бошотуп, эс алууга убакыт келди. Чыгармачылык менен алектенип, жашоого өзөртүү киргизиңиз. Иште, үйдө, достор арасында сизден колдоо күткөндөр чыгат. Алдоо жолу менен акчаңызды тартып ала тургандар да кезигиши мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Бул апта жылдыздар сизден чынчылдыкты талап кылат. Бирөөлөрдүн мамилесинин бузулушуна сиз себепкер болуп калбаңыз. Калыс сөз айтып, жеке мамилелерге аралашпай коюу туура. Кирешеңиз өсүшү күтүлүүдө. Тапкан каражатыңыз ден соолукка сарпталып кетпеши үчүн саламаттыгыңызга этият болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада дос-тууганды жаныңызга жолотпой жалгыз болууну самайсыз. Жумуштарыңызды жалгыздап бүтүрүп, адамдарга ишенич солгундап кыска депрессияга түшөсүз. Маанайыңызды көтөргөн учурлар да жок эмес. Көптөн бери көрбөй жүргөн адамыңызга жолугасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта ийгиликтүү иштерге жык болмокчу. Айрымдардын үй-бүлөсүндө толуктоолор күтүлүүдө: наристенин төрөлүшү, үлпөт тойлор, сүйлөшүп жүргөн жаштар сүйүктүүсү менен турмуш куруу чечимин кабыл алуусу жана башка. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жараткан ийгилиги менен кубантат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жаңы таанышуулардан көптү күтүүнүн кажети жок. Жаңы мамиле түзүү үчүн бирөөлөр менен таанышсаңыз, ал сиз күткөн жыйынтыкты бере албашы ыктымал. Акча тартыштыгы жаралат. Мындан улам эски тааныштарга жолугуп, мамилени үзүп койгон адам менен сүйлөшүүгө баруу орун алмакчы.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптанын башы анча чоң эмес түйшүктөрдү тартуулайт. Үйгө күтүүсүз конок келип, пландалбаган нерселер үчүн убара болууга туура келет. Көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн кыялды орундатуу мезгили келди. Сизге жакындарыңыз жана ишенген адамдарыңыз жардамга келишет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптанын биринчи жарымында физикалык, моралдык чарчоо орун алат. Чала тааныш адамга ишенүү сизди жагымсыз жагдайга туш кылып коюшу мүмкүн. Жумушта же жасап жаткан иштеги ийгиликсиз жагдайлар кыжаалат кылып, мунун артында сүйүктүүңүз же жакындарыңызга катуу сүйлөп алышыңыз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптанын башталышы ийгилик менен коштолот. Сиз мыкты формадасыз, ден соолугуңузда көйгөй жаралышы күтүлбөйт. Жаңы ишке орношуу ийгиликтүү болмокчу. Жаңы долбоорлордун үстүнөн иштөө да ийгилик менен башталат. Мурда кетирген катачылыктарды жөнгө салууга аргасыз болосуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Апта ичи жалгыз калбоого аракет кылыңыз. Сизге баарлашуу, бир нерсе менен алектенүү же коллектив менен иш алып баруу көтөрүңкү маанай тартуулайт. Аптанын экинчи жарымында акча тартыштыгы жаралат, жеке мамилелерде мүчүлүштүк орун алат. Апта соңу мамилени жөнгө салуу үчүн ыңгайлуу болмокчу.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Буга чейин алдыга максат койбой келсеңиз, дал ушул апта ылайыктуу. Тоону томкоргон амбициялар ойгончу апта. Бир аз кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, эгер бардык нерсени өз учурунда бүтүрсөңүз кыйынчылыктарды жеңесиз. Эмгекти сүйгөн мүнөзүңүздүн кереги тиет. Акчанын жугуму жок короп кеткени бир аз капалантат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлөлүк маселелер сиз үчүн эң маанилүү болуп чыга келет. Жаралган маселени чечүү үчүн сиздин ордуңуз чоң. Туугандар сизге үмүт, ишеним артышат. Жылдыздар сизден токтоолукту, сабырдуулукту талап кылат. Бирөө сизди өз пайдасына колдонуп кетишинен сак болуңуз. Ийгиликтүү сатып алуулар болот.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 18-24-ноябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан