УКТАП КАЛГАН АДАМДЫ ТИРҮҮЛӨЙ КӨМҮП САЛЫШТЫ

Индиянын Коимбатур шаарында куруучулар уктап жаткан адамды байкабай аны топурак менен көмүп салышкан. Мындай маалыматты Индиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, куруучулар эстакаданын аймагын жашылдандыруу үчүн гүл отургузууга жай даярдап жатышкан. Топурак төшөлчү жерде уктап жаткан адамды байкабастан аны көмүп салышкан. 2 күндөн кийин аталган жайдын бетин тегиздөө учурунда топурактын арасынан белгисиз адамдын жансыз денесин табышкан. Учурда анын аты-жөнү тактала элек. Ал эми полиция кызматынын божомолуна караганда, ал мас абалда болгон. Маркум уктап жаткан аймактан спирт ичимдигинин бөтөлкөлөрү табылган.


Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Dembele84
2019-11-18 10:03:30
Бывает
+1
Kuba-savai87
2019-11-18 11:40:31
Ботолко табылса эле ошол ичкен болобу
+8
Gospozhatsetok
2019-11-18 20:21:58
Азыр ботолколор каерде табылбайт экен?
+7
bbek
2019-11-19 13:16:11
ажалы жеткен да
0
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан