Нуркыз Кожонова, ырчы: «ЖОЛДОШУМДУ БИР КӨРҮП ЖАКТЫРДЫМ»

Ырчы Нуркыз Кожонова 7-ноябрь күнү турмушка чыкты. Жашоосунун жаңы барагын ачып, учурда келиндик кызматын өтөп жүргөн ырчы менен байланыштык.

– Нуркыз, тууруңуз бекем болсун! Алгач жолдошуңуз менен кантип таанышып калганыңызды сурайын.

– Рахмат! Биз ушул жайда Алматыда таанышканбыз. Курбу кыздарым менен тамак ичели деп кафеге кирип, ошол жерден таанышып калганбыз. Мага болочок жолдошум бир көргөндө эле жаккан. Ал да мага сүйүүсүн арнады. Экөөбүз бир ай кыз-жигит катары сүйлөшкөндөн кийин баш кошуу чечимине келдик. 7-ноябрда Таш-Көмүрдө кыз узатуу тою өттү. Жакында заманбап тоюбузду өткөрөлү деп турабыз.

– Жакшы. Келиндик доор кандай өтүп жатат?

– Мурдагыдай телефон кармабай калат экенсиң. Ашкана деген жаңы кеңсең болот экен. Ошол жакта эртеден кечке тикеден тик туруп жумуш кылышың керек. Колумдан келген кызматты кылып жатам. Жеңелерим жардам берип жатышат. Кыз кишиге башка бүлөгө көнүш кыйын болот да. Менин кайненем менен кайнатам түшүнүктүү адамдар. Жакшы кабыл алышып, бат эле өздөрүнө имерип алышты. Үй-бүлөлүк жашоо, сүйүктүүмдүн дайыма жанымда болуп, мени ойлоп, камкордук кылганы мага жагып жатат.

– Ошол колдоочу, коргоочуңузду окурмандарга тааныштыра кетиңизчи...

– Жолдошум менден 4 жаш улуу. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын кулуну. Аты Эмил. Өзү ишкердик менен алектенет. Жумушуна байланыштуу бирде Алматыда, бирде Бишкекте жүргөндүктөн, эми биз эки шаарда жашайбыз.

– Бактылуу болуңуздар!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aiba_00
2019-11-18 09:45:04
Ким Бул? Алып баруучубу же ырчыбы? тааныбайт экем чынында.
+4
Paprikafm
2019-11-18 09:55:46
Айттырбай айттырбай телефон чалып тур дегенби
0
Aysuluu95
2019-11-18 10:04:35
Бактылуу болгула)
+2
bermet104
2019-11-18 10:23:07
Чынгыз Турдубеков мн кыз жигит деп ушул эле гезитке чыкты эле... Бактылуу болсун негизгиси!
+6
Meryem77
2019-11-18 17:14:19
Ким бул???!таштан дагы ырчы көп..!
+5
Gospozhatsetok
2019-11-18 20:27:50
Таш ыргытсан ырчынын башында тие турган болду го. Анын ичинде 90% саны бар сапаты жоктор.Жалтырак койнок кийип алып, койкондоп элдин алдын чыга алгандардын баары эле ырчымын деп чыга келди го чиркин
+3
pero5184
2019-11-18 23:29:33
Колунан келгендер чыга берсин , элдин алдында эки ооз сүйлөй албагандар да бар
0
Nur777
2019-11-19 00:32:20
Тиги башындагы букет укунун ордунабы же башына туура келип калганбы?
Бактылуу болсун не болсо да,акыры кыргыз кыз кыргыз жигитке чыгып кыргыздын тукумун улап,санын кобойтот,итак эле жалгыз бой кыз-келиндер коп...
+4
Gul_gulum
2019-11-21 13:03:09
Nur777, букет окшойт
0
mikana
2019-11-24 08:27:34
Nur777,ал аркы столдогу гүл болуп турат го.
Бактылуу болгула,мен деле тааныбайм. Бирок жакшы сөз жакшы да.
0
Stervamyn
2019-11-19 20:53:18
Чындап биринчи корушум мындай ырчыны.
+4
Shokoladka94
2019-11-21 08:58:48
Чынгыз менен кыз-жигит деп чыккан кыздпр куйоого кетип, Турдубеков дагы эле журот го
+3
Eliza83
2019-11-21 11:39:16
Жолдошунун ичи кантет челкейип... Кичине спорт менен алек болуп коюшса эркектер... А так бактылуу болгула.
+3
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан