СЕЙДАНА МАЙЫ КАНДАЙ ООРУЛАРДАН АРЫЛТАТ?

Учурда эл ичинде сейдана майы менен дарылануу кеңири жайылууда. Андыктан анын пайдасы, зыяны тууралуу изилдеп көрдүк.

Сейдана – (орусчасы чернушка посевная, чёрный тмин, аталыштары калинджи, седана, кара сейдана, рим кореандры) боюнун бийиктиги 10-40 сантиметр келген айдалма жана жапайы түрүндө өсүүчү өсүмдүк.

Мекени – Түштүк-Батыш Азия жана Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөр. Кыргызстандын түштүк жергесинде да өсөт. Негизинен уругу жана андан алынган майы колдонулат.

ХИМИЯЛЫК КУРАМЫ

Курамы кальций, темир, жез, фосфор, калий, магний, марганец, цинк, селен, бор, йод, витаминдер – E, A, D, C, B1, B2, B4, B6, олеин жана линолен май кычкылдары, эфир майы, бета-коротин жана башкалардан турат.

КОЛДОНУЛУШУ

Тамак-ашта

Уругу суусундуктарды, нан жана кондитердик азыктарды жасоодо, бадыраң, капуста туздоодо колдонулат. Кулинарияда татымал катары пайдаланылат.

Медицинада майы дары болуп эсептелбейт

Майы оорулардан айыгууга түрткү болот жана оорулардын алдын алууга жардам берет деп гана айтылат. Майдын муздатуу менен сыгылып алынганын (курамындагы пайдалуу заттар сакталат) жана башка заттар кошулбаганын колдонуу кажет.

Майынын элдик медицинада колдонулушу

  • Тери оорулары, бронхит, геморрой (сезгенүүнү азайтат)
  • Ашказан, ичеги, боордун иштешин жакшыртат
  • Кан тамырлардын серпилгичтигин жогорулатат
  • Атеросклероздун алдын алат (кандын курамындагы холестериндин өлчөмүн азайтуу менен)
  • Уйкусуздук жана теридеги, ичтеги курттардан арылуу
  • Ич катуу (ичти жумшартат)
  • Бөйрөк жана табарсык оорулары (заара кубалайт, сезгенүүнү азайтат)
  • Арыктоо (курамындагылар ток кармайт, ууларды чыгарат)
  • Эс-тутумду, көрүүнү жакшыртат
  • Картаюунун алдын алат
  • Майы жана уругу иммунитетти көтөрөт, бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтөт

Уругунун элдик медицинада колдонулушу

  • Ашказан-ичегинин иштешин жакшыртат
  • Өттүн нормада иштелип чыгышын шарттайт
  • Кызыл жүгүрүк, ич көбүү жана ич катууда колдонулат

Майынын косметологияда колдонулушу

Терини чымыр кылып, бырышты жазат, бырыштын алдын алат. Чачты өстүрөт, тырмактын абалын жакшыртат.

МАЙЫН, УРУГУН КОЛДОНУУГА БОЛБОЙ ТУРГАН УЧУРЛАР

  • Айрым элдик дарыгерлер майын 6 жаштан өткөн балдарга берүүгө болот дешет. Бирок врачтар балдарга берүүгө каршы. Анткени май организмине күч келтирет дешет.
  • Кош бойлууларга (жатынды жыйрылта тургандыктан бойдон козголуусу мүмкүн)
  • Төмөнкү кан басым
  • Гепатоз (боорду май басуу) оорусунда
  • Инфаркт, инсультка кабылгандар
  • Жоон ичегинин оорулары
  • Кычкылдуулугу жогору гастрит
  • Кант диабети
  • Бөйрөктүн, өттүн таш оорусу
  • Тромбофлебит оорусу
  • Органын алмаштыргандар

Эскертүү! Сейдана майы дары болуп эсептелбейт. Колдонуудан мурда врач менен кеңешүү керек. Эгер колдонууга уруксат берилсе, анда майды көрсөтмөлөрү боюнча колдонуу сунушталат.

КОСМЕТОЛОГИЯДА

Айнура Уезбаева, дерматолог-косметолог: «МАЙЫ БЕТ ТЕРИСИН ЖАШАРТЫП, НУРДАНТАТ»

– Сейдана майы теридеги чаң, майлуу жана углеводдуу тамак-аштардын таасиринен улам пайда болгон зыяндуу заттарды чыгарат.

Таза майын кургак жана аралашма бет терисине колдонууга болот. Бет териси жашарып, серпилгич тартып, майда бырыштар жазылып, нурданат. Айрым дүкөндөрдө сейдана майы кошулуп жасалган даяр кремдер бар. Аны колдонсо болот. Болбосо бетке арналган кремден ченеп алып, ага 1 тамчы май кошуп, сыйпоо керек. Таасири 3-4 ирет колдонгондон кийин билине баштайт.

Колдонуудан мурда майга аллергия барбы же жокпу текшерип алуу кажет. Ал үчүн кулактын артына майдан сыйпап, 30-40 мүнөттөй күтүү керек. Эгер тери кызарып чыкпаса, кычышпаса колдонууга болот.

Майлуу беттерге, аллергиктерге, өтө сезимтал терилүүлөргө болбойт. Бүдүрлөр же аллергия чыгып, бет бузулат.

Чач түшө баштаганда майын чачка сыйпап, душка арналган баш кийимди кийип, 30 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп салуу зарыл.

Бет шишимик тартып калганда 100 грамм жылуу сууга 20 тамчысын кошуп бетти жууса, шишигени тарайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан