ОЛИМПИАДАГА ТАНДОО ОЮНДАРЫНДА КЫРГЫЗ ХОККЕЙЧИЛЕРИ КЕЗЕКТЕГИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Люксембургда хоккей боюнча кышкы Олимпиада оюндарына тандоо оюндары өтүп, ага Кыргыз өлкөсү да катышкан.

Тандоо туруна Люксембург, Босния жана Герцеговина, Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз хоккейчилери катышкан. Улуттук курама команданын оюнчулары Люксембург менен БАЭни жеңип, кийинки баскычка жолдомо алган.

Мелдештин 3-турдук оюндарында Кыргыз өлкөсү Босния менен ойноп, 15:3 эсебинде жеңишке жетти.

Кышкы Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдеши декабрь айында Румынияда өтөт. Анда хоккей боюнча Улуттук курама команда Румыния, Израиль жана Исландия менен оюн өткөрөт.

Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-11-18 10:43:33
Жакшы,азаматтар
Олимпиадага чыгышынарга тилектешмин.
+1
Sajakat14
2019-11-22 19:00:33
Ааиий азаматтар! 15:3 деген кандай гана сонун утуш! Куттуктайм кыргыз хоккейчилерин!!! Азаматтар!
+2
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан