Акыркы жылдары эркектердин жаш узактыгы аялдардыкына караганда 7-10 жылга азайып кеткени маалым. Ал эле эмес урологиялык оорулар менен ооругандардын, жыныстык жактан алсыздардын саны да өсүп барат. Бул жаатта медицина илимдеринин доктору, Урология илим изилдөө борборунун директору Акылбек Усупбаев ой бөлүшөт.
“БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – СТРЕСС, ТАМЕКИ ЧЕГҮҮ”
Жыныстык жактан алсыз жана шал болууга 35-40 жаштан тарта кездешип жатышат. Семирүү жана аз кыймылдуулукта жыныстык гормондор аз иштелип чыгып калат. Тамеки чеккенде кан тамырлар ичкерет да, кан айлануу, анын ичинде жыныстык мүчөлөрдөгү кан айлануу бузулат. Ичкиликти көп ичкенде алкоголь нерв системинин иштөөсүнө терс таасирин берип, жыныстык функцияны бузуп, алсыздыкты, кийин шалдыкты жаратат. Жыныстык жактан алсыздыктын келип чыгуу себебине жараша дарылоо ыкмалары колдонулат.
Мисалы, дары-дармектер жана хирургиялык жол менен дарылоо, массаж, дарылоочу физкультура, психотерапия. Кичи жамбашты жана жука чурайды массаждоодо кан жана зат айлануу жакшырып, кан тамырлар кеңейсе, дарылоочу физкультурада интимдик зонада керектүү булчуңдар чыңдалат. Хирургиялык операцияга фаллопластика операциясын жасоо кирет.
“СЕМИРҮҮ, ОТУРУП ИШТӨӨ РАККА ЖЕТКИРЕТ”
Эркектердин тукумсуз болуп калуусуна кант диабети, простатит, инфекциялык оорулар менен кошо гипогонадизм оорусу да жеткирет. Гипогонадизм эмне болгон дарт? Гипогонадизм – эркектин организминдеги тестостерон гормонунун иштелип чыкпай калышы же азайып кетиши. Аталган гормон урук безинде иштелип чыгат жана эркекке эркектик касиеттерди берет. Тестостерондун жетишсиздиги же иштелип чыкпашы урук безинин жаракатка кабылышынан, инфекциядан, варикоцеле (жумуртка баштыкчасындагы вена кан тамырынын кеңейип кетиши) жана крипторхизм оорусунан, эн безинин тубаса жок болушу же өспөй калуусунан болот. Крипторхизм – туулганда эле 2 жумуртканын же бирөөсүнүн жумуртка баштыкчасында болбой, ич көңдөйдө же жука чурай каналында калып калышы. Ушундан улам жумурткаларга доо кетип, кийин тестостерон гормону аз бөлүнүп чыгат же чыкпай калат.
Чоңдордогу тестостерондун жетишсиздигинин белгилери: эрекция начарлайт, булчуңдар кичирейет, майлар ичте жана капталда топтолот, сөөк борпоң тартат, түктөр аз өсүп, үн ичкерет. Кимде гипогонадизм оорусу бар болсо текшерилип, дарылануусу керек. Жумурткалар тубаса жок болсо анда айла жок. Кийин тукумсуз болуп калбашы үчүн эркек баланы туулганда эле урологго же хирургга текшертүү кажет.
“ЦИСТИТ ЭРКЕКТЕРДИН 15-20 ПАЙЫЗЫНДА КЕЗДЕШЕТ”
Эркекпи, аялбы заарасынын түсүнөн урологиялык кандай ооруга чалдыкканын биле алат. Башкача айтканда зааранын түсү – ден соолуктун күзгүсү. Зааранын түсү сары. Бирок тамак-ашка кошулган кызылча, сабиз, аспирин жана заара кубалоочу дарылардан улам заара кызгылтым же кызгылт-сары болуп калат. Эгер зааранын өңү күрөң болуп калса, анда гломерулонефрит оорусу бар. Гломерулонефрит – бөйрөктүн нефрондорунун (түйдөкчөлөр) сезгенип, кандын курамын чыпкалоо жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү.
Простатитте заара киргилт тартат, сүзүп жүргөн “жипчелер” байкалат. Заара түтүкчөсү жаракатка кабылганда, аденомада, бөйрөктүн жана табарсыктын таш оорусунда заара кан аралаш чыгат.
“ЭРКЕК ОТУРУП ЗААРА УШАТКАН ООРУ”
Гипоспадияда жыныстык мүчө кичинекей, кыйшык болот жана жумуртка баштыкчасында жайгашып калат. Ошондуктан жаңы туулганда жыныстык мүчө клитор катары кабыл алынып, баланын жынысы кыз деп жазылып калат.
Бир жолу биздин урологиялык борборго жашы 4 жана 6 жаштардагы 2 баланы алып келишкен. Алардын күбөлүгүндө кыз деп жазылып, экөө кыздардай болуп заара ушатып жүргөн. Бирок чоңоё башташканда эркек балдардын оюндарын ойноп, күрөшө башташкан. Текшергенде эркек экендиктери билинди. 2 этаптуу операция жасап, толук кандуу эркек кылып чыгарган соң күбөлүгүн алмаштырып, эркек деп жаздырышкан.
Кийинки кездерде бөйрөктүн эхинококкоз оорусу да кездешип жатат. 1 жылда 10 чакты адам кайрылат, көбү эркектер. Эхинококкоз мите курт оорусу жана көбүнчө иттен жугат. Операция жолу менен дарылап айыктырууга туура келет. Эгер ичинде мите курттар бар ыйлакчалар бөйрөккө жайылып кеткен болсо, бөйрөктү алып салууга туура келет. Андыктан ооруну жугузуудан сак болуу керек. Окурмандарга айтарым, ооруну башталганда сен тоготпой койсоң, кийин ал сени гана эмес, врачты да тоготпой коёт. Андыктан оорубаганга аракет кылып, ооруганда дароо текшерилип дарылануу кажет. Сергек жашоо образын карманып, жаман адаттардан арылуу зарыл.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg