Жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Дека ак өргөөлүү болушту. Жагымдуу жаңылыгы тууралуу Айдана Дека айтып берди:
– Аваз экөөбүз баш кошкондон бери батирди ижарага алып жашап жатканбыз. Анан “наристебиз төрөлгөнгө чейин өзүбүз үйлүү болуп калсак экен” деп ниеттенип жүргөнбүз. Аваз акча чогултуп, жайында Бишкектен 2 бөлмөлүү батир сатып алдык. Каражат жагынан жардам берген жокмун. Үйдү жасалгалоодо, эмеректерди тандоодо гана жардам бердим. Оңдоп-түзөө иштери ноябрь айында бүттү. Буюрса, үйгө кирип жашап жатабыз. Үйдүн ичин жасалгалоодо Аваз экөөбүздүн табитибиз туура келди. Экөөбүз тең ак түстү жактырат экенбиз.
Мындан тышкары жакында эле түгөйлөр кыздуу болорун жарыялашты. Бул кубанычтуу кабар тууралуу ырчы буларга токтолду.
– Мен УЗИге барып наристебиздин жынысын билип, аны Авазга сюрприз кылып айтайын деп ойлонуп жаткам. Бирок курбум андан да жакшы идея сунуштап калды. Бул сунуш боюнча курбу кызым гана наристенин жынысы тууралуу билип, Аваз экөөбүзгө сүйүнчүлөмөк. Дал ошондой кылдык. Биз балалуу болорубузга эле кубанып жатабыз. Кызбы, эркекпи, Кудай берген балага татыктуу ата-эне болгубуз келет.