МУРГАБДЫК КЫРГЫЗДАРДЫН КЕЛИН АЛЫП КЕЛҮҮ САЛТЫ

Кара-Балта шаарына келип отурукташып калган мургабдык (Тажикстан, Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусу)кыргыздардын бири Улукбүбү Жунусованын айтып бергени боюнча жазылды.

Кудалашып, калың берилгенден кийин жигиттин туугандары кызды алып келүүгө жөнөшөт. Кыздын үйүнө кирерден мурун жигиттин атасы уулунун башына ак чалма оройт (үй-бүлөлүк жашооң ак болсун деген ырым). Кыздын тою 3 күн болот. Нике окулгандан кийин бала тарап ала барган килем, төшөнчүсүн, кыз тарап кыздын себин күйөө-кыздын алдына салышат. Бийиктиги 1 метрдей болушу керек.

Кызды үйдөн чыгарганда элечек кийгизип, кызды бийик жерге тургузушат (дагара үстүнө же тепкичке). Апасы кыздын коюнуна 2 нан ороп салат. Бул “барган жериңде ток жүр, кайын журтуң да токчулукта, барчылыкта жашасын” деген тилек. Анан атасы кызынын белине чоң жоолук ороп, “белиң бекем болсун” дейт. “Оңго кайрыл” дегенде кыз оңго кайрылат. Атасы “кайындарың менен төркүнүңө тең бол” дейт. Анан “солго кайрыл” дейт. Кыз кайрылганда “сол жактагы душманды да, досту да эл кыл” дейт.

Кезек септи жүктөөгө келет. Сепке колдон согулган 2 килем менен 2 таар, 2 шырдак, 2 сандык, 12 жер төшөк, 6 жаздык, 12 даана артка жөлөнгүч, идиш-аяк, эмеректерди берет.

Келинди үйгө алып келгиче кайнене шөөла (күрүч тамак) жасап койгон болот. Келинге жоолук салып, оозуна май салгандан кийин келинге сабына кебез байланган кепкирди берет. Ал тамакты аралаштырат. Бул “эми бизге аралаштың, колуңда береке болсун” деген ырым.

Жаңы келин мургабдык кыргыздардагы кеңири таралган тамак түрлөрүн: боорсок, чий боорсок, каттама, олобо, кесме палоо, быжы, курут, жайган аш (жайылган камырды кеспей, кол менен үзүп салчу суюк тамак), жалчыма (майга нанды туурап мыкчыйт), куурма чай (унду майга кууруп, сууга бышырып, сүтүнө сүт же айран кошулат) жана башка тамактарды жасаганды билиши шарт. Мындан тышкары кичине балдарга коютмак тамагын бышыра алышы керек. Айранды чалып, бышкан сүттү кошуп, аралаштырсак коютмак болот. Кээ бирлер ойлогондой болуп бул ичти өткөрбөйт, тескерисинче, баланы бат ирдентип, ток кармайт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
voennyi88
2020-01-13 09:29:46
Ушул жактын кыздары менен таанышат окшоймун уйлонуш учун.
+8
AykaMer
2020-01-15 17:17:29
voennyi88,шөөла,жалчыма деп жыргайсын да))))))
+4
Kuyoo_bala
2020-01-19 22:20:42
Сут менен айранды аралаштырып дейби?
+1
№ 897, 9-15-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан