АНАНАСТЫН ПАЙДАСЫ
ТООК ЭТИ МЕНЕН АНАНАС
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 500 грамм
Күрүч – 250 грамм
Ананас – 4-5 кесим
Пияз – 1 баш
Кабак – 1 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Козу карын – 100 грамм
Соя соусу – 2 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тоок этин төрт чарчы, болгар калемпирин жана ананасты төрт чарчы формасында туурайбыз.
2. Кабак менен козу карынды туурасынан жука кесип алабыз. Ал эми пияз менен сарымсак майда тууралат.
3. Казанга өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде этти салып 7-8 мүнөт жай отто кууруйбуз.
4. Эми казанга пияз, андан соң калган жашылчалардын баарын салып 3-4 мүнөт кууруйбуз.
5. Жашылчалардын үстүнө татымына жараша туз, мурч себелеп, соя соусун куюп, ананасты салып бир аралаштырабыз да, капкагын жаап жай отто 10 мүнөт демдейбиз. Тамагыбыз даяр! Бул даамга гарнир катары сууга бышырылган күрүч ылайыктуу.
АНАНАС ЖАНА РУККОЛА САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Руккола – 50 грамм
Черри помидор – 6 даана
Тооктун төш эти – 100 грамм
Консерваланган ананас – 100 грамм
Жер жаңгак – 20 грамм
Пармезан – 10 грамм
Майонез – 1 аш кашык
Зайтун майы – 2 аш кашык
Бальзам уксусу – 1 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Тооктун төш этине туз, мурч себелеп, майонезден сүйкөп, 20 мүнөткө маринаддап коёбуз. Андан соң этти жука тилебиз. Көмөч казанга бир аз май куюп, этти кактап бышырып, чакан бөлүктөргө бөлөбүз.
2. Консерваланган ананастын кесимин 8, черри помидорун 4 бөлүккө бөлөбүз.
3. Жер жаңгакты майдалап алабыз.
4. Рукколаны таза жууп, суусун сарыктырабыз.
5. Чоң идишке жашылчалардын баарын салып, бальзам уксусун, зайтун майын, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Салат даяр!
6. Салатты тарелкага салып, үстүнө майдаланган жер жаңгакты жана сырды себелеп, дасторконго коёбуз.
АНАНАС ТОКОЧУ
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 500 грамм
Консерваланган ананас – 500 грамм
Кумшекер күкүмү – 15 грамм
Жумуртка – 1 даана
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Банкадан ананасты алып чыгып, кагаз майлык менен аарчып кургактайбыз. Андан соң аны кумшекер күкүмүнө оонатып алабыз.
2. Каттама камырды 0,5 миллиметр калыңдыкта жайып, туурасы 1 сантиметр болгон кесимдерге кесебиз.
3. Бул кесимдер менен ананастын мөмөсүн ороп чыгабыз. Ортосуна камырдан бир аз алып, тоголоктоп коюп коёбуз.
4. Токочту электр мешинин табасына тизип, бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүттөн себелеп, 200 градус ысыкта бети кызарганча бышырып алабыз.
5. Токоч муздаган соң бетине кумшекер күкүмүнөн себелеп, дасторконго коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg