"Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролун аткарып калың элге таанылган актриса Роза Азимбаева турмушка чыкты. Ал Баткенге келин болду. Бул жаңылыгы тууралуу актриса буларды айтып берди:
– “Бул жакта кесипкөй актрисалар жок” деп мени Баткен облустук музыкалык-драма театрына иштеп берүү үчүн чакырышкан. Бул чакыруу менен өтүп кеткен жылдын ноябрь айында Баткен театрына иштегени келгем. Жолдошум аталган театрда аранжировщик, үн режиссёру болуп иштейт экен. Экөөбүз таанышып, жылдызыбыз келишип, 1 ай сүйлөшкөндөн кийин эле баш кошуу чечимин кабыл алдык. 3-январь күнү мени Бишкектен Баткенге алып келишти. Заманбап үйлөнүү той тууралуу ойлонуп жатабыз. Азырынча качан болорун так айта албайбыз.
Жолдошум тууралуу айта кетсем, аты-жөнү Алтынбек Нажимидинов. Ал менден 8 жаш улуу, ушул айда 42 жашка чыгат,- дейт актриса.