Окурмандардан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Бул ирет сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун уролог-андрологу, сексолог Мирлан Айбашов жооп берет.
– Төшөк оюнунан оргазм албайм. Муну жолдошума айткандан уялам. Ал тургай эротикалык чекиттерим (зона) кайсы жеримде экендигин да билбейм. Андай чекиттер кайсы жерлерде жайгашкан? Оргазм албоого кайсы себептер жеткирет?
Элдана, 26 жашта, Бишкек
– Төшөк оюну оргазм менен аяктап, төшөктөгү өнөктөштү канааттандырышы керек. Оргазм албасаңыз, аны жолдошуңузга айтуунун уяты жок. Аялдардын делебесин козгоочу жерлери жыныс кынынын тили (клитор), эмчеги жана үрпү, оозу, моюну, киндиги, санынын ички беттери, жамбашы болуп эсептелет. Булардан тышкары эрогендик G жана U чекити бар. G чекити жыныс кынынын ичинде 1 сантиметр тереңдикте жайгашкан. Бул чекитти 1950-жылы немис гинекологу Эрнест Грэфенберг ачкан. Андыктан чекит ошол адамдын фамилиясынын баш тамгасынан аталат. U тамгасы англисче urеtral spot дегендин кыскартылганы, бизче “заара чыгаруучу каналдын чекити” деген маанини берет. Чекит «Скин бези» деп да аталат. Аял оргазмга жеткенде без суюктук бөлүп чыгарат. Суюктук болсо заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Аталган чекиттерге таасир этүү менен аялдарга жыргал сезим тартуулоого болот.
Оргазм албоого тукум куучулук, жыныстык органдардагы сезгенүү, гормоналдык бузулуулар, төрөттө жыныс кынынын айрылуусунан улам калган жаракаттар жана башкалар жеткирет. Андыктан жолдошуңуз экөөңүздөр тең сексологго барып, кеңеш алууңуздар керек.
“УРУКТУГУМ ӨЗ АЛДЫНЧА АГЫП КАЛАТ”
– Саламатсыздарбы? Кээде түндө уктап жатканда уруктугум өз алдынча агып калып жатат. Бул эмнеден жана зыяны жокпу?
Эрлан, 21 жашта, Ош
– Эркектерде түнкүсүн уруктугунун өз алдынча агып калуусу “поллюция” деп аталат. Көбүнчө өспүрүмдөрдө жана үйлөнө элек жигиттерде кездешет. Организм өзүндө иштелип чыккан уруктуктарды төшөк оюну жок кезде ошентип 3-4 күндө бир чыгарып турат. Эркектер убагында стабилдүү төшөк жашоосун баштабаса, уруктуктун өз алдынча агып калуусу жүрүп отуруп простатит оорусуна жеткирүүсү мүмкүн. Андыктан жыныстык катнашка барып туруу кажет.
“60 ЖАШТА БЕЛ КУБАТТЫ КАЛЫПКА КЕЛТИРСЕ БОЛОБУ?”
– Мен 60 жаштамын. Жыныстык жактан шалдыктан дарылансам болобу? Төшөк катнаштын токтоп калуусуна макул болгум келбейт.
Токон, Кара-Балта
– Улгайганда андропауза, ошондой эле аденома, простатит оорулары эркектин төшөк катнашына терс таасирин тийгизет. Учурда жакшы таасирин берген заманбап дары-дармектер бар. Алар менен бел кубатты жаш кездегидей кылып болбосо да канча бир даражада көтөрүүгө болот.
“КҮЙӨӨМДҮН ЭМЧЕГИ ЧЫГЫП БАРАТАТ”
– Менин күйөөм акыркы мезгилде толуп, эмчеги да бир аз чоңоюп баратат. Эмчегинин чоңоюшу оорунун белгиси эмеспи? Угушумча, эркектер да эмчектин рак оорусуна кабылат экен.
Диля, 37 жашта, Бишкек
– Эркек семирип баштаганда башка органдары менен кошо эмчеги да чоңоюп баштайт. Анын үстүнө эркектерде 45 жаштардан баштап андропауза башталат. Муну аялдардын климаксы катары түшүнсө болот. Эркекти эркек катары көрсөтүп турчу тестостерон гормону азайып, эстроген гормону көбөйүп, ичи менен эмчеги да чыгат. Андыктан жаш куракка карабай семирип кеткендер спорт менен алектенип, келбетине кам көрсө жакшы. Эркектер да эмчектин рак оорусу менен ооруйт. Бирок өтө сейрек кездешет.
“СУУЛАНЫП КЕТЕМ”
– Күйөөм менен жыргалга батканда “алигим” абдан сууланып кетет. Муну күйөөм жактырбайт. Башка келиндердики анча деле сууланбайт экен. Менде эмнеге мындай? Көп сууланбаш үчүн дары ичишим керекпи?
Гуля, 34 жашта, Баткен
– Аялдардын чоң жыныстык эриндеринин төмөнкү бөлүгүндөгү ички катмарда бир жуп бартолин бези бар. Алар жыныс кынынын ооз жагына жакын жерде жайгашат. Бездердин чоңдугу 0,5-1 сантиметрдей. Жыныстык катнаш болордо аял дүүлүгүп, делебеси козголгондо бездер майланышкан суюктук чыгарып, жыныс кынын нымдайт. Айрым аялдарда ошол бездер суюктукту көп иштеп чыгарат. Бул оору эмес, табигаттын жаратуусу. Муну эркек туура түшүнүүсү керек. Эч кандай дары ичүүнүн кереги жок.
“ПОРНОФИЛЬМДЕР ЖАРДАМ БЕРЕБИ?”
– Биз аялым экөөбүз көп жылдан бери чогуу жашайбыз. Сексуалдык жашообузду жандандырсак дейбиз. Буга порнофильмдер жардам бере алабы?
Абай, 50 жашта, Бишкек
– Эротикалык фильмдер убактылуу дүүлүгүүгө жеткирет. Негизи сексуалдык жашоону жандандыруу үчүн гормондорду текшертүү керек. Эгер гормондордон пролактин көбөйүп, тестостерон азайып кетсе, ошондой эле везикулит, простатит сыяктуу оорулар болсо, жыныстык катнаштын сапаты төмөндөйт. Андыктан текшерилип, дарылануу сунушталат. Аялыңыз да гинекологго текшерилип койсо жакшы.
“ЧОҢОЙТУУЧУ РЕЗИНАНЫН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?”
– Презервативге окшош атайын резиналар бар деп угам. Аны такса, жыныс мүчө 5-6 сантиметрге узарат экен. Ушул чынбы? Зыяны жокпу?
Эмил, 27 жашта,
Жалал-Абад
– Интимдик буюмдар сатчу дүкөндөрдө ошондой резина каптамалар бар. Алып колдонсо болот, зыяны жок.
“ПРЕЗЕРВАТИВ БҮТ ООРУЛАРДАН САКТАБАЙБЫ?”
– Айрым презервативдерден жыныстык жактан жугуучу оорулардын вирус, бактериялары өтүп кетет деп угам. Эмне үчүн жана кайсы оорулардыкы өтүп кетиши мүмкүн? Кандай презервативге ишенүүгө болот?
Кубан, 31 жашта, Бишкек
– Презервативдердин калыңы, жукалары болот. Алардын материалында микротешикчелери бар. Сапатсыз, арзандарында тешикчелер чоңураак болуп, андан айрым оорулардын өтө майда оору козгогучтары өтүп кетет. Мисалы ВИЧ, сифилистики. Андыктан презервативдердин сапаттуу, кымбатын алуу керек.
Кокустан болгон жыныстык катнашта презервативди чечпей туруп самындап жууп, анан чечүү керек. Бул презервативге жуккан оору козгогучтардын жыныстык органга кокустан түшүп калып, жугуусунун алдын алат.
Эч кимге ооз барып айта албаган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге erotika@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg