Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АТА-ЭНЕ БУТУНА ТУРА ЭЛЕК БАЛАГА ЖҮК БОЛБОШУ КЕРЕКПИ?

№906 12-18-март, 2020-ж


Жашоодо ар адамдын өз көз карашы, түшүнүгү бар. Бирок ата-эне менен балдардын турмушка көз карашы, түшүнүгү дал келбеген, ошонун айынан чыр чыккан учурлар көп. Редакцияга келген каттардын бириндеги каармандын окуясынан улам ата-эне жана алардын балага арткан жүгү, баланын ата-эне алдындагы милдети тууралуу кеп козгоону чечтик. Бул жагдай боюнча коомчулукта пикир ар кыл. Айрым белгилүү инсандардын пикирин угуп көрдүк.

“Кайненемдер жашообузга кийлигишет, дайыма акча сурашат”

– Жолдошум экөөбүз 10 жылдан бери чогуу жашайбыз, 3 балабыз бар. Мендеги маселе – кайненем менен кайнатамдын бизди тынч койбой, доомат артып “бизди багасыңар” дей беришкенинен улам бутубузга тура албай келе жатканыбыз. Биздин эмдигиче өз үйүбүз жок. Балдар болсо чоңоюп келе жатышат. Күйөөм болсо жакшы адам.

Түшүнүктүү болсун үчүн баарын башынан айтайын.

Күйөөм 2 бир тууган. Кайним үйлөнгөндөн кийин биз өзүбүзчө райондун борборуна батирге бөлүнүп чыкканбыз. Бирок кайнатамдар жашообузга кийлигишип, “эмне кылып жатасыңар, канча таап жатасыңар, ай сайын бизге акча бересиңер” дей беришти. Күйөөм берген акчага кайнатамдар үстүнө кошуп, “бизди ташыйт” деп кайниме машина алып берип коюшкан, үйлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Кайним улам аял кетирип отуруп, төртүнчү ирет үйлөндү. Кеткен аялдарынан 2 бала кайненемдин колунда калган. Кайним болсо сезондуу иштерге чыккан болот, калган учурда үйдө. Анын балдарын бакканга биз жардамдашышыбыз керек экен.

Кийин биз Бишкекке көчүп келип, батирге чыкканбыз. Мен балдар менен үйдөмүн. Кайнатамдар “балабыз бизди бакканга милдеттүү” деп каалаган учурунда чалып, акча сурашат. Салбай койсок урушушат же шаарга келгенде жаңжал чыгарышат. Түшүнөм, бала ата-энени багышы керек, бирок биздин өз үйүбүз жок, балдарыбыз менен көчүп-конуп жүрбөйбүзбү?! Акчанын айынан күйөөм ата-энеси менен көп урушчу болду. Кайнатам менен кайненемдин экөөнүн тең жогорку кан басым жана башка оорулары бар. Диета кармап, той-топурга азыраак барып, ден соолуктарыңарга карап жүрүңүздөр деп айталы десек бизди угушпайт. Күчтүү тамакты жешет, алыс-жакынына карабай той, шеринелерге барышат, айыл кыдырышат, анан оорушат. Бишкекке бизге келип “доктурга жаткыргыла, дарылаткыла” дешет.

Күйөөмдүн тапканы ошентип эч нерсеге жетпей карыздап жашайбыз. Кайнатамдар айылдагы биз там салабыз деп алган жер тилкени сатып, акчасын жок кылышкан. Оорубай шаарга жөн келген учурда деле кайненем “элдин балдарына окшоп кийим алып бербейсиң, курортко жибербейсиң” деп наалый берет.

Ата-эне үй-бүлөлүү, али бутуна тура элек баласына жүк болуп, кыйнаганы туурабы? Алар менен кантип тил табышып, абалды жөнгө салса болот?

Айжамал, 35 жашта, Бишкек


 

“Кыргыздар – ата-энени барктоонун үлгүсү”

Шайлообек Дүйшеев, акын:

– Кыргыздар илгертеден ата-энени сыйлоонун, барктоонун үлгүсү катары саналган улут. Кайната, кайненени сыйлап, урматтаган элбиз. Элибиздин менталитетине ата-энени бакпай коюу деген нерсе жат. Ата-эне баласын багып, чоңойтуп, окутат. Анан бала кантип ата-энесин карабай, материалдык жардам бербей коюшу керек? Баланын кичинесиндеги эркелеп кежирленгенине ата-эне чыдайт, бала деле карыган ата-эненин капризине чыдап коюшу керек.

Учурда балдарым иштеп бутуна туруп алсын деп неберелерин алып калып, үйү бала бакча болуп отурган кайнене, кайнаталар көп. Балдарынын багуусуна муктаж оорукчан ата-энелер да бар.

Кыскасы, ар кимдин жашоосу ар кандай. Бирөөнүн жашоосун жакындан билбей туруп ата-эне же бала антиши-минтиши керек деген туура эмес.

Бирок заман улам өзгөрүлүп, ошондон улам жаштардын жашоого көз карашы да өзгөрүлүүдө. Мисалы, “төрөбөйм, чай куйбайм” дегендер чыкты. Чай куйгандын эмнеси жаман, кайра келин бата алат.



“Той, айылдан калбаган ата-энеге бала акча берүүгө милдеттүү эмес”

Чубак Жалилов, аалым:

– Шариятта “эң жакшы адам үй-бүлөсүнө карамдуу адам” деп айтылат. Эгер уулу өз үй-бүлөсүн багып жатса сүйүнүп, тобо келтириш керек. Ата-эне үстүндө үйү, кийими бүтүн, дасторконунда наны болсо, ошого шүгүр кылып ысык чайын ичип, тынч отурсун, уул-келинине жүк болбой. “Эмерек алат элек же жаңы үй салат элек” деп уул-келинине банктан насыя алдыртып, анан аны “төлөп кутулгула” деп аларды чет жерде иштегенге айдап ийгендер бар. Айрымдары “силерге үй-жай кылып беребиз, барып акча тапкыла” деп жиберип ийишет да, акчаларын өздөрүнө коротуп, уул-келини акчадан жок калышат. Ошентип уруш-талаш чыгат, ажырашуулар болот. Элге мактануу, ашыкча дүйнө жыйноо үчүн уул-келинди, өзгөчө келинди кыйнап иштетүү, акчасын алуу – арам.

Ата-эне той, айыл, шеринеден калбай кыдырып жүрсө, анда алар өздөрүн эптей алат, аларга балдар акча берүүгө милдеттүү эмес. Балдар бутка турууга аракет кылуусу шарт.



“Багуу менен ата-эненин каприздери эки башка нерсе”

Самат Аалканов, психолог:

– Ооба, балдар ата-энени сыйлап, аларга кам көрүүбүз керек. Бирок алардын “каприздерин” аткаруу аларды багуу болуп эсептелеби, кеп ушунда.

Окурман жиберген каттан биз эмнени билип жатабыз? Өз жашоолоруна жоопкерчилик албаган ата-энени. Алар кежир, эрке балдарга окшош. Эгер бала “чипсы жейм, жумуш жасабайм, компьютерде ойнойм” десе эмне кыласыздар? Албетте, “зыяндуу эмес, пайдалуу тамакты же” деп урушуп, компьютерден алыстатууга аракет кыласыздар. Катта жазылган ата-эне да ушундай мүнөз көрсөтүп жатат. Алар тойго, айылга барып, ден соолуктарын ойлобой тамак жеп, андан ырахат алгылары келишет. Бирок акчаны максатсыз түгөткөндөрүн же ооруп калышса туура эмес тамактануудан оорусу козголгондугун моюндарына алгылары келбейт. Өз кызыкчылыктарын гана ойлошот. Балдарга кам көрүү, аларды сыйлоо дегенди арткы планга жылдырышкан. Алар башкалардан кем калабызбы деген көз карашты карманып, куру намыстын кулу болгондор.

Айжамал, сиз өзүңүздү курмандык катары эсептеп, кейип отура бербеңиз. Ата-энелер эски кишилер, аларды биз оңдой албайбыз (бирок ойлонушуп, сиздерди кыйнашпаса жакшы болмок). Өзүңүздөн бул жашоодон эмнени каалайм, эмнеге жетишишим керек деп сурап, ойлонуп көрүңүз. Аракет кылыңыз, ар тараптан өсүңүз. Күйөөңүздү карап отура бербей, үйдөн деле бир нерселерди жасап сатыңыз, акча табыңыз. Өз жашооңуздарды оңдоп кетүүгө далалат кылыңыз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(14)
16.03.2020. 12:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-09-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:23
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айылдап журуп тойго барып оруу ашырган ата эне кобойду. Балдардын акчасын сарамжалдуу иштетип буттарына турушуна жардам бериш керек. Эч кайсы бала ата энеден акча аябайт. Бирок жону жок акча кордолушунда эч ким каалабайт.
16.03.2020. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
05-04-2020 20:58
Жынысы:
Белгисиз
+10
Балдарынарды окуткула, бираз да билим алса ошол пайда. Жакшы окубаган бала, жакшы ата -энеда боло албайт экен. Себеби тушунугу кем.
16.03.2020. 14:23 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-03-2020
Соӊку аракети:
05-04-2020 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азыр кобундо эле ушундай акча сал эле дей берет кийим кече продукта той топурга да саласын анан эле Бир кун суйлонот уйду курбайсынарбы элдер не дейт деп
16.03.2020. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
05-04-2020 21:37
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эксперт болгон аналиктеринер биринчи оздору ата энелерин карайт бекен? Сурадынарбы?
17.03.2020. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
31-12-2016
Соӊку аракети:
03-04-2020 21:50
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бул жерде жакшы жашагысы келсе келин деле иштесин! Ата энесине баласы каралашышы керек. Ошол койнунда жаөкан күйөөңдү ата энеси чоңойтуп, эмгеги сиңген кишилер. Маселе бир жактуу. Менимче келини эле кошуп, ташып арызданып чыкты. Ата эне түбөлүктүү эмес. Келинди иште, бизге акча сал дебеген соң жашап жүргөн жашоосун улантып, тынч эле отура бериш к.к
18.03.2020. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата энени караш керек, муктаж болсо акчадан кайрылса болот.Ошол эле учурда ата-эне да акчаны туура эмес жака короткону туура эмес .Ал акчаны табуу үчүн баласы да өмүрүн сарптады да , ал да өз балдарына кам көрүшү абзел.Кыргызстанда тойлор жадатты баарын тойлорду түп тамыры менен жок кылуу кепек
18.03.2020. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
12-03-2015
Соӊку аракети:
05-04-2020 21:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Польша
+6
Бутуна туруп, уй салбай журо берет. Жашы отуп кеткенде жумуш табыш кыйын. Анан кайра эле ушундай корунуш болот, озу баласына милдет кылып мен баккам эми сен бак деп. Ата эне баласы уй салып алганча сарамжалдуу болушса
18.03.2020. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-07-2014
Соӊку аракети:
03-04-2020 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бизде тойлорго биротоло тыйуу салып койсо болмок, аны баш оору кылбай
19.03.2020. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+7
BeStOne,ооба туура айтасыз азыр копчулук уй булодо ушул проблема тойго акча табыш керекдеген
19.03.2020. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба ата эне да тородум эми мени баксын деп балага жук уйуп коет,оз милдеттерин унутушат ошол баланы да жогорку билимдуу кылып,уй жайын расташып уйлошсо же уйлонсо буттарына турганча кайра жардам берсе азыр копчулугу жаштар оздору уй алып жатышат бирок ошол убакта кичине таап баштаса эле бергиле канча таап жатасынар деп акчаларын эсептей башташат кыйнабагылачы азыркы ата энендердин проблемами той, черный касса бири бири менен жарышып кийингилери келет башка балдар менен салыштыра беришет.
19.03.2020. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
05-04-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-3
Деге эле азыркы ата энелерге нааразы болсонор бул уят го деймин.Биздин заманда деле кыйынчылык болгон.Нолдон баштап турмуш курган жаштар коп болгон.Ал учурда уй салууга тилке берилбейт эле бирок уй алыш учун очредге туруп алдынкы ишчи болуп,алдыга умтулуп иштеп жашайт элек.Уй алыш учун оз кесибибизди таштап,экоолоп оор иште иштегендер коп болгон.Ишибиз оор болуп балдарды озубуз багып,кайын журтун да эркелигин которор элек.Эми ошол жаштар карып пенсия жашына жеттик.Менин замандаштарымдын кимисине
19.03.2020. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
05-04-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-3
Барба уйундо эн эле жок дегенде 2-4 чейин небере колунда келин жок.Тордо балпайып чай ичип отурар кезинде заман озгоруп,кемпир келин болуп казан кармап,балдарды багып оор турмуш кечируудо.Мен коп эле байкайм болбосо угам Россияга барбаган уул келин пенсия андып эненин колун карайт.Той аштарга барып ооруду деген созун дагы туура корбодум.Ар ким ооруса озуно кыйын эч качан келини кошо оорубайт.Ар ким озунун жанын ойлойт.Ата эне деле жинди эмес кассаны да пенсиясына чамалап ойнойт.Жазган келиндин с
19.03.2020. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
05-04-2020 20:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-2
созу бир жактык,берки жакты укканда анан сын айтпасак бир жакты угуп ата энени кунооло бул туура эмес.Мен дайыма замандаштарыма боорум ооруйт.Жаш кезинде мээнетти кылып,карганда доолотту корбой,балдарга бакча болуп,кир когун жууп,казан кармап билген келин билип ушу кайненеме рахмат деп билбегени кылат да небереси деп силкинип текебер суйлоп...
Кайран кана замандаштарым ай туйшук менен келип
туйшук менен кетер бекенбиз...
Мээнети билер бала,келин болсо 10 болсо да билбегени 100
20.03.2020. 12:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
31-03-2020 12:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
айдан айга кредит толоп журсон..алтын шакек алып бер деген да кайненешкалар бар..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23792;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: