Архив
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: "МЕН ДА МИГРАНТ БОЛГОМ"№906 12-18-март, 2020-ж
– Салам, Гүлназ! Бүгүн таң эрте Москвада өткөн гастролдук сапардан келиптирсиң. Кандай келип алдың? – Салам! Рахмат. Кудайга шүгүр, жакшы келип алдык. Гастролдук сапарга чакыруу менен бардык. Уюштуруучулар 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата 3 күндүк концерттик программа сунуштап, Дайыр акеге (ред.: Исмадияров) байланышкан экен. Ал мага сунуштаганда дароо эле макул болдум. Бул сунушка чейин 1-2 чакыруу бар эле, аларга шартыбызды түшүндүрүп, жөнөп кеттик. Буга чейин да Нурлан Насип, Данияр Эрматовдор менен конок катары барып ырдап келгем. Бирок бул ирет атайын чакыруу менен барып жатканыбызга бир аз толкундандым. “Эл келбей койсо кантебиз?” деген ой мени көбүрөөк кыжалат кылып жатты. Социалдык баракчабыз аркылуу “жөнөп жатабыз” деп көкүрөк каккылап алгандан кийин ошого жараша отчёт бериш керек да (күлүп). Жыйынтыгында мен элестеткенден да сонун болду. Эл чын дили менен белектерин, гүлдөрүн камдап алып күтүп алышты. Ырчылык менен алектене баштаганымдан бери эки жыл өттү. Бул убакыт аралыгында жасаган эмгегим аз да болсо элге жетип жаткан экен деп өзүмө-өзүм “азаматсың, Гүлназ!” деп койдум. Эки жылда кыйратып жибердим дегенден алысмын, бирок эмгегим алгачкы жемиштерин бере баштады.
– Кээ бир концерттерге барып калганымда "эмнеге эл колдоп-коштоп отурбайт?" деп ойлоно берчүмүн. Москвада жашап, иштеп жүргөн мекендештерибиздин алдында ырдоодон ырахат алдым. Абдан колдошот. Жүзүнө карасаң, мекенге болгон сагынычын көрөсүң. Кезинде мигранттын тагдыры менин да башымдан өткөн. Алардын сезимин, сагынычын жакшы түшүнөм. – “Мигранттын тагдыры башымдан өткөн” деп калдың... – Ооба, эл катары мен дагы материалдык максаттарды көздөп Орусияда иштеп келгем, мен да мигрант болгом. Москвада официант болуп иштеп, мигранттын турмушун кечиргем. 1-2 кишиге ылайык кичинекей бөлмөдө 7-8 киши жашачубуз. Жуунууга, тамактанууга кезекке туруп калчубуз. Ал эч нерсе эмес, күтүүсүздөн көп адам жашап жатканыбыз билинип калып, ал бөлмөдөн да чыгарып жиберишкен. Кийим-кечең менен көчөдө калып, кайра эле тыгын бөлмөлөрдөн орун тапкыча түнөп кетүү үчүн кең Москвада тууган издеп калган учурлар болгон. Эми ал жакка эч ким кененчиликте жашап, жашоодон ырахат алайын деп барбайт да. Физикалык жактан гана эмес, жан дүйнөң да кысылып жашайсың. Жумушта дагы жалаң орус кыздардын арасында эки эле кыргыз кыз иштечүбүз. Сырттан билинбегени менен, басмырлоо байкалып эле турчу. Эң катаал кардарлар келгенде “Гуля, иди” деп мага берип коюшар эле. Чыдамкаймын да, баарын күлүп жайгарып койчумун. Англис тилин башкалардан жакшы билгендиктен чет элдик кардарлар келгенде да мен тейлеп, жок дегенде ошол жагынан аброюм көтөрүлүп, чай пулду көбүрөөк алып кыйын болуп калчумун (күлүп). Кийин Екатеринбургда, Казакстанда иштедим, айтор, башында айтып кеткендей, мигранттын турмушу мага жакшы тааныш.
– Кыйратып жибердим дегенден алысмын, бирок “үй алышым керек” деген максат менен баргам. Чет жакта иштеп жүрүп тапкандарымды чогултуп, Оштон 1 бөлмөлүү батир сатып алгам. Ошто эле жашайм деп ойлогом, бирок чыгармачылыкка аралашкандан кийин борбордо иштөө ыңгайлуу болгонуна байланыштуу учурда Бишкекте жашап жатам. – Кепти чыгармачылык жааттан уласак. Жакын арада сенден жаңы ыр күтөлүбү? – Ооба, 2 күндөн кийин “Сагынарсың дагы” деп аталган жаңы ырыма клип тартуу иштерин баштаганы турабыз. Буюрса, буга чейинки ырларымдан, клиптеримден айырмаланган ыр болот. Бул ыр убагында ишенген адамынан көңүлү калган ырчы кыздын жашоосу тууралуу. Ырдын мазмуну, клиптин сюжети жеке жашоомо да окшошуп турат десем болот. Чыгарманы кыргыз жана казак тилдеринде аткарып, эки өлкөдөгү күйөрмандарыма багыттап жатам. – Жеке жашооң тууралуу көп айта бербейсиң... – Ооба, эл мени чыгармачылык аркылуу тааныган соң, жашоомдо эмне болгонун айтуунун кажети жок деп ойлойм. Апам дагы “сенин жан дүйнөң назик, жеке жашооңду элге салып берсең, ар түрдүү пикир айтылат. Аны сен көтөрө албайсың” деп калат. Турмуш мени кандай гана калчабасын, бардык нерсени позитив менен жеңүүгө аракет кылган адаммын. Жашоонун далай сыноолоруна кабылдым. Кайра эле белди бекем бууп, өзүмө-өзүм дем берип, күчтүүлүгүмө салып баарын жеңип келе жатам. – Бой жеткени бир топ түйшүктүн жүгүн көтөрүүгө жетишиптирсиң. Капарсыз балалык кандай өткөн? – Ата-энем жөнөкөй мугалимдер. Алты баласына бактылуу балалык тартуулап, татыктуу тарбия берип, баарыбызды жогорку окуу жайга окутушту. Эжелеримдин кийимин кийип, талаа иштеринде иштеп, айылдык турмушта чоңойгонум менен, ошол кез жүрөгүмө жагымдуу жылуулук тартуулайт. – Ырчы Дайыр Исмадияров бизге берген маегинде “Гүлназ мени жакшы нукка буруп жатат” деди эле. Ортодо кыз-жигит мамилеңер барбы? – Керек болсо бир туугандарым да "кыз-жигитсиңерби?" деп сурай беришет. Дайыр аке экөөбүздүн ортобузда кээде бул темада тамаша сөздөр болуп калат. Бирок ортобузда олуттуу мамиле жок. Анын мага болгон кандай сезимдери бар экенин билбейм. Эгер жылуу сезимдери болсо байкалмак да (күлүп). Ооба, жакшы сырдашабыз. Ал мени “чоң эне” деп коёт. Эл эмне дейт деген нерсеге жакыныраакмын. Андыктан “андай болбойт, мындай болбойт” деп турам. Байке катары анын кеңештерин угам, алым жеткен жерден кеңешимди айтам дегендей. – Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм! Чолпон Cүйүнбаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(13)
mirana9395
![]()
16.03.2020. 10:19
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
26-01-2021 13:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+6
Ортонордо чын эле Бир мамиле бардайго...
erkeleim
![]()
21.03.2020. 15:41
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
25-01-2021 22:21
Жынысы:
Белгисиз
0
mirana9395,Гулназ турмушка чыкканго. Мамиле болушу мумкун эмес.
Mekusi
![]()
16.03.2020. 11:28
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
10-06-2020 18:27
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага баары бир...
katerina.li
![]()
16.03.2020. 11:38
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
09-01-2021 15:02
Жынысы:
Белгисиз
+8
Mekusi,мага дагы
Ananaska
![]()
16.03.2020. 12:31
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-09-2019
Соӊку аракети:
27-01-2021 22:26
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мигрант болбогон эл калбады окшойт
Aijamal_95
![]()
16.03.2020. 13:25
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
30-05-2014
Соӊку аракети:
25-01-2021 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Жалал абад
0
Ушул эжени оло жакшы кором. Бактылуу болун
Tolik777
![]()
16.03.2020. 16:24
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
28-10-2020 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aijamal_95,Бактылуу болунуз десен.
mela
![]()
16.03.2020. 15:05
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
348
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
27-01-2021 20:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дайыр аке?Экоон тенсинер го. Аралыгы 200метр болгон 2мектепте окугансынар. Гулназ менен 1мектепте окугам.Аябай аракетчил,сабакты да жакшы окуган,маданий иш-чараларга да активдуу катышкан,ыр жазат эле озу.Мектептин президенти болчу. Мугалимдер жада калса директор Райым агай «Гулназ ,азамат»деп мактап турчу. Адашпасам англистилден олимпиадага да катышып журчу. Лондондон келген мугалимдер сабак отчу. Шайыр,эч ким урушпаган кыз эле.Женщина праздник.
meri.kg
![]()
17.03.2020. 08:10
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
18-01-2021 02:14
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы баардык суроолорго жеткиликтуу жооп бериптир. Чыгармачылыгында ийгиликтерди багынта бер
Nur777
![]()
18.03.2020. 19:36
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
27-01-2021 21:27
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кыз,жакшы адам деп ойлойм,тем более ата-энеси мугалимдер болсо жакшы тарбия алган да..Кандай мырзанын багын ачаар экен жаркылдак кыз))Бактылуу бол,азаматсын!
al-abu-kinesz
![]()
22.03.2020. 01:11
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
28-01-2021 00:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
0
Ушул кыздын кулагы менен козу жагат )).
nurka_85
![]()
22.03.2020. 11:36
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
27-01-2021 21:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
0
Кыздын 40 бар. Бактылуу бол, балдарыңдын өмүрлөрүн берсин!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|