Айпери Кубик кызы, ырчы: «КҮЙӨӨМДҮ БЕЙИШИМДИН АЧКЫЧЫ ДЕП ЭРКЕЛЕТЕМ»

Ырчы Айпери Кубик кызы күйөрмандарына 2 жылдан бери көрсөтпөй келген жолдошунун жүзүн көрсөттү. Бул кадамын улай жолдошу экөө чогуу биринчи болуп «Супер-Инфо» гезитине маек беришти. Бири-бирин өзгөчө эркелеткен жан шериктердин кызыктуу маегин сунуштайбыз.

Саламатсыздарбы? Айпери, буга чейин «жолдошумдун жүзүн көрсөтпөйм, аны элдин талкуусуна салгым келбейт» дечү элеңиз. Бул оюңуздан кайтууга эмне түрткү болду? Эмне өзгөрдү?

Айпери: – Саламатчылык. Эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону мен тууралуу ар кандай ушактар чыга берди. Андан сырткары «таанышып алалы» деп тийишип чалып, бойдок кыз сыңары мамиле кылган мырзалар да көп болду. Жолдошум, үй-бүлөм тууралуу жакшы да, жаман да комментарийлер жазылып жатты. «Күйөөңдү көрсөтчү» дегендер көбөйдү. Анан «чын эле элге жолдошумду көрүү кызыкпы?» деп ойлондум. Инстаграмдагы баракчама өзүмдүн сүрөтүмдү жүктөп, алдына «бул сүрөт 24 сааттын ичинде 100 миң лайк алса, 10 миңден ашык комментарий жазылса, жолдошумдун жүзүн көрсөтөм» деп жазып элге сөз бердим. Бирок жолдошумду көрүүгө кызыккандар мынчалык көп деп ойлогон эмесмин. 10 сааттын ичинде эле 10 миңден ашык комментарий жазылып, билдирүүм жарым миллиондон ашык каралды. Чын эле жолдошум элге кызык экен деп түшүндүм. Сөз бергенден кийин күйөрмандарымды алдабайын деп жолдошумдун сүрөтүн жүктөдүм. Жолдошумду бул кадамга көндүрүү оңой болгон жок.
Шухрат: – Ооба, мен элге көрүнгүм келген эмес. Эл көзүндө болууну жактырбайм. «Ишиңе мени аралаштырба» деп айтам. Бирок менин периштем элге сөз бериптир. Анын сөз бергени менин сөз бергеним. Мен сөзүмө турам.

Жакшы. Анда экөөңүздөрдүн сүйүү баяныңыздарды уксак. Качан, кайдан таанышкансыздар?
Ш.: – Айпери эл көзүндөгү адам эмеспи, мурунтан эле сыртынан жактырып жүрчүмүн. Экөөбүз жалпы тааныштарыбыз аркылуу таанышып, алгач ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. Жакындан тааныганда Айпери мага мурдагыдан да көбүрөөк жагып баштады. Көп жакшы сапаттарга ээ адам экен. Экөөбүздүн көз караштарыбыз дал келди. 3 ай кыз-жигит катары сүйлөшкөндөн кийин үйлөнүү сунушун киргиздим. Айпери ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып макулдугун берди.
А.: – Ооба, баары бир сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет да. «Шухрат менин жумушумду түшүнөбү, мен аны түшүнөмбү, кандай болот, чогуу жашап кете алабызбы?» деп көп ойлондум. Ал учурда экөөбүз тең акыл калчап кадам таштап калганбыз да. Бирок ушул адам менен бактылуу жашай аларыма көзүм жетип, макулдугумду бердим. Анан эле бир жумага жетпей ата-энеси куда түшүп келишти. Инстаграм баракчама дайыма жазып мактанып калам го, жолдошумдун ата-энеси жөнөкөй, жакшы адамдар. Менин ата-энем да аларды жакшы кабыл алышты. Атам мага «өз жашооңду өзүң чечесиң да» деп тандоону өзүмө калтырды. Минтип баары чечилип калгандан кийин гастролдоп кетип калдым. Келсем, Шухрат дагы сюрприз кылып, мени Египетке алып кетти. Ал жакта Шухраттын достору көп экен. Ошол себептен ал жакта чакан той кылып, бал айын өткөрүп келдик. Келгенден кийин бул жактан той берип, баш кошуп жашап калдык.

Шухрат сюрприз кылганды жакшы көрөт окшойт. Үйлөнүү сунушун да өзгөчө киргизсе керек?
А.: – Ооба, Шухрат романтик. Күтүүсүз жерден сюрприз жасаганды жакшы көрөт. Үйлөнүү сунушун да күтүүсүз киргизген. Ал күнү мен Москвадан концерт коюп келгем. Шухрат аэропорттон тосуп алып, үйгө жеткирип бараткан. Жолдон «кафеге кирип тамак ичели» деп калды. Мен «тамакты кийин шашпай ичели. Мен үйгө барайын, баламды сагындым» десем болбойт. Анан тартыша бербейин деп макул болдум. Кафеге кирип, биз барганга чейин эле дасторкон даярдалганын көрдүм. Анан эле Шухрат тизелеп отура калып «мага турмушка чыгасыңбы?» деп шакек сунду. Мен болсо жолдогу кийим менен элем, жүдөп да калгам. Эмне дээримди билбей эле дендароо болуп туруп калдым. Ойлонуп жатып шакекти алдым. Бирок жооп берген жокмун, жообун 3 күндөн кийин айттым.

Дагы кандай сюрприздер менен кубантат сизди?
А.: – Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндө укмуш сюрприздерди жасачу. Мисалы, каякта экенимди сурабай-этпей эле мен отурган жерге келип калчу. Бир жолу сулуулук салонунан чыксам, Шухрат мен жакшы көргөн фрезия гүлүн унаасынын эшигине кыстарып алып сыртта күтүп туруптур. Бир жолу Чоң-Алайда гастролдоп жүргөндө кечке маал экөөбүз телефондон сүйлөшкөнбүз. Кайда жүргөнүмдү айтып койсом, эртеси таңкы саат 6да ошол жакка келип алыптыр. «Эшикке чыксаң» дейт, чыксам маңдайымда турат. Сагындым деп Бишкектен Чоң-Алайга барып алыптыр, элестеткиле. Атамдар да бар болчу, ыңгайсыз болдум. Ушунча алыстан келсе, кайра кет деп да айта албайт экенсиң, же ал айылда мейманкана жок, сүйлөшүп отурганга кафе да жок. Атам ошондо Шухратты биринчи жолу көргөн. «Биз го тирилик деп жүрөбүз, сага эмне жок?» деп коёт атам. Анан бир күн кечке биз менен жүрүп, кечинде кайра кеткен. Ушул сыяктуу күтүүсүз жерден келе калып, белек бере калып сюрприз кылганды жакшы көрчү.

Азырчы?
А.: – Чогуу жашап жатканда сюрприздер анча окшошпой калат экен.

Анда романтик жолдошуңузду күйөрмандарыңыз менен тааныштырсаңыз.
А.: – Жолдошумдун аты-жөнү Шухрат Арапов. 1986-жылы Баткендин Сүлүктү шаарында туулган. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ичинде кири жок, бала кыял, бетке айткан, чечкиндүү жана өтө тамашакөй адам. Жолдошумда чыныгы мырзага тиешелүү бардык сапаттар бар. Айтканын жасайт. «Сага үйлөнөм» деди эле, дароо үйлөнүп алды (күлүп).

Шухрат, сиздин жүрөгүңүздү Айпери кайсы сапаттары менен багындырды? Анын элге таанымал адам болгону баш кошуу чечимиңизге таасирин тийгиздиби?
Ш.: – Мага Айперинин бардык сапаттары жагат. Ырчы болгону үйлөнүү чечимиме таасир берди деп айта албайм. Андай болсо өзүм кошо эл алдына чыгып мактанбайт белем. Мага жубайым адамдык сапаттары менен жагат.

Баары бир адамдар идеалдуу болбойт эмеспи. Бири-бириңиздердеги жактырбаган же өзгөрткүңөр келген сапаттар кайсылар?
А.: – Шухрат бат эле таарынып калат. Бирок бала кыял. Ошол себептен алдап койсо болот (күлүп). Ак көңүл, эч кимдин көңүлүн калтыргысы келбейт. Айрыкча досторун аябай жакшы көрөт. Муну жаман сапатка кошпойм. Бирок ушул сапатынын айынан бат эле алданып калат.
Ш.: – Мен Айперинин эч нерсесин өзгөртмөк эмесмин. Кандай болсо, ошондой жагат.
А.: – Көп мактаба, эл ишенбей коёт.
Ш.: – Жаным, чын эле азыр суроого жооп берейин деп ойлонуп отурсам, сенде жаман сапат жок экен. Жаман жагыңды ойлонуп таппай койдум.

Айпери, Инстаграмга «чогуу жашаган убакыт ичинде бир топ кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болду» деп жаздыңыз. Ал кандай түшүнбөстүктөр? Кантип жеңип өттүңүздөр?
А.: – Башында ал менин иш графигиме, мен анын жумушуна түшүнө албай талашып-тартыштык. Шухрат кызганчаак. Ошол кызганыч бир топ түшүнбөстүктөрдү жаратты. Бири-бирибизден көңүл бурууну талап кылып жатып түшүнбөстүктөр болду. Кантип жеңдим? Аял киши көп жерде сабырдуу болуп, унчукпай коюш керек экенин билдим. Талашып, «меники туура» дей бербей, эркек киши эмне десе макул болуп, акылга салып, тилди тыйып коюш керек экен. Сабырдуулук менен көп нерсеге жетсе болот тура.

Айпери маектеринин биринде «клип тартуу учурунда жолдошум жанымда жүрөт» деген эле. Шухрат, чын эле өтө кызганчаак окшойсуз?
Ш.: – Экөөбүз клип тартканда гана эмес, бардык жакта эле чогуу жүрөбүз. Мен жубайымды кызганбаганда кимди кызганам? Айпери кызгана турган кыз.

Айпери, бир маегиңизде «күйөөм экинчи аял алам десе, өзүм алып берем» дедиңиз. Ошондо сиз кызганбайсызбы?
А.: – Кантип кызганбай коём? Ал адамды эч кимге бербейм. Болгону ошол эфирде көрүүчүдөн ошондой суроо келген, өзүнө жараша жооп берип койдум. Мен жолдошума ишенем. Ал экинчи аял алам дебейт.

Шухрат, жубайыңыз кандай кожойке?
Ш.: – Жубайым мыкты кожойке. Тазалыкты катуу кармайт. Үйдүн чачылып жатканын жаман көрөт. Тамактын түрүн жасап берет.

Ар бир эле түгөй чогуу отуруп алып келечегин кыялданышса керек. Сиздер кандай жашоону кыялданасыздар?

А.: – Кыялдарыбыз тууралуу Шухрат айтып берсин. Ал мага караганда кыялкеч.

Ш.: – Мен табияттын коюнунда жашагым келет. Тоого жакын жерге жыгачтан үй куруп, карыганда кемпирим экөөбүз ошол үйдө жашасак, көп балабыз болсо жана алардын ар бири өз жолун таап кетсе деп кыялданам.

Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?

А.: – Мен жолдошумду бейишимдин ачкычы дейм. Кайнене-кайнатамдын, кайын журтумдун көзүнчө деле ошентип эркелете берем.

Ш.: – Периштем деп эркелетем.

Шухрат таарынчаак дедиңиз. Таарынычын кантип жазасыз?

А.: – Экөөбүз тең өжөрлөнүп, бири-бирибизге өчөшүп жүрө бербейбиз. Чарт-чурт болуп кетсек, кайра эле сүйлөшүп алабыз. Көпкө таарынып жүрө албайбыз.

Карантинде үйдө отуруп көпчүлүк жубайлар урушуп жатышканын айтышууда. Силерде карантин кандай өтүп жатат?

А.: – Көз тийбесин, бизде жакшы өтүп жатат. Тиричиликтик пикир келишпестиктер болуп турат. Бирок аны биз уруш деп эсептебейбиз. Бирок Шухрат карантинде деле иштеп жатат. Кечинде, коменданттык саат башталгыча үйгө келип калууда.

Үй-бүлөдө бакыт болушу үчүн эмне керек экен?

А.: – Адамды түшүнүп, укканды билиш керек деп ойлойм.

Ш.: – Шарият менен жашаса ар бир үй-бүлө бактылуу болот деп ойлойм. Мен да шарияттагы эрежелерге баш ийем. Айпери болсо мени сыйлап, жаманымды жашырып, жакшымды ашырган акылдуу аял.

Маегиңиздерге рахмат. Бактылуу болуңуздар!
 

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Bazana
2020-04-16 12:30:31
Туугандардан окшойт жолдошу.
+2
Jamalym
2020-04-18 16:54:14
Bazana,кыпкыргыз эле жигит.
+6
AykaMer
2020-04-16 13:38:50
Главный балдарды сеники меники деп бөлбөй бир тараптуу кылып тарбиялап чоңойтсо болду да.. Эне үчүн эң чоң бакыт ошол...
+13
pat12
2020-04-17 15:33:35
Красавица.
+6
AksyKum
2020-04-17 16:55:25
Шарияттын шсы жокго аялында.жубайлардын ортосундагы эркелетуу суйуу кочого айылчылап кетпей уйдо эле калганы жакшыго
-2
pat12
2020-04-17 17:08:22
AksyKum,
Шариятындын эч кимге кереги жок. Шарият бул арабтардын жашоо мыйзамы. Кыргыздарга шарыяттын кереги да жок. Шарияты жок эле эркин жашоого умтулуу керек.
-16
KaGaH
2020-04-17 17:54:39
pat12, астафирАлла Алла Таалам сага ыйман берсин!
+8
filis
2020-04-18 17:18:48
AksyKum,
Шарият сабатсыз молдолордун ойлоп чыгарып жаткан мыйзамдары.
-15
souza.j
2020-04-17 18:20:46
Ачкычы менен кундо ачып жатса. Анан бейиш дейсин да
+13
LadyB
2020-04-18 19:54:41
бактылуу болгула!
+3
suban78
2020-04-19 00:03:18
Бактылуу уй було болгула. Жузу жарык кыз да ушул Айпери. Ийгилик.
+2
Fartos
2020-04-19 09:15:10
бейишини ачкычтарвнын бироо эле болсо керек
0
Aiza-esenalieva
2020-04-19 09:54:31
Бейиштин ачкычы ЭНЕ!
+3
001KG
2020-05-17 04:07:04
Aiza-esenalieva, Эне эркектин ачкычы, күйөө аялдын ачыкычы!
+1
Birimdik5555
2020-04-19 13:58:54
Бактылуу болгула,куйоосу кыска анан орундуу жооп бериптир,туболгунор туз болсун
+4
akmanai
2020-04-19 20:09:39
Жакшы уй було экен! Бактылуу болушсун!
+1
rola
2020-04-20 14:34:29
Шарият менен жашаса,Айпери тойлордо ырдап акча табат экенда.
+2
Bakbai
2020-05-11 22:05:20
Бактылуу уй було
-1
Saitov79
2020-05-12 10:40:08
Бактылуу болгула . Шарият деп туура эле айткан. Пайгамбарыбыз жакшы суннот жашоону уйротуп кеткен,бактылуулук денсоолук баары Суннот жашоодо
+2
Altyn10076
2020-05-15 13:39:12
Ачкычы канчоо болду экен
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан