БАЛДАРГА КАТ

“Ата-эне жыл сайын балдардын келечегине насаат айтып кат жазып турушу керек” деп психологдор кеңеш беришет. Балаңыз бой жеткенде окуй турган катка анын кызыктуу, жагымдуу окуяларын, кыйынчылыктарын, тилектерин жазсаңыз болот. Албетте, балаңызга болгон сүйүүңүздү жазганды да унутпаңыз. Жыл сайын жазган каттарды сактап коюп, балаңыз 18 жашка чыкканда белек кылыңыз. Бул каттар сиздин сүйүүңүздү жана анын балалыгын эстетип турган баа жеткис белек болот. Биздин жылдыздар да 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарынын келечегине кат жазышты.

Каныкей, ырчы: «БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЖАКШЫ ОКУГУЛА»

– Уулум, кызым! Бул жашоодо силерге каалаарым – жаркын келечектин жана таттуу балалыктын кучагында болсоңор экен. Силерге айтар насаатым – эч качан бирөөнүн оокатына жана ооматына көз артпагыла! Кудай ар бир инсанды өз ырыскысы менен жараткан. Ошондуктан бирөөнүн маңдай тери менен табылган оокатына ээлик кылууга ашыкпагыла! Анткени буюрбайт! Адам эмгектен куралат жана эмгек аркылуу өзүн табат. Биринчи кезекте жакшы окугула. Анткени билимдүү адам эч качан кыянаттык кылбайт. Бой жеткени жумуш кылуудан качпагыла. Канчалык эмгектенсеңер ошончолук пайдасын көрөсүңөр. Эң негизги айтарым – “эч ким көрбөйт” деп катачылык кылуудан алыс болгула. Анткени Кудай бардыгын көрүп турат. Анан ата-эненин сөзүн ар дайым уккула. Ошондо бардыгы жакшы болот.

Актан Рыскелдиев, шоумен: «АПАҢАР ЭКӨӨБҮЗДҮН ҮМҮТҮБҮЗ СИЛЕРСИҢЕР»

– Уулдарым. Куйруктарым. Көлөкөлөрүм. Билинбей чоңоюп келе жатасыңар. Бири-бириңерди ойнотуп, күлдүрүп, кайра ыйлатып, кайра жарашып күнүңөр өтүүдө. Ушул күндөр бат өтүп жатканы өкүнүчтүү.

Бирөөңөр “атам меники!” дегенде экинчиңер “жок, меники!” деп. Мен болсо “мамаңар меники!” десем экөөң тең мени унутуп “жок, мама меники!” деп апаңарды кучактай калганыңарчы.

Азыртадан мээримдүүсүңөр, тил алчааксыңар, зээндүүсүңөр. Ушул сапаттардан Жаратканым айрыбасын, тескерисинче, дагы кошсун. Мейли, ар нерсе менен сынасын, ысык-суукту көрсөтсүн, чындык менен чыйралтсын. Эң башкысы, силер бой жеткиче адам кылып даярдасын.

Мен силерди азыр кээде катуу урушам, тентексиңер да. Ыйлайсыңар, таарынасыңар. Мен урушкандан ырахат албайм, кыйраттым дебейм. Ичим өрт болот, жүрөгүм канайт. Мен урушуп жатып алдыдагы жагымсыз нерселердин алдын алам деп ойлойм. Ошондуктан таарынычтан айткан “ата, сен жамансың!” деген сөзүңөр мага майдай жагат!

Силер биз үчүн эч нерсеге милдеттүү эмессиңер. Болгону таалайыбызга, тагдырыбызга берилген белексиңер. Силердин амандыгыңар эле биз үчүн баа жеткис, өлчөмү жок бакыт. Ошондуктан өзүңөр үчүн жашайсыңар, багытты өзүңөр тандайсыңар, өзүңөр ойлонуп, чечим чыгарып кадам таштайсыңар.

Оңой жашоо болот деп эч ким кепилдик бербейт. Эх, күтүлбөгөн сюрприздер, таң калтырган окуялар, жанды сууруган санаалар, ар кандай адамдар күтүп турат алдыда. Бардыгына даяр болгула! А бирок кандай болгон күндө да Жараткандын ыраазычылыгына умтулгула. Ошол нерсе адамды адам кылат!

Апаңар экөөбүздүн оюбуз, тилегибиз, үмүтүбүз силерсиңер. Жаныбызда бейкапар уктап жатып дагы бакыт тартуулайсыңар. Ушунча миллиард адамдардын арасынан биздин тагдырыбызга, таалайыбызга берилгенсиңер. Жашообуздагы эң башкы жетишкендигибиз, тапкан байлыгыбыз силерсиңер. Силер менен биз чыныгы адамбыз. Бизди күнүгө оңдоп, тарбия берип, туура жолду көрсөтүп жатканыңарды билбейсиңер. Силерге сүйүүбүз чексиз!

Назира Айтбекова, алпаруучу: «УУЛУМ, ЭЧ КИМДЕН КӨЗ КАРАНДЫ БОЛБО»

– Уулум, жарыгым, балдай таттуу балам, данегим, жашоомо келгениң үчүн рахмат! Периште жыттуум, турмуш оңой нерсе эмес. Таттуусун да, ачуусун да сунуп турат. Миң ирет мүдүрүлүп жыгыларсың. Миң ирет тизең канаар. Миң ирет башың шылкыйып, кадам таштоого каалооң жоголор, бирок, балам, билишиң керек болгон нерсе, оор күндөр алар чынында сонун күндөр. Ошол күндөр башыңа келген учурда чын жүрөгүңдөн рахмат айт! Алар сага жөн келген жок. Сабак үйрөтүү үчүн, сени чоңойтуш үчүн, сага бир нерсени айткысы келген үчүн келди. Кадам шилтей албай жатканда чуркатыш үчүн, рухуңду чоңойтуп, бышырыш үчүн келди. Жаман-жакшы деп адам баласы гана бөлүп алат. Чынында, андай нерсе деле жок. Баары нейтралдуу. Ага болгон көз карашыбыз гана бар. Ар кыл адам болот жаныңда. Бир күнү досуң кас болот, касың доско айланат. Көңүлүңдү оорутканы, канатыңды кайрыганы да болот. Аларды жашооңдун мугалими катары кара. Алар жөн гана сенин жакшы болушуңа, күчтүү болушуңа себепкер. Уулум, жарыгым, бүгүн жаныңда бармын. Тизеңди канатып келген сайын үйлөп, боорума басам, бирок апаң өмүр бою антпейт. Бир күнү уядан учар мезгилиң келет. Эркиндиктин даамы абдан сонун, балам. Ырахат алып, бийик уч! Жашоонун сонунун гана чыпкала. Бул дүйнөгө ырахат алыш үчүн, жыргаш үчүн келдиң! Мүңкүрөбө. Бул дүйнөнүн жарык тарабын көр. Даамын тат. Эч кимден көз каранды болбо. Апаңдан дагы. Эч кимден. Өзүңдүн ыңгайыңды түз. Сен каалагандай жаша! Жашооңдун барагына башка бирөөнүн сүрөт тартып кетишине уруксат бербе. Өзүң ээлик кыл жана өзүң сүйгөндөй кооздо. Оку, балам. Өзүңдү изилде. Сен чоң ааламсың. Ордуңду, максатыңды, жашооңдун маңызын тап. Сүй! Мен сени шартсыз, бар болгонуң үчүн сүйгөндөй, Жаратканды, өзүңдү, дүйнөнү, адамдарды, жаратылышты сүй. Көңүлүңө, көкүрөгүңө кир жугузба. Арамдык катпа, балам. Тазалыгыңды, аруулугуңду бийик тут! Адамгерчиликтүү бол! Мен сени жакшы көрөм, уулум! Ырас эле жашоомду кооздогону, мени эне кылып бактылуу кылганы, жытыңды жыттап, бейишке чыгарганы келипсиң! Сенсиз жашоо маанисиз, супсак болмок экен.

Расул Багышбаев, телеалпаруучу: «КАНДАЙ УЧУР БОЛБОСУН СИЛЕРДИН ЖАНЫҢАРДАМЫН»

– Мен жаралган дүйнө менен кошо жаралган, өмүрүмдүн тиреги, таалайымдын түнөгү болгон эки канатым, демим, данегим уулдарым Нурдан менен Султанга...

Менин ак сүйүүмдүн тамчылары, махабатымдын жемиши, Жараткандын берген белеги, асылдарым, балдарым.

Кыргызда баланын тулку боюнан жакшы дагы, жаман дагы касиеттерди байкаса, эң оболу ата тарбиясын көргөн, теги жакшы адам окшойт деп сыпаттайт. Анткени атасынын баласына калтырган эң чоң мурасы – анын жакшы тарбиясы. Атанын мектебинен учкан бала элине жамандык жасабашы керек. Ошондуктан мен силерге кайрылып, келечегиңерге кат жаздым.

Ата-эненин бере турган сүйүүсү силердин келечегиңер үчүн өзгөчө деп ойлойм. Анткени махабаттын эмне экенин сезип, бой жетсеңер, болочок жарыңар менен менин неберелеримди дагы ушул сезимге бөлөйсүңөр деп ишенем. Ааламга аралашкан алгачкы күнүңөрдөн эле ыйманыңар бийик, оюңар асыл, эмгегиңер адал болсо экен деп күн сайын Жараткандан тилеп келем. Акыл берейин, адеп берейин, максат, ишеним, дем, күч берейин деген аракетим ар күн сайын күчүндө. Силердин жалгыз эмес экендигиңерди күн сайын сездирип, кучагыма кысып, моюнуңардан жыттап эркелетем. Силер ата-теги, тууган-уругу, эли-жери, салты-наркы, тили, маданияты бар улуу элдин урпагы экениңерди кулагыңарга куюп келем.

Силердин жаштайыңардан жоопкерчиликти сезип, ийгиликтерге жетишиңерди каалайм, ал үчүн баарын жасайм. Кандай учур болбосун “мен сиздин үмүтүңүздү актай албадым” деген ой жебесин. Анткени мен силерге ар дайым ишенем.

Силерди башкалардын балдары менен эч убакта салыштырбайм. Бүткүл өмүрүңөрдү дагы өзгөлөрдөн ашып түшүүгө аракет кылып, жумшабагыла. Эл ичинде бир болгула. Бала бакчадан ыр жаттап келсеңер да, жаңы тамга үйрөнүп, сөздөрдү окуп калсаңар дагы мактанам, кичинекей ийгилигиңер үчүн дагы кубанам. Андыктан келечекте дагы мактоого арзыган ишиңер көп болсун.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-06-01 11:01:24
Кандай сонун сөздөр!Бала бакыт!Бала жашоо! Жакшы идея экен мен да кызыма ар жылы жакшы сөздөрүмдү жазып турам эми.
-1
Nurislam-Nuraiym
2020-06-06 16:11:28
Бала бакыт, бала тирек, козумдогу эки карек уулум, кызым силерди берген Аллахыма чексиз шугур, чексиз шугур Аллахым бар болгула эки дуйно бактылуу болгула канаттарым
0
№ 912, 28-май 3-июнь 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан