Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Нурлан Насип, ырчы: «ЖАКЫНДАРЫМА АЙТЫЛГАН КЕПТЕРДИ ООР КАБЫЛ АЛАМ»

№913 4-10-июнь, 2020-ж.


«Бир тууган» рубрикабызда бул жолу Нурлан Насип жана анын эжеси Элзада Насипбекова конокто. Белгилүү болгондой, Нурлан Насиптин эжеси да ырчылык өнөр жолуна аттанган. Эмесе, бир туугандардын сырын чогуу угалы.

– Саламатсыңарбы? Өлкө жаңыдан карантинден чыкты. Бул кырдаал силерге кандай таасир берди?

Нурлан Насип: – Менин чыгармачылыкка аралашканыма 10 жылдай болуп калды. Ошондон бери мынча узак убакытка эс ала элек элем. Үй жумуштарын кылып көрө элек экенмин, үйдөгүлөр менен чогуу отуруп тамактанбай калыптырмын. Ошондой нерселерден ырахат алып үйдө болдум. Терс жагы – паникага алдырат экенсиң.

Элзада Насипбекова: – Мен карантинде атамдардын үйүнө бара албай калган убакыт болду. Эки жолу араң барып келдик. Үйдө балам менен онлайн сабак окуп убакыт өткөрдүк.

– Элзада, ырдап чыгып калышыңа иниң Нурлан Насиптин салымы болдубу?

Э.Н.: – Ырчы болоюн деген максатым жок эле. Бирок адамда бир жашыруун каалоолор болот го, ичимден «мен да ыр жаздырып, үнүмдү угуп көрсөм» деген ниет турчу. Мурун комуз чертчүмүн, аны таштап койгом. Нурлан «ыр жаздырып көрбөйсүзбү?» деп калды. Анда деле ырчы болуп кетейин деп жаздырган эмесмин. Жакындарыбыздын тою болуп, ошого жаздырып көрөйүнчү дегем. Үнүмдү түшүргөндөн кийин Нурлан «жакшы ырдаптырсыз, ушул ырга клип тартып коёлу» деди. Тойдо ырдап калдым. Анан ММКлардан чалып «ырдап чыктыңбы?» деп сурай башташты. Ошентип башталып кетти. Мамлекеттик мекемеде, мектепте иштеп, шоу чөйрөдөн алыс болчумун.

Н.Н.: – Өзүм шоу чөйрөдө жүрүп, көп эле ыр жаздырып сын угуп бышып калбадымбы. Бир тууганың ыр жаздырып, элге таанылып жатса башкача толкундоо болот экен. Бир жагынан коркосуң. Карындашым да музыкалык окуу жайында окуп ырчы болом деп жатканда токтотуп койгон элем. «Үйдөгүлөрдөн мен эле ырдайын, кыз кишиге кыйын» деген ой болгон. Эжем музыкалык сабаты бар, аспаптарда ойнойт. Буюрса, жакшы эле болот.

– Асел Кадырбекова, Нурлан Насип, Элзада Насипбекова, бир үй-бүлөдө ушунча ырчы болгону кандай болот экен?

Э.Н.: – Асел экөөнүн ар бир кыймылы элдин көз алдында. Бул бир аз оор болуш керек. Мен өзүм деле анча аралашып кете элекмин да. Мен булардын сүрөттөрүнүн алдындагы комментарийлерди окуп алып кыйнала берчүмүн. Азыр көнүп калдым. Нурлан «эмне окуп жатасыз? Окубай эле коюңуз» дечү. Азыр мен апамдарга ошентип үйрөтүп калдым (күлүп).

Эми кыйын эле. Үй-бүлөдө ар түрдүү абалдар болот, элдики билинбей эле калат. Булардыкы эле элдин талкуусунда калат. Ошол үчүн абайлаш керек болот экен. Калганы жеңил эле, үйдө биз кадимкидей эле бир тууганбыз.

– Асел менен Нурландын жашоосу элдин эң көп талкуусунда калат. Түрдүү ушактар, ойлор жазылат. Жакындары катары бул талкууларды кантип аш кыласыңар?

Н.Н.: – Канча жылдан бери шоу-бизнесте жүрүп, мен өзүм жөнүндө ушактарга бышып деле калгам. Маани бербейм. Бирок келинчегиме, бир туугандарыма карата айтылган кептерди оор кабыл алам. Сөздөр сындырып коёт экен. Бул мушташтан да жаман нерсе. Анткени мушташып алсаң эс алып каласың. Ушак үчүн ким менен мушташып суумак элең? Ичиңден түтөй бересиң. Кээде дүкөнгө кирип калсам да «кандай болду эле?» деп сурап калышат. Мурун шоу-бизнесте жаңылыктар жалгыз «Супер-Инфодо» жазылчу. Азыр заман башка, ар бирибиздин колубузда телефон бар. Социалдык тармак бар. Башкаруу мүмкүн эмес. Апамдын кан басымы жогору, ошондон корком. Ата-энемдин экөөндө тең Инстаграм баракчасы бар, өзүм ачып бергем. Ошону бекер кылыптырмын деп ойлоп калам.

Э.Н.: – Ата-эне элдин талкуусун башкача кабыл алат экен. Апамдын мүнөзү жумшак, жүрөгү назик адам. «Бул нерселерге көзүбүздү жумуп койгонду үйрөнөлү» дейм. Атам кабатыр болгонун көп билгизбейт.

– Бир тууган Насиптер тууралуу айта кетсеңер...

Э.Н.: – Мен эң улуусумун. Менден бир жаш кичүү Руслан деген иним бар. Экөөбүз жакынбыз, азыр да коңшу жашайбыз. Андан кийин Нурзада деген сиңдим бар, ал Токтогулда турат. Ал Нурлан менен жакын, экөөнүн ортосу да бир жаш. Андан кийин кичүүбүз Чолпонай, ал дагы үй-бүлөлүү болду.

– Эл көзүндө Нурлан дайыма күлүп, жылмайып, элпек жигиттей көрүнөт. Үйдө кандай?

Э.Н.: – Элдин көзүндө кандай болсо ошондой эле. Түндө жүрө берип, күндүз уктаганы мени тынчсыздандырат. «Уйкуңду жөнгө салчы» деп көп айтам. Уйкучу, жалкоо. Сурооңдун жообун 5-6 күндөн кийин аласың.

Н.Н.: – Башында айтып кеткендей, мен чарчап калыптырмын, бирок карантин болбосо аны деле билбей жүрө бермек окшойм.Телефондон коңгуроо келсе заарканып, өзүмчө эле кызым менен болгум келип калыптыр. Көп учурда телефонду өчүрүп коём. Социалдык тармактардан алыстап, көп кирген жокмун. Чачымды да алдырдым. Эл талкууга алып жатып калышты. Ушундан көрө бир хит ыр жазсам, эл ошону талкууласа болмок (күлүп).

– Элзада, эми сиздин жеке жашооңузга келсек...

Э.Н.: – Жеке жашоомо келсек, балам экөөбүз жашайбыз. Турмушка чыгып, балам 2 жашка чыкканда жолдошум каза болуп калган. Азыр уулум 10 жашка чыгып калды. Уулум, анан жумушум бар. Балалуу болгондон кийин экинчи жолу турмушка чыгуу өтө кыйын. Муну башына келгендер түшүнсө керек. Туугандар «балаң да чоңоёт, жалгыз каласыңбы?» деп көп айтышат. Бирок мен балам менен башка үй-бүлөгө батып кетишти элестете албайм. «Баламды өгөйлөп койбойбу» деп эле кетенчиктей берем. Азыр жүрөк бош. Кудайдын бир буйругу болор.

– Нурлан, сага жезде боло турган мырзага кандай талаптарың бар?

Н.Н.: – Бойдок кезимде кыйын болуп ар кандай нерселерди айта берчүмүн. Турмуш кургандан кийин гана билет экенсиң. Эжем үйдүн аялы. Кээ бир айымдар сырттагы жумушту жакшы жасашат го. Эжем үйдөгү ишти жакшы билет. Ал коргоого муктаж аялзаты. Ошого жараша чыныгы мырзалык сапаты бар, сырткы жумушка эптүү эркек керек го деп ойлойм. Ошондой мырзалар болсо чалып койгула (күлүп).

Э.Н.: – Нурлан жездесин жакшы көрчү. Бир жолу ыйлап жатсам «жездемдей киши жок, эми андайды таппайсыз» деген эле. Ошондуктан Нурлан турмушума кабатыр боло берет. «Издегенин таппай калабы?» дейт окшойт. «Мен биринчимин, иштейм» деген аялдар бар. Мен болсо өз каалоом менен экинчи орунда боло турган аялмын. Турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө отургум келет. Жалгыздык да адамды кыйнайт экен. Жолдошумдун каза болгонуна 9 жыл болду, азыр деле анын менин жашоомдо орду бар. Башың булутка жетип турса да, өзүңдүн адамың менен жашаган жакшы. Эртең менен, кечинде чогуу кобурашып чай ичкен адамың болгону эле өзү бакыт. Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө дегендей, азыр көп аялдар күйөөсүнүн баркын билишпейт. «Жолдошум жанымда болсо мен деле мындай кылат элем» деген өкүнүч ой келип кетет. Мен деле жаш болчумун, күйөөмдүн баркын жакшы билбей калыптырмын. Көрсө, ошол жылдар менин бактылуу жылдарым экен.

– Буюрса, өзүңдүн теңинди таап бактылуу жубай болосуң. Чыгармачылыкты баштап алдың, бул үй-бүлө курушуңа жолтоо болбойбу?

Э.Н.: – Менде ырчы болуп кетем деген деле план жок. Хобби катары эле ыр жаздырып койгом. Эл эмнегедир жакшы кабыл алды, шыктанып калдым. Анан клип тарттырдык. Нурлан менин жан дүйнөмдү жакшы түшүнөт, ошого жараша жакшы ыр болуп калса ырдайм деп жүрөм. Бирок сахнага чыгып ырдап ырчы болуп кетем деген ой жок. Ким билет эми эртең эмне болуп кетерин.

– Бир туугандар, маегиңерге рахмат. Ишиңерде ийгилик болсун!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg




"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(11)
08.06.2020. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
07-08-2020 01:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин балам дагы Нурландай болсо деп тилейм.
08.06.2020. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1260
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
06-08-2020 23:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyluumun98,жалкоо ,уйкучубу??
09.06.2020. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2020 11:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+1
katerina.li,жакшы жагын да карап корунуз да,ал эми жалкоо,уйкучу ар бир 2-3-адамда бар го
10.06.2020. 22:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
28-04-2020
Соӊку аракети:
07-07-2020 23:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baktyluumun98, Адам куурап кеткенсип ушул артистке окшосунбу балаң?))
08.06.2020. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
06-08-2020 00:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эльзада эже тугойун таап бактылуу болунуз дагы балалуу болунуз!Нурлан сен бактылуу баласын Кыргызстандын номер1 ырчысын эл баары сени жакшы корот жонокойлугун менен ушул даражага жеттин эн негизгиси уй булон ата эне бир туугандарын толук коз тийбесин бактын тоодой экен
11.06.2020. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
10-08-2018
Соӊку аракети:
06-08-2020 22:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Gukush8993,Кыргызстандын номер биринчи ырчысы бул Мирбек Атабеков
08.06.2020. 16:07 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
07-05-2020
Соӊку аракети:
07-08-2020 02:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир тууган деген ушундай болсо, эжесин турмуштун туңгуюгуна батып кетпесин деп ыр жаздыр дегенда Нурлан болсо керек көтөрмөлөп, ар бир жан бактылуу болсун! Менин кызымдын аты дагы Элзаада!
11.06.2020. 00:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
28-04-2020
Соӊку аракети:
07-07-2020 23:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э.Н жөнеле койсоң болмоккен, артисттин санын көбөйтпөй, итак эле ит урук азыр артист дегениңер.
14.06.2020. 13:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-04-2020
Соӊку аракети:
14-06-2020 13:07
Жынысы:
Белгисиз
0
001KG,Эмне мынча ичин таар сага ооорчулугу тушуп жатабы пейилинди кенен койчу айланайын
12.06.2020. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
06-08-2020 22:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+1
Ото тартиптуу бири-бирине куйгон мээримдуу бир туугандар экен,силерди ушундай кылып тарбиялаган ата-эненерге рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24248;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: