Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «МЕНИ ТӨРӨГӨН АЯЛДЫ ӨМҮР БОЮ АПА ДЕП АЙТА АЛГАН ЖОКМУН»

Каарманым Айчүрөк деген ысымды да, атак-даңкты да өз эмгеги менен жасаганын айтат. 13 жашында борбор калаага таятасы жетелеп келген кыз атактуу ырчы болорун өзү да, таятасы да билбесе керек. Бул санда ырчы Айчүрөк Иманалиева балалыгын жана "апаларын" баяндайт.

– Айчүрөк эже, жакында социалдык тармактагы баракчаңызга апаңыз тууралуу билдирүү жаздыңыз. «Менин биологиялык апам ырчы экен» деп апаңызды жакындан билбегендей пикир калтырдыңыз...

– Апам мени төрөп, бир жумалык кезимде эле таята-таенемдин колуна берген экен. Ошондуктан алардын колунда өстүм. Фамилиям таятамдыкы. Мени төрөгөн апам Сафина Иманалиева кезинде филармониянын ырчысы болгон экен. Эс тартып калган учурда мага табышмак боло баштады. Анткени менин курагымдагы балдар-кыздардын ата-энелери жаш болчу. Ошондуктан «менин ата-энем эмнеге картаң?» дей берчү элем. Мени төрөгөн апам башка экенин кийин атактуу болуп, үй-бүлө күткөндөн кийин билдим. Ички туюмумда мен «эже» деп жүргөн адам жакын адамым экенин жүрөгүм менен сезчүмүн. Бирок жүрөк сезгени менен, акылың баары бир электен өткөрүп турат эмеспи.

Таята-таенемдин да, апамдын да көзү өтүп кетти. Апам Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган. Мен да ошол жерде окуп калдым. Ал жерден Конавалова деген эже апама окшоштуруп, «сен Сафина Иманалиеванын кызысыңбы?» деп сураганы эсимде. Мен «жок, ал менин эжем болот» деп жооп бергем. Апам Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев өңдүү залкарлар менен чогуу иштешиптир. Тилекке каршы, жол кырсыгына кабылып башына үч жолу операция жасалып, карьерасын таштаганга аргасыз болуптур. Гастролдорго чыга албай, ден соолугу менен алышып жүрүп ырчылыктан четтеп калганын кийин билдим. Кийин турмушка чыккан, башка никеден кыздары бар.

– Атаңыз тууралуу сурасам катуу тийбейби?

– Бир ата, бир энеден эки бир тууганбыз. Нуртаазим деген иним бар болчу, каза болуп калганына 15 жылдай болуп калды. Ата-энем биз кичинебизде эле ажырашып кетишкен экен. Атамды эс тартканы көргөн жокмун. Социалдык тармактардан мага «атаңыз ооруп калыптыр, келип кетпейсизби?» деп жазып калышат. Бирок мен атам деп таятамды гана билем.

Бир тууганым, таякелерим да катары менен көздөрү өтүп кетти. Аял болсом да, баарынын башында туруп сый менен узаткан мен болдум. Аялзаты болсом да, Иманалиев деген фамилияны татыктуу көтөрүп жүрдүм деп ойлойм. Ал эми атамды көрбөсөм же билбесем, азыр менден эмне күтөт деп таң калам. Угушума караганда, анын башка никеден 14-15 баласы бар. Атама таарынычым деле жок, бул турмушта эмне гана болбойт. Арзуум да жок. Эгерде ата баланын жашоосунда болбосо, ушундай эле сезим болуп калат экен. Ата-эне баланын жоопкерчилигин алышы керек. Биздин ата-энебиз экөө тең иним экөөбүздүн жашообузда болгон жок.

Турмуштан ордумду таппай калышым мүмкүн эле. Өжөрлөнүп жүрүп ордумду таптым. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү да, сахнаны да бирдей алып келе жатам.

– Атаңызды бир да жолу көргөн эмессизби?

– Кичине болгондуктан элес-булас эсимде. Бир жолу дүкөнгө барганбыз. Шоколад сыяктуу таттуулар сатылчу. Иним экөөбүз аябай таттуу жегибиз келип турган. Таенемдин колун кармап алып турсам, тиги киши келген. Таенем «ай, балдарыңа бир нерсе алып бербейсиңби?» деген эле. Бирок ал бизге банкадагы туздалган бадыраң сатып бергени эсимде. Таттуу жегиси келип турган балдарга туздалган бадыраң алып берип койгонун кара (күлүп). Эсимде калганы ушул.

– Келиңиз, баккан ата-энеңиз тууралуу сүйлөшөлү. Кандай тарбия беришти?

– Совет мезгилинин кишилери да. Мени алар калп айтпаганга, бирөөнүкүн албаганга, эмгекчилдикке үйрөтүштү. Азыр заман башка болуп жатпайбы. Акылдуу сүйлөп, алдап койсо эле ошол кишиники туура болуп калат. А менин пайдубалымды таята-таенем башкача куюшкан. Заманга жараша өзгөрүлөйүн дейм, бирок болбойт. Таенем аябай жакшы ырдачу, таятам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Кийин мектепке ийрим ачып, комуз черткенди үйрөтүп жүрдү.

Мектепте аябай жакшы окучумун, ошондо эле ырдасам деген кыялым бар болчу. Таята-таенемдин мени опера ырчысы болсо деген тилектери бар эле. Апам аябай жакшы ырдачу экен. Азыр ойлосом, таятамдар ошол ишке ашпай калган кыялын мен аркылуу ишке ашырууну каалашса керек.

Таятам Таласка келген артисттерди көп конокточу. Бир жолу композиторлор Марат Алыбаев менен Акимжан Жээнбаев келип калышыптыр. Атам «ушул кызым жакшы ырдайт, бир карап көргүлөчү» деп мени ырдаткан. Кебетем эми укмуш, колдорум капкара, мурунду улам тартып коюп комуз менен «Алымканды» созуп жатам (күлүп). Ошондо алар мени жактырып калышты. «Асыке, бул кызды борборго алып баргыла» дешкен. Атам 13 жашымда жетелеп келип Акимжан Жээнбаев деген байкеге табыштап, ошол аркылуу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп калгам. Ошол боюнча шаарда калып, силер көрүп турган Айчүрөк Иманалиева жаралды.

– Эжеңиз апаңыз экенин билгенден кийин эне-бала боло алдыңарбы?

– Канча жыл өтсө да жүрөгүмдө Асылбек менен Берметтин кызымын (ред.: таята-таенеси). Кийин атагым чыгып, элге таанылганда алар мени катуу кызганышты. Алардын көңүлүн калтырчу эмесмин. Көздөрү тирүү кезинде өзүмдүн ата-энем тууралуу эч сөз кылган жокмун. Экөөнө болгон сүйүүм, сыйым аябай күчтүү. Ал эми төрөгөн апам да мага «кызым» деп боор тарткан жок. Ал дагы ата-энесинин көңүлүн караса керек. Атактуу болуп кетсе эле «кызым болчу» деп чыга калса да уят болмок да. Ата-энесинин көзү өткөндө да ачылып сырдаша алган жокпуз. Келбетим, жүзүм, талантым апама окшош. Таенем болсо жашоого тың, аракетчил, эмгекчил болгонго тарбиялады.

– Балалыкта эсиңизде калган нерсе?

– Таенем кошокту укмуш айтчу. Аябай эмгекчил болчу. Айылда жашашса да, таята-таенемдин дүйнө таанымы башкача эле. Дегеним, «дүйнө таанымыңды кеңейт, жер жүзүн кыдыр» деген нерселерди көп айтышчу. Улуу таякем Орусияда окуп жүрүп, ал жактан Ангелина деген орус келин алып келди. Андан кийинки эки таякем да орус келин алып келишти. Таята-таенем эч нерсе дебей кабыл алышты.

Бир окуя эсимде. Мектеп үйүбүзгө жакын эле. Мугалимдер мени «чай коюп келе кал» деп жумшап коюшчу. 1-класс болчумун. Кайнак сууну көтөрүп келе жатып жыгылып кетип өзүмө төгүп алдым. Жаңы көйнөк кийип жүргөн элем. «Таенем урушат» деп керебеттин алдына кирип жашынып отуруп алгам. Кечке дене табым көтөрүлүп, күйгөн жерим эзилип кеткенде керебеттин алдынан таап чыгышты. Таенем мени кучактап бакырып ыйлап, чуркап жүрөт. Баламын да, коркпой эле айтсам урушмак эмес экен. Мага катуу көрүнчү, бирок таята-таенем өзгөчө мээрим төгүп чоңойтушту.

– Кийин сизге ыраазы болуштубу?

– Башында «сени биз даңка-дүңк болуп ырдасын деп жибердик беле? Сен опера ырчысы болушуң керек» деп урушуп жүрүштү. Кийин ыраазы болушту.

– Эгерде эки энеңиз азыр алдыңызда болсо, аларга эмне дейт элеңиз?

– Ичимде көп суроолорум бар. Бирок ал суроолорду бере алат белем, билбейм. Жогоруда айткандай, мени 13 жашымда борборго алып келишти. Таята-таенем Бишкекти Таластын бир айылы деп кабыл алышса керек. Кой союлуп, боорсок жеп, курсагым ток жүргөндөй эле элестетишсе керек. А шаарда көп нерсе менен күрөшүү керек эле. Бул таарыныч деле эмес, балким, «13 жаштагы кызды кантип кароосуз борборго жөнөтүп койдуңар?» деп сурамакмынбы, билбейм.

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Nurislam-Nuraiym
2020-06-29 11:02:58
Анжелика экоонун урушунан кийин анча ишене бербейм. Анжеликанын уй булосун ушу бузгандай сезилет. Ар кайсы суротторду интернетке жарыялап.
+1
Nuraz
2020-06-29 11:28:30
Ушул айымды эмнегедир жаман кором. Анжелика, Гулнур Сатылганова менен чырдашкандан кийин.
+4
ainura220888
2020-06-29 13:10:35
Чынында ал убакта продюсер деген нерсе азыркыдай ун жаздырып унуну кооздоп койгон апаратар жок эле. Чыныгы талантар ырдачу ал маалда. Булар оз бешене тери менен ырдап чыкандар. Талантуу ырчы катары мага жагат. Жеке жашоосу мамилеси кызыктуу эмес
+15
fanatka19
2020-06-29 17:07:29
Таланттуу туура,бирок текебер начар аял.Озунун тууган энеси менен катышып карыганда анын батасын албаган аялдан эмне кутсо болот?
0
nuri9999
2020-06-29 17:21:03
Ушул эженин эч эле позитивный маек бергенин окуган жокмун! Качан карасан наалыганы наалыган, уруш-талаш чырдан башы чыкбайт.
+6
katerina.li
2020-06-29 17:57:39
Таланты бар,,ал жагында талаш жок. Бирок мунозу ото начар
+8
Aituwas
2020-06-29 18:00:47
Жакпайт
+2
katerina.li
2020-06-29 18:24:51
Атасы коп аял алган болуш керек. Таласта биз жакта Бир аял менен жашачы. Адан 5-6 баласы бар,бирок таштап кеткен баарын. 15 баласы болсо,канча аял алды болду экен
+6
taalay25
2020-06-29 21:25:20
Айчурок эже сиз ата эне мээримин корбой чонойгон экенсиз да. Видеонузду коруп журогум ооруду
+6
katerina.li
2020-07-01 20:40:14
Атасы бык осеменитель го
+2
momun74
2020-07-02 01:11:43
Эже бирааз окшоштуруп айтса болмок бой жетип калсада кантип апасы экенин сезбейт ушунчалык эле думбулбу тообо орустардан карап ойлоп тапканго жомогу кыргыздарга туура келбейт
-1
Gospozhatsetok
2020-07-02 03:33:18
Бир созу менен экинчи созу дал келбейт.Мага окшоп озун мактаганды олло жакшы корот
+1
PeRa
2020-07-02 18:08:16
Эже ишиңизге ийгилик, сиз айткандай азыркы заманда ким кыйын сүйлөп, калп айтып койсо эле ошонуку туура болуп калат. Сизге анын кереги жок, сиз ушунча жылдан бери биздин өчпөс жылдызыбызсыз.
+2
Beise
2020-07-05 10:09:59
Таластык Кошонов Анарбектин карындашымын деп журчу мамасы ошол кишинин атасынан досунан торогон генерал Кошоновдун ДОСААФка билеттерин саттырып журчу Айчуроктун Кошонов
0
bakyt9
2020-07-05 10:54:43
Ата деген ата! Аталар ооруп жатса кабар алып караш, бул биздин милдетибиз!
0
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан