БАДЫРАҢДЫН БАШЫ ЖООН, АЯГЫ ИЧКЕ. ЭМНЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ?

Учурда бадыраң арзандап, ашканада каалашыбызча пайдаланып калган учур. Багбандар бадыраңдын 3-4-партияларын сатыкка чыгара башташты. Мындан улам барган сайын жер кыртышындагы азык түгөнүп, бадыраңдар формасын жогото башташы мүмкүн.

ОРТОСУ ИЧКЕРИП КЕТСЕ

Формасы бузулса эле аны багууда мандем болуп жатат деп түшүнүү керек. Бадыраңды сугаруунун да өз жолу бар. Өтө муздак суу менен сугарганда ортосу ичкерип, саргарып кетет. Андыктан түшүмдүн формасынан сүрөттөгү көйгөйдү байкасаңыз, түштөн ооп, суу жылып калганда сугарган оң.

УЧУ ИЧКЕРИП, САРГАРЫП КЕТСЕ

Бадыраңдын учу ичкерип, саргарып, өзү уңкул-чуңкул боло баштаса, азоттун жетишсиздиги. 5 аш кашык карбамидди (мочевина) 10 литр сууга эритип, сугарабыз. 1 чака аралашма менен 1 чарчы метр жерди сугарууга болот. 10 литр сууга 1 аш кашык карбамидди эритип, жалбырактарына чачыратып чыкса да болот. Ыкманы кечинде жасабаса, жалбырагы күн нуруна күйүп калышы мүмкүн.

АЛМУРУТ ФОРМАСЫНДАЙ БОЛСО

Бир башы өтө жооноюп, сабак жагы ичкерип, алмуруттун формасына окшоп калса калийдин жетишсиздиги. Эмне кылуу керек? 10 литр сууга 1,5 аш кашык калий селитрасын аралаштырып, аны менен сугаруу керек. 1 чака аралашма 1 чарчы метрге жетет. Дагы бир жолу – күл аралашмасы менен сугаруу. 10 литр сууга 1 стакан күлдү (жыгач, көң күйгөндөн калган калдык) аралаштырып сугарабыз. 1-2 жолу кайталоого болот.

ӨТӨ ИЙРИ БОЛСО

Жарым айча болуп, бир капталы курушуп, өтө эле ийилип баштаса, анда нымдуулуктун жетишсиздиги. Маал-маалы менен сугарып туруу сунушталат. Өтө көп суу берсе дагы бадыраң жооноюп, саргарып, ортосу кебек болуп кетет.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
love_story
2020-07-06 11:11:26
Пайдалуу маалымат экен. Кийинки саныда пияз жонундо да жаза кетиниздерчи , сураныч..
+2
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан