Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ООРУП, АЙЫККАН ЖЫЛДЫЗДАР

№918 9-15-июль, 2020-ж.


Учурда коронавирус пандемиясы жүрүп жатканына байланыштуу “ооруп жатам” деген эле адамдар. Ооруп калгандардын арасында шоу-бизнестин өкүлдөрү да бар. Алар оорунун белгилери кандай пайда болгонун, кантип дарыланып жатышканын айтып беришти.

Залина Касымова, кыл кыякчы: “БАЛАМ КАТУУ КЫЙНАЛДЫ”

– Ооруганыма 10 күн болуп калды. Дене табым көтөрүлгөн жок. Бирок алым кетип, чыйрыгып, бирде үшүп, бирде тердеп жаттым. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Бирок дагы деле жыт сезе элекмин. Ушул нерсеге көнө албай жатам. Бир нерсени мурдума такап жыттасам да жыты жок. Менден балдарыма жугуп, экөө тең оорушту. Кызымдын дене табы көтөрүлүп, бир күндө кайра түштү. Балам көбүрөөк кыйналды. 3-4 күн дене табы көтөрүлүп, 39га чейин жетти. Тердеп-кургап, буту-колу ооруп, ичи өттү. Витаминдерди ичип, дарыгерлер айткан дарыларды ичип айыктык.

Кайрат Примбердиев, ырчы:

“ЭЛ КЫЗМАТЫНДАГЫЛАР УШУЛ ОКУЯДАН ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРЫШСА БОЛМОК”

– Мен 2 жума мурун башым, муундарым ооруп, алсырап 3 күн жаттым. Ооруп жаткан кезде кытай жана француз антигриппиндерин ичтим. Антибиотик ичкен жокмун. 3-4 күндөн кийин өзүмө келип, эшикке чыга баштадым. Кайра жыт, даам сезбей калганымды байкадым. Бирок өзүмдү жакшы сезип жүрдүм. Мындай абал 4 күндөй созулду. Азыр баары жакшы, ден соолугум калыбында. Элибизди Кудай сактасын. Элге айтарым, колдон келсе дарыгерлер менен акылдашып дарылангыла. Азыр элге кыйын заман болуп турат. Элибиз өзү менен өзү болуп калды. Жооптуу кызматтагылар ушундай күндө алдыңкы сапта жүрүп, бардык кырдаалды өз көзү менен көрүп, ошондон жыйынтык чыгарып иштешсе жакшы болмок.



Курал Чокоев,
ырчы: “ҮЙ-БҮЛӨМДҮ ШААРДАН АЛЫС ЖИБЕРДИМ”

– Мен суук тийип оорудум окшойт. Дене табым 37,8ге чейин көтөрүлдү, алсырадым. Бал менен чай ичип, тамакты күчтөп жеп, антибиотик ичип, 2 күн үйдө жаттым. Тамакка табитим жакшы эле тартып, даам, жыт сезип жаттым. Үй-бүлөм жанымда болду. Кудайга шүгүр, алар оорушкан жок. Азыр шаардан алыс болсун деп жубайымды кызым менен кошо төркүнүнө, Көлгө жибердим. Ооруп жаткандарга өз алдынча дарыланбай, врачка көрүнгүлө деп айткым келет.

Каныкей, ырчы: “ЖЫТ, ДААМ СЕЗБЕЙ КАЛДЫМ”

– Эки жума мурун кулагым, мурдум ооруп баштады. Андан кийин эле алсырап жатып калдым. Сөөктөрүм какшап ооруп, дене табым 38,5ке чейин көтөрүлдү. Доктурга чалып, ал айткан дарыларды ичтим. Бир күндөн кийин дене табым түштү. Бирок шалдырап, башым ооруп, тамак жей албай, жүрөгүм айланды. Андан кийинки күнү жыт, даам сезбей калдым. 2 жума өзүмө келе албай койдум. Азыр баары жакшы. Жакшы болуп калганда доктурдан сурасам уруксат берди эле касиеттүү Ысык-Көлгө барып, 2 күн жүрүп келдим. Көлгө түшкөн жокмун, эч ким менен жолуккан жокмун. Жөн гана абасы менен дем алып, көлдүн шарпылдаган толкунун угуу мага жетиштүү болду. Ошол жакка барганда өзүмдү аябай жакшы сезип калдым. Мен ооруп калганда кызымдын да, баламдын да дене табы көтөрүлдү. Бирок дары берсем эле түшүп калды. Мен бардык нерсе үчүн Кудайга шүгүр кылам. “Элибиз бул илдеттен тезинен кутулуп чыкса экен” деп тиленип жатам.

Үмүтай Абдышова, ырчы: “ӨЛҮП КАЛАМБЫ ДЕП КОРКТУМ”

– Мени менен чогуу жашаган эже коронавирус болуп ооруп калыптыр. Ошондон улам паникага алдырдым окшойт. Фотосессия кылып жүргөндө тердеп, алсырап, баса албай калдым. Дене табым көтөрүлүп, жүрөгүм айланып, тердеп-кургап ооруп калдым. Дароо дарылана баштадым. 300 грамм имбирди 1 литр сууга кайнатып, бир баш сарымсакты туурап кошуп, бир лимонду тышы менен кошо майдалап туурап кошо кайнатып, ага 150 грамм бал салып, ысык бойдон бир кружка ичип, тердеп жаттым. Мындан тышкары дарыларды ичтим. Ошентип бир күндүн ичинде айыгып кеттим. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Ооруп калганда лентадан жаман жаңылыктарды окуп алып өлүп каламбы деп корктум. Мындайда жаныңда жакын адамың болсо жакшы экен. Каалаганымды жасап, жакшы сөзүн арнап жанымда жигитим жүрдү.


Перизат Музуратбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
13.07.2020. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
21-02-2016
Соӊку аракети:
04-08-2020 00:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимиси тест тапшырышкан эмеспи коронавируска, сасык тумоолоп эле оорушкан го, эмнеси болсо да ден соолукта бололу, оорубайлы
13.07.2020. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
03-08-2020 15:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Siren90,Азыр Бут эле корона менен оорудум деп ойлоп атышат. Чучкурсо эле. Тест тапшырайын десе акча жок,акчан болсо реагент жок. Эмне кылабыз анан?
13.07.2020. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
04-08-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Карона деген аты чыга электе тумоолоп калыптырмын дешчү эле азыр экеленип эле баары каронавирус болуп калышты. Тумоолоп калыптырмын деген адам барбы өзү баары эле карона болуп кетишти. Буларга акча берип койдубу деп да ойлойт экенсиң акча берсе сүйлөй беришеби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24248;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: