СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Төрөткана. Эгиз эркек балдар төрөлдү. Жетимиш тамыры зыркырап, өлүм менен беттешип жатканда Аяна бул жашоонун бир акыйкатын түшүндү. Сүйүүдөн да улук нерсе бар экенин билди. Бир жанга өмүр берген учурунда жүрөгүнө тикенектей сайылган Искендер деген дарттан кутулгандай боло түштү. Жок, сүйбөй калуу эмес эле, болгону сүйүүсү мурункудай таштан ташка урунган албуут күч эмес, мелмилдеп аккан сууга айланды. Мурун жан оорусуна айланган Искендер болсо, бул эки уул дартынын дабасы болчу. “Шүгүр, ал мендик боло албаса да, анын уулдары менде. Мен жеңдим” деди өзүнө-өзү.

Төрөтканадан достору жана Салима чыгарып кетти. Уулдарына Адам, Алан деген ысымдарды ыйгарды. Биринин атын өзү койсо, экинчисине сиңдиси койду. Өзүнүн фамилиясын берди. Муну менен өзүнө менчиктегендей сезилди. Тагдырдын тамашасы көп экенин кайдан билсин?

– Эже, ошондо бул балдар өзүнүн атасын билбей чоңоюшабы?- деди Салима капа боло.

– Ооба,- деди Аяна көзүн ала качып.

– Экөөбүздөй энесин өмүрү көрбөгөндөй чоңоюшат. “Балдар ата-энесинин тагдырын кайталайт” деп көп уккам.

– Салима, мага тиги кутуну берип койчу,- деди Аяна кудум укпагандай.

– Эже...

– Эмне кыл дейсиң?

– Бир жолу болушу керек. Балким...

– Балким эмес, Салима, бул балдардын атасы ким экенин бир гана сен билесиң. Эгерде оозуңдан чыга турган болсо, мен сени өмүр бою кечирбейм. Муну бил.

– Бирок...

– Мен эч качан анын турмушун бузбайм. Макул, балдар тууралуу билди дейли. Искендер ошол замат мага чуркап келеби? Келбейт. Андан көрө билбегени жакшы, билип, бир жашоосу экиге бөлүнгөндөн көрө өз жашоосу менен жашаганы жакшы. Демек, тагдырыбыз ушундай.

Тагдыр ушундай. Аяна тагдырды өз колу менен жасамакчы болду. Жасады дагы. Эки баласын чоңойткуча канчалаган азаптарды чеккени бир өзүнө маалым. Ошентсе да ургаачы жолборстой балдарын оозуна тиштеп жүрүп чоңойтту. Көп кыргыздын катарында Москва шаарына мигрант болуп кетип, турук алып калды. Сулуулук салонун ачты, билиминин, аракетинин аркасы менен Орусиянын элиталарына кызмат көрсөттү. Бутуна 5 жыл ичинде туруп кетти. Бизнесин ачып, балдарын да карап, Салимасын да окутту. Бир гана жүрөгү жарты бойдон калды. Кайсы бир бактылуу кышта калып калган бүтүндүктү, бейпилдикти эңсеп жашады. Бир ай. Бактылуу кылган бир ай анын бир өмүрүнө жете тургандай эле. Бул учурда Искендер эмне болду? Искендер бактылуу болчу. Көздөрү сулуу жаш кыздын элеси жаңыдан эскирип, өчүп баштаган эле. Кайда болсо да бактылуу болсун деген тилеги бар болчу. Айтурган экөө кийин балалуу болушкан жок. Ага да кайыл эле. Ал бактылуу болчу. Бир күнү тынчтыгы жоголду.

ххх

Арадан 8 жыл өттү. Жеке клиникасында эмгектенип жатты. Жүрөк ооруларына эң оор операцияны Искендер жасачу. Жашоого үмүтү аз калган бейтаптар ага кайрылышчу. Бирок бир окуядан кийин Искендер жүрөккө операция жасоодон баш тарткан эле. Анын себебин эч ким билчү эмес. Кабинетине бара жаткан Искендерди катчы кыз токтотту.

– Сизге мейман бар.

– Ким экен?

“Таанышымын” деди. Кабинетиңизде.

Эшикти шарт ачып кирип келген Искендер Аянаны көрүп, оозу ачыла түштү. Бир канча мүнөт тиктешип туруп калышты.

– Сен кайдан?- деди Искендер эриндерин араң кыбыратып.

– Салам!- деди Аяна көздөрүн албай. Сагынган экен. Таптакыр унутуп койдум дегенине карабай жүрөгүнүн бир чети алоолонуп баратканын сезди. Буттарынан ал кете түштү. Каректери бир нерсе издегендей тиктей берди. Оңтойсуз абалда бир аз убакыт үнсүз отуруп калышты.

– Турмушка чыктың беле?- деди Искендер эмнегедир. Суроосу олдоксон сезилди. Таң кала тиктеп туруп калган аялдын көздөрүнөн көзүн ала качты.

– Жок. Чыккан жокмун. “Сени ушунча сүйүп туруп, башка бирөөгө аял боло алат белем? Аттиң, мен бирөөгө аял боло албагандай сүйгөнүмдү да сезбепсиң” деген армандуу ой кылт этти.

– Сени бул жакта эмес деп ойлодум эле. “Кайрадан жанымды көзүмө көрсөтүп эмнеге келди? Ушунча жылдан кийин эмнеге кайрылды?” деп жатты Искендердин алдастаган ойлору.

– Ооба, Москвада жашачумун. Келдим.

– Биротоло келдиңби?

– Ооба.

Кайрадан үнсүздүк. Эшик тыкылдаганда экөө тең селт этишти. Медайым экен. Искендерге бир нерселерди айтып чыгып кетти.

– Жөн жай эле келдиңби?- деди чыдамы кеткен Искендер.

– Жок, жөн жай болсо келбейт элем. Сенин жардамың керек.

– Кимге?

– Менин уулума... “Сенин уулуңа” деди ичинен кошумчалап.

– Мен көптөн бери операция жасабай калгам. Ал иштен четтедим.

– Билем. Бирок бул жолу сөзүңдөн кайтышка туура келет.

– Жок. Менден мыкты, тажрыйбалуу врачтар бар. Кааласаң...

– Искендер, сен жасашың керек. Мен уулумдун өмүрүн бирөөгө ишенип тапшыра албайм. Москвада да мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок үмүт аз дешти. 20 гана пайыз үмүт беришти. Мен уулумду 20 пайыз ыктымалга тапшыра албайм. Сен аны сактап калышың керек.

– Мен четтеп калгам.

– Билем, эмнеге экенин да билем. 8 жаштагы кызга операция жасап, алып кала албадың. Ошого өзүңдү жазалап, сүйгөн кесибиңден баш тарттың. Бирок бул жолу баш тарта албайсың.

Искендер күлүп жиберди.

– Мага көп киши келип жалынды. Баарынан баш тарттым. Аяна, мен жасай албайм. Кечирип кой, азыр иштерим бар эле,- деп эшикти көздөй басты.

– Сен өз балаңдын өмүрү үчүн да жасай албайсыңбы?

Искендер тык токтоду. Аянаны тиктеп калды.

– Эмне деп жатасың?

– Алан сенин уулуң. Азыр 8 жашта. 9 жыл мурун экөөбүздүн сүйүүбүздөн бул эгиз балдар жарыкка келген.

Телефондогу сүрөттү маңдайына такады. Коёндой окшош эки бала аны карап турду. Өзүнүн кичирейтилген көчүрмөсү эле. Баш чайкаганга мүмкүн эмес факт болчу. Даң! Бир чоң муштум келип ээктен ары ургандай дендароо болуп тура берди.

ххх

Келген конок менен урушуп жаткандай. Эч качан үнүн көтөрбөгөн жетекчисине таң калды. Алардын 3 сааттай отурганына таң калган катчы кыз кабинетине баш бакты.

– Сизди күткөндөр көп болуп кетти.

– Бүгүн эч кимди кабыл ала албайм. Чалгандар үчүн да мен жокмун,- деп кырс жооп берди Искендер. Тиги таң кала тиктеп калды.

– Айтурган эже да чалып жаткан, ага эмне дейин?

– Бош эмес деп айт.

Кабинеттин эшиги жабылары менен Искендер кайра атырылып кирди.

– Сенин акың жок болчу. Балдарымды менден катканга, анан да Москвага чейин алып кеткенге акың жок эле. Бул эмне деген өзүм билемдик?

– Эмне кылышым керек эле? Сенин үй-бүлөң бар болчу. Эч качан ал нерсе бузулбай турганын айткансың!- деди ызалуу кыйкырган Аяна.

– Ансыз да бузулбайт. Бирок мен билишим керек эле да.

– Билсең, мен сени эки бөлүнгөн жашооңдон куткарып калдым. Эч качан билмек эмессиң, эгерде баламдын жүрөгү оорубаганда... Ага операция жасоо керек болбогондо... Сен эч качан балдарың бар экенин билмек эмессиң!

– Мен сени периште көрүп жүргөм. Анык жылан сен турбайсыңбы?

Аяна бирөө жаакка чапкандай сестене түштү. Бул эң оор сөз болчу. Канча жылдан бери жанын оозуна тиштеп келгенин бул макулук кайдан билсин? Эки баласын багуу үчүн кандай иштерге барганын, канчалык оор болгонун, уйкусуз түндөрдү башынан өткөргөнүн бул неме кайдан билсин? Азыр өзүнүн эгосу гана кыйнап жатат.

– Макул, мен жылан экенмин. Сен жакшы ата болуп, уулумдун жанын сактап кал. Мындан башка эч нерсенин кереги жок. Биз мындан ары да өз жашообуз менен жашайбыз.

Аяна тез ордунан туруп, кабинетинен чыгып кетти. Кудум бирөө деңгирете уруп салгандай, эсине келе албай Искендер кала берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
rafo80
2020-07-13 10:41:59
Өтө сонун.
-1
Djka
2020-07-18 12:08:32
Kan4alyk suiup kuiup tursan da koinunda jatsan da iwenbew kerek erkeke erkek degen uwundai kalk bolot kozuno bir suluu korunup kalsa je katyny bir az taryntyp koiso aga jakwy mamile kyl4u bawka biroonu izdep bawtait je bolboso katyny janynda bir az ubakyt jok bolso konul a4kanga je bolboso ui bulosu bar turup bawkaga jawyruun nike kyidyryp bilinip kalganda murunku ui bulosun tawtait je ekoonun biroobun tandait negizi ele erkekten amal ka4yp kutulbait owon u4un aitylgan da erkeke iwengi4e eki bos
-1
Djka
2020-07-18 12:10:44
Eki bosogono iwen dep erkek ketem dese ketip kalat karmap kala albaisyn a bosogo bir ordunda tura beret erkek tura albait
0
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан