Үмүтай Абдышова, ырчы: «АТАМДЫН ФАМИЛИЯСЫН АЛЫП ЖҮРӨМ, ӨЗҮН БИЛБЕЙМ»

Апта каарманыбыз Үмүтай Абдышова заманбап кийинип, шаңдуу ырларды ырдайм деп турат. Үмүтайдын бир сапатын өзгөчө баалайм, жаш болгонуна карабай маңыздуу, токтоо сүйлөйт. Ырчы жакындары жөнүндө айтып берди.

«АПАМ...»

– Апам – жарык адам. Жан дүйнөм кандай бүркөлүп турса да, апамды көргөндө жарык болуп кетет. Азыркы ийгилигиме да салымы чоң, анткени колумдан жетелеп комуз ийримине алып барган. Өзү да жакшы ырдайт, проза, поэзиялык чыгармаларды жазат. Чыгармачыл адам, Балыкчы шаарындагы балдар билим борборунун жетекчиси. Репертуарымдагы ырлардын көбүн апамдын тандоосу менен ырдагам. Сын пикирди да катыра айтат. Апамдын биринчи никесинен мен жана агам бар, байкем атабыз менен чоңойду, мен апамдын колунда, таята-таенем менен өстүм. Кийин агам апама келди. Апамдын экинчи никесинен эки иним бар. Аялдын тагдыры өз колунда болбойт экен, кандай күндү көрсө да апам башына түшкөн сыноолорго эч ийилген жок. Ал жок, бул жок деген сөздү да айтпай, кабагым-кашым дебей, бизди эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Ушунусун аябай баалайм.

«АТА...»

– Ата деген сөздү өзүмдүн атама эмес, таятама айтып өстүм. Кандай болсо да ушу сөздү айтып чоңойгонум үчүн шүгүр кылам. Бул сөздү айтуу да бир бакыт. Таятам 83кө чыгып каза болду. Өзүмдүн атамды көргөн эмесмин, атын эле билем, сүрөтүн да көргөн эмесмин, келбетин, кулк-мүнөзүн да билбейм. Болгону фамилиясын алып жүрөм. Менин ызакорлугум, чарт-чурт эткен мүнөзүм да ошол адам жанымда болбогон үчүн калыптанышы мүмкүн. Анткени атасы бар кыздарды көрүп ичим күйгөндүр, балалык жүрөгүмө ушу жүктү көтөрүп, жашоом оор болгондур. Анын баары мүнөзгө таасир берет тура. Мен кичине кезимде «турмушка чыксам, күйөөм менен эч качан ажырашпайм» дечү элем, ал тилегим ишке ашпай калды. Азыр балам менин тагдырымды кайталап жатат. Аябай аяп кетем, анткени ал жолдон мен да өткөм. Болушунча бактылуу кылып чоңойтсом дейм, бирок атанын орду башка экен. Жолдошум менен балам 8 айлык кезинде ажырашып кеткенбиз, балам да атасын тааныбай калды. Былтыр алтыга чыкканда биринчи жолу атасы менен көрүштү, аябай сүйүндү. «Ата» деген сөздү биринчи айтты, кечке жанынан чыкпайт, кучактайт. Атасы андан кийин келген жок, «көргөзбөй эле койбой, эми мага айта албай сагынып жаткандыр» деп кейип калам. Күтүп жаткандыр. Эми келсе катыштырайын деп ойлоп жатам.

«УУЛУМ...»

– Уулум Алинур мага аябай окшош. Жароокер, акылдуу бала. «Карга баласын аппагым дейт» дегендей, менин көзүмө эле өзгөчө көрүнөбү же чын эле өзгөчө балабы, билбейм (күлүп). Кичинесинен эле таң калтыра берет. Балдарга арналган ыр үйрөтөйүн десем, «ал балдардыкы» деп туруп «Мен кыргыздын уулумун» деген ырды жаттап алыптыр. Бийик ноталарды алып, ырга жөндөмү азыр эле билинет.

Кумири учурда Димаш Кудайбергенов болуп жатат. Уулум кайсы кесипти тандаса да макул болом. Өзүм эки жогорку окуу жайын аяктагам. Апамдын тандоосу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуп, тилмечтик кесипке ээ болгом. Кийин өзүмдүн тандоом менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунан оркестрде дирижёрлук кылуу кесибине ээ болуп чыктым. Ошон үчүн балама да тандоо укугун берем деп ойлойм. Өзүм бүтүргөн окуу жайымда жалпы бөлүмдө иштечүмүн, бирок ошол учурда чакырыктар көп болуп, ишимди таштоого мажбур болдум. Азыр бир аз өкүнүп турам.

«МҮНӨЗҮМ...»

– Жылдыз белгим боюнча эгиздермин, тынч тура албайм. Мүнөзүм чорт. Тез эле ыза болуп кетем, бирок бат жазылам. Мурун досторум, катыштарым көп болчу, барган сайын өзүм менен өзүм болуп бара жатам. Китепти көп окуйм, адамдагы тереңдикти баалайм. Идеалдуулукту издей берем, жашоодо эч бир нерсе андай эмес экенин билсем деле издейм. Сабырым жок, бирок азыр ушу нерсеге өзүмдү тарбиялап жаткан кезим. Кагылдым, согулдум дегендей, азыр жашоого мурункудай күйүп-бышып кетпей, токтоо кароону үйрөнүп жатам. Дагы мүнөзүмдүн терс жагы – бетке айтып салам, дипломатиялык мамиле кылуу акылымда турса да, кыялым ээ бербей кетип тарс-турс айтып алам. Улуу муунга жаккан ырларды тандаганымдын дагы бир себеби – мен таята-таененин колунда чоңойдум. Учурда улуу муунга эле ырдай бербей, жаштардын аудиториясын да алгым келип жатат. Заманбап кийинип, жаштардай сүйлөп, шаңдуу ырларды жаздырууну чечтим. Даяр болуп калды. Түрдүү тилдеги ырларды да чогултуп ырдап чыгайын деп жатам. Өзүм англисче, түркчө, орусча эркин сүйлөйм.

«ЖЕКЕ ЖАШООМ...»

– Ырчы болуу эң чоң кыялым эле. Ага жеттим, бирок аял үчүн кесип экинчи орунда, биринчи орунда үй-бүлө экен. Кесип, албетте, маанилүү, өмүр бою коштоп келет, бирок баары бир экинчи орунда турушу керек экен. Аялга күнү кечке сый-урматтын үстүндө болсоң деле кечинде келип жалгыз калган оор болот экен. Кээде жөн эле «абалың кандай?» деген сөзгө муктаж болот экенсиң. Бойдок болсоң, анан ырчы болсоң кааласаң деле, каалабасаң деле сөз ээрчийт. Бирөөнүн эсебинен жашагысы келген, максатсыз, тайыз эркектерди жаман көрөм.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
pero5184
2020-07-28 00:21:22
Аззаматсың акылдуу кыз
+1
Taalaibek.
2020-07-28 20:56:42
Эрге тийгенин билбептирмин. Эмнеси болсо дагы оз ойлогон максатына жет! Жакшы ырдайт. Ийгилик сага.
+2
Dani
2020-08-02 16:49:40
Суйомго ушул кызды
0
№ 920, 23-29-июль, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан