БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Эмнени айта албай жүргөнүңдү,- деп күлүп койду. Сүйлөшүүбүз мынчалык ачык болот деп күткөн эмесмин. Сөздү эмнеден баштаарымды билбей алдастап, тилим чайналып турганда Асел өзү жардамга келди ушинтип. Мени аядыбы же башка себеби барбы, айтор, сөздү андан ары улантып кетүүгө жол ачылды. Өзүмдү күчтүү деп жүргөнүм менен, алсыз экенимди так ушул учурда сездим. Бул учурду колдон чыгарып жиберсем, анда Аселге экинчи жолукпай калышым да мүмкүн эле. Аны колунан кармап сүйүп калганымды, бирок аны айтууга көптөн бери батына албай жүргөнүмдү, эртеңки жашоомду ансыз элестете албай калганымды, жубайым болсо бир өмүр колума көтөрүп өтөрүмдү айттым. Төрт сөздү айтып бүткүчө кылым өткөндөй сезилип, денем дүркүрөп кетти. Асел кылыктанымыш болгону менен, ал дагы мени жактырып калганын билдирди. Эх, анын оозунан бул сөздү уккан учур менин өмүрүмдөгү эң бактылуу көз ирмем болуп калды. Андан ары сөзүбүз түгөнбөй, таң агаргыча сейилдеп жүрдүк. Аселди алып айылга кетмей болдум. Шаарда төрөлүп, шаарда өссө да “айылга жашабайм” деп кылыктанган жок. Сунушума макул болду, башкысы – ишеним. Экөөбүз тең бири-бирибизге эч качан кыянаттык кылбоого, жалган айтпоого сөз бериштик. Адегенде бул жакта чакан той өткөрүп, анан Кыргызстанга учуп кетүүнү макулдаштык. Менден бактылуу адам жоктой көңүлүм жайдары эле. Биздин чечимди Адыл ага да кубануу менен кабыл алды.

– Мейли, тандоо силердики. Башкысы, бактылуу болсоңор болду,- деди. Кыргызстанга кетебиз дегенибизге гана бир аз кыйылып турду. Кантсе да Асел кичинесинен колунда чоңоюп, өз кызындай болуп калган да. Каныш апа да батасын берди.

– Кайда жүрсөңөр да бактылуу болгула!- деди кубана. Ушул эки адамдын батасынан кийин “өөх” деп үшкүрүнүп алдым. Эгер булар каршы чыгышса, мени канчалык сүйүп турса да Аселдин алардын сөзүн эки кылышы кыйын эле.

Криттеги ресторандардын биринде чакан той кылып, баш коштук.

Тойдо Каныш апанын сөзү көпкө чейин эсимде сакталып калды.

– Самат, уулум, Аселди тырмактайынан тарта чоңойттум. Бой жеткени ойлогонум бирөө гана. Татыктуу бирөөнүн колуна барса деп тилендим. Кудай буюрган экен, боордош Кыргыз элине келин болуп түшкөнү жатат. Сен да менин уулумдай эле болуп калдың. Кызымды сага тапшырдым, силердин бактылуу жүзүңөрдү гана көрөлү. Очор-бачар бүлө болгула!- деди. Кадимки эле эненин кыз узаткандагы сөзү. Бирок Каныш апа бул сөздөрдү башкача бир энелик сезим, үмүт, толкундануу менен айтты. Ылдый тиктеп, сөзүн кунт коюп угуп жаткам. Бир карасам жоолугунун учу менен көз жашып сүртүп жатыптыр.

Тойдун эртеси эле Кыргызстанга учтук. Жөнөөрдө апама телефон чалып, баратканыбызды кабарладык. Апакем кубанганынан ыйлап жиберди, айланып-кагылып бүтпөй жатты. Аэропортко бизди Арсен узатып келди. Ошентип, Алматыдан башталган сапарым Грециядан аяктады. Тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес экен, Адыл агадай бир тууган, Арсендей дос, эң негизгиси, сүйүүмдү таптым. Жол алыс, Асел башын ийиниме коюп уктап баратты. Аны карап ичим элжиреп, ойготуп албайын деп абайлап бара жаттым.

Эх, сулуум менин. Апамдын алтын келини, карындашымдын жалгыз жеңекеси. Тагдыр сени мага жолуктурбаса, билбейм сендей жароокер жанга жолугат белем, ким билет? Билем, жаңы жолукканда сени такыр жактырчу эмесмин. “Байдын эрке жээни” деп мыскылдап күлгөнүм азыр да эсимде. Туура, мен деле сага катардагы бирөө болчумун. Таякеңди курчаган көп жигиттин бири катары мамиле кылып, канча капа кылдың. Баарын көтөрдүм, чыдадым. Билбейм, эмнеден улам экенин, бара-бара өзгөрө баштадың. Убакыт өткөн сайын эркелигиң, кайсарлыгың жоголуп, назик, жароокер жанга айлана баштадың. Муну мен баягы жаздын алгачкы күнү байкадым. Түндө жамгырда сырттан шөмтүрөп суу болуп келсем “суук тийип калат” деп чыйпылыктап кийимдеримди чечип, башкасын бергенсиң. Бара-бара мага мамилең өзгөрө баштады. Сени кантип сүйүп калганымды, бир күн алыска кетсем сени көргүм келип сагынчу болгонумду өзүм да байкабай калдым. Арбап алдың, биротоло өзүңө имерип алдың. Адыл аганын үйүнөн мени Каныш ападан мурун назик, боорукер Асел тосуп алып, ошол адам кайра узатчу болду. Ортобуздагы бул жакындык сен Грецияга учуп кеткенде алоолоп күчөп кетти. Сагындым, кызгандым, үнүңдү уккум келди, бирок аргам жок эле. Алдымда оор милдет – Адыл аганын ишеними турган. Сүйүүгө көп сөздүн деле кереги жок окшойт, бат эле табышып, бат эле өз жолубузду тандадык. Буюрса, көп балалуу болобуз. Өзүңө окшош кыздарды, мага окшош уулдарды тарбиялайбыз. Алардын бактылуу күлкүсүнөн чогуу ырахат алабыз. Жароокерим менин. Сени бир өмүр барктап, сыйлап өтүүгө сөз берем!

Бишкекке жеткенде таң жаңы эле аткан. Андан ары айылга такси менен жөнөдүк. Айылда болсо апам көшөгөсүн илип, тойдун камылгасы менен буту жерге тийбей чуркап жүргөндүр. Баягы мени Алматыга таштап келген таякем эркектердин жумушуна баш-көз болуп өзү тургандыр. Таксиде Кыргызстандын жаратылышына көзү тойбой суктанып бара жатты Асел. Айрыкча Чычкан капчыгайынын сулуулугун көргөндө аябай суктанды.

– Мындай кооз жерди биринчи көрүшүм,- деди.

– Мындан кем эмес кооз жерлерди али көп көрөсүң,- деп мактанып алдым. Саналуу сааттардан кийин айылга кирип бардык. Көчөнүн башынан бурулганда таксист улам сигнал басып баратты. Жаш балдар кубалаша чуркап, келин келгенин жар сала кыйкырып баратышты. Кичинебизде биз дагы ушинтчүбүз.

Дарбазадан бурулганда тууган, кошуна-колоңдун ортосунда апам колуна ак жоолугун кармап күтүп туруптур. Апамды кучактап калдым, айланып-кагылып ал-абалымды сурап жатты. Апамдын бактылуу жүзүн көрүп көзүмө жаш тегеренди. Анан унаадан Аселди түшүрүштү, тик кароодон ийменип бир-эки кадам таштаганда апам алдын торой басып көптөн бери камдап жүргөн ак жоолугун башына салып, маңдайынан өптү. Асел улам-улам ийилип жүгүнүп жатты. Шашкалактаган апакемдин “Кудай жалгасын!” деген ак батасы угулду.

Аягы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
karakyz23
2020-08-24 09:36:09
Бүттүүүүү
+2
Raihan0602
2020-08-24 11:21:42
Шүгүр аягын жакшы бүтүптүр авторго рахмат
+2
aizirek...
2020-08-25 17:08:45
тиштери не болду????
0
temirov76
2020-08-26 10:16:09
Тишине таза камтама болдунар го,салдыргандыр да үйлөнүп аткандан кийин.Андан көрө тою качан экен ошону билгиле барып коёлу элден калбай.
+2
Etka
2020-09-02 12:12:43
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан