Анжелика: “УРМАТ ЭКӨӨБҮЗДҮ АЖЫРАШТЫРБАЙ ТУРГАН 3 КЫЗЫБЫЗ БАР”

Анжелика “эртең менен турсам да, тамак жесем да, бир буюм алсам да хайп болот” дейт. Ал жаңы унаалуу болду. Ал унааны алганга мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев менен чогуу барганы ырчы айымдын күйөрмандарында "экөө жараштыбы?" деген суроолорду жаратты. Жоопторду ырчынын өзүнөн угалы.

– Салам, Анжелика! Тулпар кут болсун! Жаңы унааң тууралуу айтып берсең. Башынан эле Lexus UX 200 үлгүcүндөгү унаа сатып алам деп издедиңби?

– Салам, рахмат. Бул унааны кантип алып калдык? Кыздарымдын атасы жаңы унаа алам деп, көпкө унаа издедик. Караштырсак, баалары унаанын абалына төп келбей жатты. 10 жылдай жүрүп калган, урунган, салону тытылган болуп жатып, көңүлүбүзгө төп келгенин тапкан жокпуз. Заводдон жаңы чыккан унаа минип калгандан кийин бирөө айдаган, 5-10 жыл жүрүп калган унаага отура албай калат экенсиң. Ошол себептүү кайра эле заводдон жаңы чыккан унаа сатып алууну чечтик. Lexus 570 же 460 алабыз деп барганбыз. Бирок бул унаага отуруп көргөндө чыккым келбей калды. Мага эң биринчи отургучтары жакты. Мындай салонго чет мамлекеттен отуруп көрүп, кыялданып койчумун. Мен социалдык тармактардагы баракчаларымдан түз эфирге чыгам, стористерди тартам. Мындай отургучтарда өзүмдү трондо отургандай эле элестетип видео тартып жатам. Унаа 2019-жылы чыккан. Жапжаңы, эч ким айдай элек унааны экинчи жолу сатып алып жатам. Баасы 40 миң долларга турду. 5 жылга насыяга алдым. Бирок мүмкүнчүлүгүм болуп калса, 1 жыл же жарым жылда деле төлөп коюшум мүмкүн.

– Буга чейинки унааң Lexus NX 300 кайда?

– Ал деле үй-бүлөдө калды. Аны Урмат айдап, бул унааны мен айдайм деп сүйлөштүк. Бирок 2 унаа тең кыздарыбыздыкы.

– Жакшы. Мурунку жолдошуң Урмат Бекболиев тууралуу өзүң да айтып калдың. Унаа сатып алганы да чогуу барганыңар күйөрмандарыңдын көңүлүн бурду. Алардын суроолоруна жооп алып берели, жараштыңарбы?

– Урмат экөөбүз расмий түрдө ажырашканбыз. Бирок бизди ажыраштырбай турган 3 кызыбыз бар. Ортодо бала бар болсо, эки адам түбөлүк бири-бирине байланат. Турмушу эки бөлөк болсо да, бала үчүн дайым байланышып турушат. Балада ата да, эне да болушу кажет. Тирүү кезибизде балдардын жанында болушубуз керек. Тирүү туруп эле жок кишидей катташпай койгон ата-энелерди же балдарды түшүнбөйм.

Урмат экөөбүз чынында кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Кудайдан коркпогон адамдар бар экен. Алар үй-бүлөбүзгө кол салып, алдап, жолдошумдун маңдай тери менен тапкан эмгегин тартып алган күндөр болду. Ошол окуялар расмий түрдө ажырашуубузга себеп болду. Буюрса, соттун акыркы чечимдерин күтүп жатабыз. Кандай чечим чыгат, билбейм. Бирок жашап жаткан үйүбүздү да жөн эле алдырып алганыбыз бар. Баары жакшы болот деп үмүттөнүп жатабыз. Кандай болгон күндө да кыздарыбыздын ата-энеси тирүү, алар ар дайым кыздарынын жанында болушат. Айрымдар “кыздарынын көздөрү муңайып турат” деп айтышат. Андай болгон эмес. Менин кыздарым кайгырган жок. Адамдар кандай көргүсү келсе, ошондой көрөт экен. Бизде баары жакшы. Болгону жеке жашообуз азыр эл үчүн жабык. “Мен бактылуумун, үй курдук, экөөбүз бул жакта жүрөбүз” деп эл алдына чыгара берген жоруктарды жасабайбыз деп чечкенбиз. 10 жыл бою жашообузду элге сериал сымал эле көрсөттүк окшойт. Азыр кулпуладык.

– Мунун баарын Анжелика пиар үчүн жасап жатат деген комментарийлерди көп окуп жатам...

– Анжелика эртең менен ойгонсо да, тамак жесе да, унаа сатып алса да, күйөөсүнүн жанында жүрсө да, күйөөсү жанында жок болсо да хайп, пиар. Кандай кабыл алгыңыздар келсе, ошондой кабыл алыңыздар. Жашоо меники. Жашоо бир келет. Андыктан Жараткан берген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланышыбыз керек.

– Жакшы. Анда унааң тууралуу сөздү уласак, Lika деген өзгөчө номериң көңүлдү бурду.

– Бул номерди шеринелештерим белек кылышты. Мындай номерлер 100 миң сом турат экен. Биз негизи 100 миң сомдон шерине ойнойбуз. Ал акчаны жакында эле алгам. Ага карабай мага ушундай жагымдуу белек кылышты. Өзүм да ишене албай турам. Бул номер менен мени эми кайда жүрсөм да таанышат го.

– Кандай айдоочусуң?

– Тажрыйбасы чоң айдоочумун, жакшы айдайм. Бирок жүргүнчү катары жаманмын, айдоочуга үйрөтө берем. Кээде рулду талашам. Жашоодо адамдын тыңдыгы унаа башкарганынан билинет. Эрежелерди бузбай, унааны тың айдаш керек.

– Эреже демекчи, айып пул көп келеби?

– Пандемия учурунда 35 миң сом айып пул келди. Себеби ыктыярчы топко унаамды берип жаттым. Алар адам өмүрүн сактап калалы деп жол эрежесин бузуп жатышты. Арыз жаздык, айып пулду кечип беребиз дешти. Жай турмушта 2000-3000 сомдон айып пул келип турат. Бирок кээде гана.

– МАИ кызматкерлери көп токтотобу?

– Унаамды жаңы эле салондон айдап чыкканда токтотушту. Бирок эреже бузганым үчүн эмес. Эстеликке сүрөткө түшүп алуу үчүн жана ыраазычылык билдирүү үчүн. Бирөөсү “пандемия учурунда бир тууганыма жардам бердиңиз, сиз берген дары менен сакайып кетти” деп рахмат айтты. Мени эреже бузбасам деле токтотушат (күлүп).

– Эми акыркы жаңылыктарыңа кезек берели. 5 партиядан талапкер болууга сунуш түштү дедиң...

– Ооба, алар акырына чейин мени макул болот деп күтүп жатышты. Бирок мен ишенген, тизмесинде мыкты жаштар бар партия башка партияга кошулуп кетти. Ошол себептүү артка кадам таштадым. Тизмедеги алдыңкы орундарды берип, ишеним көрсөткөндөргө ыраазы болдум. Мен бийликке барбай эле элиме кызмат кыла берем.

– Кечээ “Инстаграм баракчамды башка бирөө башкарып жаткандай болуп жатат, түз эфирге да чыга албай жатам” деп жаттың эле...

– Ажо менен жолугушуудан кийин телефондорум иштебей калды. Бирөөгө чалсам, үнүм угулбайт. Элсомго байланган номерим такыр иштебей калды. Эмнеге андай тоскоолдуктар болуп жатканын билбейм. Көзөмөлгө түшүп калдым окшойт. Кайсы жерден туура эмес сөз сүйлөп, бирөөнү жамандап коёт деген аңдуудамын. Аны ачык айтам. Ошондуктан факт менен гана сүйлөйм. Каалоо-тилектерди жазышса, ал комментарийлер өчүп калып жатат. “Анжелика баланча буюмду элдин акчасына алдыбы? Элдин акчасын эмне кылды?” деген сыяктуу негативдүү комментарийлер жазылып жатат. Мен отчёт бердим. Азыр да бере алам. Элсом аркылуу 6 миллион сом чогултсак, мен өзүмдүн маңдай терим менен тапкан акчадан миллион сом элге жардам үчүн жумшадым. Кудай алдындагы жоопкерчилигим күчтүү. Биз минтип отчёт бергенди үйрөнсөк, мамлекет да элге отчёт бергенге өтөт деп ишенем. Азыр да сурайм, чет жактардан келген жардамдар кана? Мен суранган социалдык дарыкана эмне болду? Биз мамлекетке көмөктөшүп, жакшы иштерин бекер жарнама кылып берүүгө даярбыз.

– Алар да жооп берет деп ишенели. Маегиңе рахмат. Ийгиликтер көп болсун!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Baktyluumun98
2020-08-31 12:52:02
Артист деген артист. Артисттердин жашоосу дагы артист. Анан дагы,"биз, маданият адамдары" деп суйлошот, элестеткиле... Соз, азыркы артисттер жонундо болуп атат. Эки ыр ырдап коюп, кобунчо ушундай жашоосу менен элдин конул чордонунда болот. Анан элге таанымал болуп калдым деп, озун маданият адамы элестетип сыймыктанып жашай беришет. Салыштыра келсен чыныгы маданият адамы таптакыр башкача болот.
+11
Biinura
2020-08-31 13:05:37
Ыйык сахнанын ыйык ырчысы, пиары да ыйык)))), кылыгы да ыйык. Пиарсыз жашай албайт ыйык ырчыбыз))).
+9
nazarnew
2020-08-31 13:40:40
Молодец ийгилик сага, кыргыздын эң мотивационная бизнес ледиси, эч кимди укпай алга аракет кыла бер, ит үрө берет күчтүү адам алга жүрө берет.
-3
i1urp
2020-08-31 14:17:35
Жаш болуп, сулуу болуп журо бер Анжелика досум. Сен эми жанагы кее бир жаш ырчыларды ээрчип кемпирге окшоп хиджабка чумконуп, аларды туурабай эле кой.
-7
nazi25
2020-08-31 14:24:00
Пай пай паай мактанганын карагыла
+9
Noon
2020-08-31 15:19:35
Кандай сонун унаа! Бизге да буйрусун иншаллах!
+5
i1urp
2020-08-31 15:35:54
Noon,
Иншаллах, аллах акбар деген создордун кыргыздарга эч пайдасы жок.
-16
SalihaQueen
2020-08-31 21:04:50
i1urp,минус басам деп, плюс басылып кетти.
-1
Tymar
2020-08-31 15:45:12
Ушундай кыргыздын жаш, сулуу, келбеттуу кыздарын коруп абдан суктанабыз эркектер. Кыздар жасанып, сулуу корунуп, чачты кое берип, татынакай корунуп турса кандай бир керемет. Тенирим колдосун кыргыздын сулуу кыздарын.
-7
Bermet01
2020-08-31 15:54:08
Анжелика эч кимдин оюна коз каранды болбо. Сенин жашоодогу туйшугунду оозу чириктер которбойт. Так что кыздар дайыма эркин, эрктуу болгула. Ошондо гана бактылуусунар. Жашоодо бир келесинер, бир келген жашоону эркин, жыргалчылыкта откоргуло.
-2
sinej
2020-08-31 16:08:39
Анжеликанын сулуулугун, ийгилигин коро албагандар коп. Коро албаган адамдар - булар бактысыздар.
-3
Jibakana
2020-08-31 23:06:21
sinej,ии не мынча кошоматчысын?Сен кошомат кылып озунду бактылуу сезип жатасынбы?
+2
PeRa
2020-08-31 17:17:32
Баардык жагынан чындыгында кыйын, бир гана маданият жагынан кичине аксап жатат. Инстаграммына кирип комментарийлерге жоопторун окуп кирсең эле, жаман болуп, экинчи окугуң келбей калат. Ошолорго теңелбей эле, алга деп, кыргыз элинин сыймыгы болуп жүрө бер.
-1
Adil18
2020-09-02 02:12:37
PeRa,
+ басамын деп - басылып кетти
-1
PeRa
2020-08-31 17:20:08
Менин айтаарым, эл адамы болгондон кийин, жакшы, жаман сөздөрдү дагы көтөрө билүү керек. Ашынып бараткандарга сот аркылуу жоопторун берип.
-2
Nadirabeby
2020-08-31 18:24:42
Кыйынды кыйын деш керек азаматсын уй булолук бакыт каалайм.
-2
Nur777
2020-08-31 20:32:13
Ооба,кыйынды кыйын деш керек,куйоосу менен жарашканына кубандым,бирок тиги 501 роза берген казак олигархы не болду деп кайгырып жатам...а Парижде ото турган уйлонуу улпотчу?Койнокчу?...ал байкушка "сен башка планетадан келгендейсин,сендей эркек жок бул планетада" деп асыл создорду арнабадын беле "А"дан башталган ысымга,калдыбы байкуш баурым?...
+5
Dikowka93
2020-08-31 21:09:19
Nur777,менда ошону ойлоп жатамда...ал анжелланы тоготпой койду окшойт олигархы
+6
fanatka19
2020-09-01 01:12:07
Апам эки опкосунон пневмония болуп,клексан деген дары издедик,барбаган аптекабыз калган жок,баары эле жок дешет.Фейзбуктан бироо 6 минге сатам дегенди угуп чалсам,жаны эле сатып ийдик деди.Айла жок эжемдин каршы болгонуна карабай Анжеликадан жардам сурадым.Клексан бар эгер акчаныз болсо сатып алсаныз болот,биз кайра клексан алабыз,эгер акчаныз жок болсо бекер беребиз деди,Жолдор жабык баралбашымды айтсам бир баладан берип ийди.,Кара Балтада турабыз уй булообуздун атынан ыраазычылык билдиреи.
+10
sumaya
2020-09-01 02:44:29
fanatka
+басам деп - басылып кетти
+1
Gospozhatsetok
2020-09-02 21:56:29
Урмат дагы эркек экен ушунча нерседен кийин дагы сага келген.
+2
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан