БАЛАНЫ БАСУУГА ДАЯРДОО

Азыр бала багуу кыйла жеңилдеген. Убакытты үнөмдөө үчүн апалар балдарын ходунокко, атайын отургучка сала коюп ишин бүтүрүп алышат. Мындан тышкары бешикке же жалаякка таңып уктатышат. Бирок бул жабдууларды узак убакытка колдонуу баланын ден соолугуна, басуусуна чоң зыянын тийгизерин эстен чыгарып коюшат. Баланы басууга даярдоо кандай шартта жүрүүсү керек экенин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар ортопеди Мирбек Эмилбеков айтып берет.

6 АЙЫНАН КИЙИН ОТУРГУЗУУ

– Бала жаңы төрөлгөндөн баштап 6 айына чейин жатышы керек. Анткени ымыркай төрөлүп жатканда сөөктөрү жумшак болот. Курсактагы кезинде ай сайын улам бир органы өөрчүп жүрүп отурганы сыяктуу эле, төрөлгөндөн кийин дагы акырындап калыпка келип жүрүп отурат. Мисалы, төрөлгөндөн 3 айынан кийин жаткан жеринен башын көтөргөнгө аракет жасап баштайт. Андан кийин эки жак капталдарына оодарылууга аракет көрүп баштайт. Ошентип отуруп, 6 айына чейин булчуңдары чыңалып иштеп, бели, моюну өзүнүн салмагын кармай ала тургандай абалга даяр болот. Андан кийин баланы акырын алдыга алып отуруп же айланасына жаздыкчаларды коюп отурууга үйрөтүү керек. Анткени 6 айдан ашса деле бала отурганды билбей, боюн кармай албай ооп кетиши ыктымал. Демек, организм даяр болгонго чейин баланы кыйнап отургузганга болбойт.

Бала отуруп калгандан кийин айланасындагы адамдарды көрүп, оюнчукка кызыгып, аны алууга аракет кылып жыла баштайт. Мына ушундан тартып бала жөрмөлөөгө аракет кылат.

ЭМГЕКТӨӨ – ЭҢ ПАЙДАЛУУ

– Бала басканга чейин бардык зарыл болгон этаптарды өтүшү керек. Азыркы балдар отуруп калгандан кийин дароо ходунокко түшүп калышып эле эмгектөө, жөрмөлөө этабын билбей калышат. Бала талап боюнча жөрмөлөшү керек. Эмгектеген баланын тизелери, муундары, булчуңдары катат, бекемделет. Бул нерсе кол бөлүгүнө, алакандарына да пайда. Анткени бала таянганды үйрөнөт. 2-3 ай эмгектегенден кийин бала бир нерсеге таянып кас-кастап тура баштайт, бирок кадам шилтей албайт. Сөөктөр толугу менен бойду кармап турууга даяр боло элек болгондуктан, 3-4 секунд туруп, кайра отура калып, 2-3 айда боюна туруп калат. Андан кийин карманган нерсесин коё берип, 1-2 кадам шилтеп өз алдынча басканга үйрөнө баштайт. Бул 1 жашка жакындап калган мезгилдеги көрүнүш.

БАЛАГА ЖАРДАМ БЕРИҢИЗ

– Өз алдынча кадам шилтей баштаган балага ата-эне жардам бериши керек. Тактап айтканда, дөңгөлөктүү чыгырык берген жакшы. Бала чыгырыкты түртүп бир аз басып, чарчаганда отуруп эс алганга шарт түзүлүшү керек. Ал эми ходунокко салганда бала чарчаган жеринен токтоп, отурбай эле кайра жүрүшүн улантат. Ходуноктон чыгарып бастырган учурда ал боюн өз алдынча кармай албай, артка кетенчиктеп жыгылып, тулку боюнча көзөмөл кыла албай калат. Ошондуктан баланы өз алдынчалуулукка башынан үйрөткөн туура.

Айта кетчү нерсе, ар бир бала организмине, түзүлүшүнө, генине жараша ар кандай учурда басат. Бала 9-10 айында же 1 жашында сөзсүз басышы керек деген туура эмес. Бирөөнүн баласынын эрте басканын көрүп, сиздин балаңыз кадам таштай элек болсо, кабатыр болуунун кажети жок. Бала өсүшүнө, калыптанышына жараша ар кандай учурда басат. Негизинен, 1,5 жашка чейин бала басканды үйрөнүп калышы керек.

УЗАК УБАКЫТКА ТАҢБАҢЫЗ

– Бешикке таңуу – бул бала бетин кармалап, уктап жатканда бетин тытып албасын, уйкусун бузуп албасын деген максаттагы ыкма. Бирок узак убакытка таңуу туура эмес. Ымыркайдын муундары уктап жатканда эркин кыймылда болушу керек. Мисалы, Япониянын Саламаттыкты сактоо боюнча министрлиги баланы таңууга мамлекеттик деңгээлде тыюу салган. Баланын сөөктөрү жакшы өөрчүп, муундары кыймылдуу болушу үчүн массаж жасап туруу керек. Бешикке көп таңганда баланын башынын формасы да бузулуп, жалпак же кыйшык болуп калышы толук мүмкүн.

Бешик кыргыз элинин илгертен келе жаткан буюму болгондуктан, ырымдап бөлөп эле жүрүшөт. Андыктан терметкенде кулабагыдай кылып бошураак таңып, уктатса болот.

Байкасаңыз, бала уктап жатканда эки колун өйдө көтөрүп, буттарын баканыкындай эки жакка ачып, бүгүп алып уктайт. Дал ушундай позада уктаганы эң пайдалуу.

ДИСПЛАЗИЯ КОРКУНУЧУ

– Ходунок деп кеп кылып жатабыз. Бул жабдуу же оюнчук дейбизби, айтор, баланын физиологиясына терс таасирин берүүчү нерсе. Муну баары эле билсе керек. Ошентсе да баланы ходунокко узакка отургузуу ар кандай патологияга алып келерин эскерте кетүү керек. Медицинада эң башында ходунокту ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн чыгарышкан. Кийин кытайлар аны оюнчук катары чыгарып коюшту, анан дүйнөгө жайылып кетти.

Баланын муундары, сөөктөрү отурууга, басууга даяр боло электе эле ходунокко салып коюшат. Натыйжада бутка, таманга, томуктарга күч келет. Мындан улам дисплазия сыяктуу патологиялар келип чыгат. Дисплазиянын көптөгөн себептери бар. Ал тукум кууйт, витамин жетишсиздиги же кош бойлуулук мезгилиндеги ар кандай факторлор таасир этиши мүмкүн. Мунун себептерин санап отурса абдан көп, бирок биз баланын басуусу тууралуу темага токтолуп жаткандан кийин кыскача эле айта кетейин. Дисплазия – бул баланын жамбаш сөөктөрүндөгү томуктарынын толук өөрчүбөй калышы. Мисалы, бала 10-11 ай кезинде томуктары толук өөрчүп бүтөт. Эгерде андан эрте отургузуп, тактап айтканда, ходунокко сала берсе, жакшы калыптана элек томуктарды баланын салмагы эзип салат. Натыйжада томуктар жабыркап, кашка жиликтин башы жамбаш сөөккө туура бекибей, өз ордуна туура орнобой өйдө же бош орноп калат. Бул ооруну дарылабаса бала баспай калышы толук ыктымал.

МАЙ ТАМАНДУУЛУК

– Май тамандуулук (жалпак таман) – бир же эки буттун тең таманынын жалпак болушу. Тамандын ички коңулу жоголуп, басканда таман толук бойдон жерге тийиши. Бул нерсе, биринчиден, тукум кууйт, балага атасы тарабынан өтөт. Мында балага атайын бут кийимдер дарыгер тарабынан жазылып берилет. Бут кийимдин таманы формасын жоготпогудай, катуу жана бир аз такасы болушу керек. Бул оору эч кандай кооптонуу жаратпайт деген жаңылыштык. Тамандын бузулушу муундар менен шыйрактын бузулушуна алып келет. Ал өз кезегинде ар кандай муун ооруларын пайда кылат. Андыктан май тамандуулуктун алдын алуу жана өз кезегинде дарылоо өтө маанилүү. Тамандын сөөк ткандары толук бойдон бала 14 жашка чыкканда катып бүтөт. Мындан кийин май тамандуулукту дарылап айыктырууга мүмкүн эмес, болгону тамандын андан кийинки бузулушунун алдын алууга болот.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Barcho
2020-09-28 21:55:39
Эн керектуу маалымат
+2
Baku0730
2020-09-28 23:26:37
Ии мен ходунокко салып коюп, үй иштерин кылам го
0
radostmoya
2020-09-29 13:08:42
Эки баламды тең 5-6 айынан ходунокко салып, бешикке бөлөп эле чоңойттук. Басып эле, чуркап эле жүрүшөт. Бешикте колу гана кыймылдабастан, асты кургак, жылуу уктайт. Ата бабаларыбыз чоңойгон бешикте. Памперс түнкүсүн жакшы. Күндүзү бешикте жатса, эне да жумуштарын жасап алат. Колу кыймылдаган сайын өзүнүн кыймылынан чочуп ойгоно берет эмесе.
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-09-30 09:52:01
Кызымды 6 айынан ходунокко салып туура эмес кылдымбы?Бир жашында басты, Кудайга шүгүр,чуркап жүрөт.
-1
Mira8586
2020-10-02 11:37:43
Эн туура, бул маалымат дуйнолук медицина тастыктап келет...баланын азыр билинбеседа омуртка оруулары, чонойуп билине баштайт, тез чарчоо бел оруу деген сыяктуу. Менин кызым 10 ай ходуноксуз эле озу аракет жасап бир жерлерди кармап басып жатат, ээн оробой жаткызуу не только аракетке мээсинин орчушунода чон таасир тийгизет экен!
+2
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан