ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-СЕНТЯБРДАН 4-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын башы үйдү иретке келтирүүгө ыңгайлуу. Апта ортосунда кырдаалды жеке кызыкчылык үчүн пайдалануу керек. Уккан жаңылыгыңыз маанайыңызды бузат. Апта акырында акча алып келчү жаңы пландарды түзүүгө жетишесиз. Ишкерлер үчүн сүйлөшүүлөр же жолугушуулар жогорку деңгээлде өтөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Карыздар боюнча маселе же аткарылбаган убада жаатында чыр чыгышы мүмкүн. Досторго жардамга кайрылыңыз. Апта ортосунда каржылык жаатта жолуңуз болот. Жаракатка кабылбаш үчүн көчөдө абайлап жүрүү керек. Апта акырында энергия көп болуп, бир топ иштерди бүтүрөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта башында жакын адамыңыз менен чыр чыгат. Апта ортосунда жаңы иш ордуна ээ болосуз же киреше булагын табасыз. Алыс сапарга чыгууга болбойт. Кырсыкка кабылуу коркунучу бар. Досуңуз маселеңизди чечүүгө жардамдашат. Кооптуу кадамдарга барбоо керек, акчалай чыгым тартып каласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйгө жана үйдөгүлөргө, өзгөчө балдардын ден соолугуна кам көрүңүз. Каалооңузду ишке ашыруу кыйынга турат, бирок жолун табасыз. Ишкерлик кылгандар бир топ жаңы адамдар менен таанышат. Каржылык иштер оңолот, киреше кирет. Жакындар же достор менен бир жакшылыкты белгилейсиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Күмөн санаткан адамдар менен иштешүүдө этият болбосоңуз, жалаа жабылып калышы мүмкүн. Жеке жашоого өзгөртүү киргизүүгө шашылбаңыз. Айрымдар жамааттык иш-чарага катышышат. Конок келүүсү күтүлөт же конокко барасыз. Бир жаңылык келечек пландарыңызга өзгөртүү киргизүүгө түртөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ишиңизге байланыштуу жаңылык күтөт. Капа болбоңуз, өзгөрүүлөр сиздин пайдаңызга жүрөт. Алдоо жолу менен тузак салгысы келгендер чыгат, сак болуңуз. Жаңы өнөрдү, тилди өздөштүрүү тезирээк жүрөт. Бул жаатта план болсо киришиңиз. Сатып алуулардан, ашыкча чыгымдардан карманыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ката кетирбеш үчүн бирөөлөрдүн тилине кирбөө керек. Көңүл сүйбөгөн компаниянын коногу болбоо сунушталат. Үй, чарба иштерине убакыт бөлүңүз. Аткарылбаган иш жаатында жетекчилик сүйлөшүүгө чакырышы мүмкүн. Болбогон нерселерге кийлигише берсеңиз, үйдөгүлөр менен кер-мур айтышып каласыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кандай окуя күтүлбөсүн жаманатты болбоо үчүн тең салмактан чыкпаңыз. Акчалуу болуп, кирешеңиз көбөйөт. Өзүңүздүн иштериңизге көңүлүңүз толбой, бир аз капа болосуз. Досуңуздун маселесин чечүүгө көмөгүңүз тиет. Көбүрөөк чарчаганыңыз билинсе жалгыздап эс алып, күч топтоңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кайсы бир таасирден улам жашоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча көз караштар өзгөрө баштайт. Алыска болгон сапар өзүн актайт. Досуңуз жакшылыгын белгилеш үчүн чакыруусу ыктымал. Үйдү, короо жайды өрттөн сактоо керек. Туугандардын айтканын туура эмес көрсөңүз да кайым айтышууга жетпеңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Күтүлбөгөн талаш-тартыш абалды чыңалтып, сизге зыянын тийгизет. Жаңы таанышыңыз кыйынчылыкта сизге кол сунуп, ишенимди арттырат. Алыста жашаган таанышыңыз жаңылыгы менен бөлүшөт. Белекке жаңы буюм же кийим аласыз. Балдарды эс алдырууга же муктаждыктарын чечүүгө акча коротосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жубайлык жашоо кубаныч тартуулайт. Кайсы иш болбосун ийгилик менен коштолот. Абройду түшүрүп албоо үчүн какшык сөздөн, сын тагуудан карманыңыз. Ден соолугунда маселе жаралгандарга өз алдынча дары ичүү сунушталбайт. Соода жасоодо так болбосоңуз алданып калуу коркунучу бар.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бир окуядан улам жашоонун, достун кадыр-баркын түшүнөсүз. Кышка деп отун-суу же салат, кыям камдоого аралашасыз. Издеген буюмуңуз табылып калышы мүмкүн. Зарыл ишти бирөөгө тапшырбаңыз, чала бүтүрөт. Коммерциялык иштерде так болуп, эсеп-чотту убагында жүргүзүү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан