Ренат Төрөмамбетов, актёр: «АТА-ЭНЕМ ООРУП КАЛГАН ЭПИЗОДДОРДУ АТКАРУУ ООР БОЛДУ»

Пандемия жана шайлоо учурунда Кыргызстандагы окуяларды чагылдырган режиссёр Айбек Дайырбековдун «Таң алдында» сериалы көрөрмандар тарабынан жакшы кабыл алынды. Бул сериалда баш каармандын ролун аткарган Ренат Төрөмамбетовду маекке чакырдык. Ал фотограф, модель катары жакшы таанымал.

– Ренат, кандайсыз? «Таң алдында» тасмасына кантип тартылып калдыңыз?

– Жакшы, рахмат. Кастингге чакырышты. Кастингден өтүп кетип аткарып калдым. Мен Айбек Дайырбековду күчтүү режиссёр деп эсептейм. Ошондуктан кастингден өткөндө кубандым. Муну менен катар тасманын негизги максаты элди жаңы кадам таштоого, жаңыча ойлонууга чакыруу болгондуктан, ушундай жоопкерчиликти алган адамдардын катарында болуу мен үчүн кубанычтуу болду. Тасмага тартылуумдун максаты ошол болду, атактуу болуу эмес.

– Бул сиздин тасмадагы алгачкы ролуңузбу?

– Мындан он жылдай мурун клиптерге тартылып, кыска метраждуу, толук метраждуу тасмаларда эпизоддук ролдорду ойноп жүрчүмүн. Эң алгач Мирбек Атабековдун «Күндөр жаңырат» ырынын клибине тартылгам. Бул клипке сунуш түшкөндө алгач баш тарткам. Анан эле туугандарыбыз чогулуп отурган жерде таенем «бир да балам же неберелерим чыгармачылык жол менен кеткен жок. Бирөө ырдап чыкса жакшы болмок» деп сүйлөп калды. Таенемдин каалоосу мага түрткү берди. Дагы бир ирет чалышканда макул болуп тартылгам. Ошентип бул чөйрөгө капыстан эле келип калгам. Андан кийин башка иштер менен алек болуп жүрдүм. «Таң алдында» сериалында алгачкы жолу баш каармандын ролун аткардым. Буга чейин деле белгилүү тасмалардын баш каармандарынын ролун сунуштап келишкен. Бирок ар кандай себептер менен баш тарткам.

– Тасма аз убакыттын ичинде тартылды окшойт?

– Ооба, бир жуманын ичинде 2 серия тартып жаттык. Тартуу иштери июлдун аягында башталып, сентябрдын ортосунда бүттү. Биз башкы серияларын тартып жатканда, кийинки серияларынын сценарийи жазылып жатты. Шашылыш тартылганынын себеби, тасманын максаты – пандемиядагы оор учурларды эске алып, элди таза шайлоого үндөө болчу. Ошондуктан шайлоого чейин шашылыш тартышыбыз керек болду.

– Жакшы. Каарманыңыздын образын толук ачып бере алдыңызбы? Өзүңүздүн актёрлук чеберчилигиңизге кандай баа бердиңиз?

– Актёрдук чеберчилигимди дагы да жакшыртышым керек. Чыгармачыл адам дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүшү керек. Мага тасма талаасында режиссёр, актёрлор жакшы жардам беришти. Тажрыйбалуу актёр болбогондуктан, көп убакыт тартылбай жүргөндүктөн башында кыйналдым. Кандай аткардым, аны көркөм жетекчи, режиссёрлор айтышы керек. 2-сезон тартыла турган болсо, мындан да мыкты ойноого аракет кылам.

– Кайсы эпизодду ойноо оор болду?

– Ата-энем ооруп калган эпизоддорду аткаргым келген жок. Адам андай оор сыноонун тасмада да болушун каалабайт экен.

– Чыныгы жашоодо пандемия сизге кандай таасир берди?

– Бул дүйнөдө эч нерсе маанилүү эмес экен. Адамга адам жана адамдын көңүлү гана керек экени дагы бир ирет далилденди. Чоң атам «балам, бул дүйнөдө эң негизгиси көңүл, тиги дүйнөгө да көңүлдү гана алып кете алабыз» деп көп айтып калчу. Ошол маалда кимдин ким экени билинди. Биз да эч ким менен сүрөткө түшпөй, аны интернетке жүктөбөй эле элге колубуздан келген жардамды берип жүрдүк.

– Актёр болуу кыялыңыз беле?

– Жок. Актёр болом деп ойлочу эмесмин. Башта айткандай, бул тармакка капыстан эле келип калгам. «Таң алдында» сериалына тартылгандан кийин дагы ар кандай долбоорлорго сунуштар түшүүдө. Мага азыр терс каармандын образын жаратуу кызык болуп жатат.

– Тасмадагы каарманыңыз Максат менен окшоштугуңуз барбы?

– Тартуу талаасында окшош экенсиңер деп айткандар болду. Мага да анын мүнөзүн чагылдыруу жеңил болду. Максат сабырдуу. Мен да жашоодо сабырдуу болууга аракет кылам.

– Фотографсыз, моделсиз. Актёрлук кесипте да өзүңүздү сынап көрдүңүз. Кайсы кесиптин дипломун алгансыз?

– Кесибим боюнча экономистмин. Эсепчи болуп 8 жыл иштедим. Мындан тышкары программист болуп да иштеп көрдүм. Мага бул кесиптердин баары жагат. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, азыр да көп нерселерди үйрөнүүгө аракет кылам.

– 34 жашта экенсиз. Өз жашыңыздан жаш көрүнөт экенсиз. Келбетиңизге атайын кам көрөсүзбү?

– Негизгиси, муздаткычта укташ керек, тамаша (күлүп). Көптөр мени бетине кам көрүп, бир канча кремдерди колдонот деп ойлошот экен. Менде бир крем барбы деп сурасаңар. Болгону туура тамактанам, спорт менен машыгам.

– Сериалдан кийин кыздар арасында популярдуу болдуңузбу?

– Кыздар ага чейин деле жазышчу.

– Ошол кыздарга кызык болсо керек, жеке жашооңуз тууралуу айтсаңыз...

– Сүйлөшкөн кызым бар.

– Үйдөгүлөр «качан үйлөнөсүң?» деп кыйнап жатышса керек?

– Айтып жатып тажап калышкан (күлүп). Мени 9-класстан баштап «үйлөн» деп башташкан. Мындай сөздөр мен үчүн көнүмүш болуп калды. Бул нерсе тагдырдан. Бардык нерсе Кудай буюрган күнү ишке ашат. Сүйүктүүм экөөбүздүн жакында баш кошуу пландарыбыз бар. Ал чыгармачылыгымды сыйлаган, мени колдоп турган адам. Мен аны менен сыймыктанам. Ийгиликке жеткенде ыраазычылык айта турган алгачкы адам жубайың же сүйлөшкөн адамың болушу керек деп ойлойм. Анткени ийгилигиңде ал адамдын салымы чоң болот. Бизде аялдарына ыраазычылык айтышпайт. Эмнеге жубайларына ыраазычылык билдирүү, аны эл алдында көтөрүп коюу көпчүлүк үчүн оор? Мени ушул суроо ойлондурат.

– Жашоодогу кыялыңыз эмне?

– Ата-энем ыраазы болгон адам болуу. Ар бир адам үчүн ушул нерсе эң маанилүү деп ойлойм. Ошондой эле чыгармачылыкта көп ийгиликтерге жетишсем дейм, бул материалдык жактан эмес. Мындан тышкары дүйнө жүзүндөгү чоң шаарларда, мисалы, Нью-Йорк, Токио, Лондондо сүрөт көргөзмөмдү уюштурсам деген кыялым бар.

– Кыялдарыңыз ишке ашсын. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Komar
2020-10-19 12:43:51
Эмнеге аялдарына ыраазычылык айтылбайт? Анткени келин уйго келгенде адам эмес эле бир малай келгендей кабыл алышып,баарылап Сенин аялын деп жамандап, айтышса байкуш куйоо Аялы чын эле жаманбы же жакшыбы ажырата албай калып атпайбы:). Кийин улгайып баратканда козу ачылып ыраазычылык айта башташат же Ичинен ыраазы болуп мамилеси мн билгизишет :).
+4
Komar
2020-10-19 23:03:32
Komar, Аткарган ролу жакты,ийгилик каалайм!
+2
Hurem
2020-10-21 22:45:02
Komar,плюс басам деп, минус басып алдым;)
0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан