Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЗЫРКЫ ТАСМАЛАРДЫ КӨРБӨЙМ»

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.


«Мен Тянь-Шань» тасмасында Кадичанын, «Ак кемеде» Бекейдин, «Курманжан датка» фильминде Курманжан датканын, деги койчу, бир топ тасмаларда, спектаклдерде ролун берилүү менен элди ишендире аткарган актриса, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Назира Мамбетова коногубуз болду. Актриса азыр да кыргыз театрынын келечеги үчүн салым кошсом экен деп талыкпай иштеп жүргөнүн айтат.

– Назира айым, саламатсызбы? Азыр эмне менен алексиз?

– Жакшы, рахмат. Азыр бошпуз, театрдын эшиги жабык. Пандемия деген неме дагы кандай жагдайга алып барат, белгисиз. Көрүүчүлөр үчүн 3 спектаклди даярдап койдук. Орус драматургу Николай Коляданын «Экөө» («Старая зайчиха»), Людмила Молдалиеванын «Жат эмесмин», Кайрат Иманалиевдин «Үмүт» деген пьесаларын сахналаштырдык. Акыркы жылдары Жаштар театрына спектаклдерге демөөрчүлөр өздөрү акчасы менен, драматургдар өздөрү пьесасы менен келип жатышат. Бул кубандырат.

Азыр аталган 3 спектаклди даярдап коюп, көрүүчүлөрүбүзгө тартуулай турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Азырынча театрдын эшиги качан ачылат, белгисиз.

– Театр демекчи. Жаштар театрынын мышык ыйлай турган абалы тууралуу буга чейин да айтып, коңгуроо кагып келгенсиздер. Жаңы театр курулат деп кубанып жаттыңыздар эле?

– Пандемия баштала электе мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов президент менен сүйлөшүп, жаңы театр курабыз деген чечимге келишкен экен. Бул генералдык планга кириптир. Азыркы каатчылык бизди чочутуп жатат. Бул демилге ишке ашабы, ашпайбы, бүдөмүк. Азыр сиз көрүп турган ээси кеткен эски сарайды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөбү, ал да белгисиз.

– Жашооңузда материалдык байлыкка умтулдуңузбу?

– Мен материалдык байлыкка умтулбайм. Менин байлыгым – көрүүчүлөр, ролдор, жан дүйнөм. 20-30 чыны үчүн кайгырганга караганда 20-30 адамдын тагдырына, ролдордун тагдырына кайгырышым керек.

– Сиздин үйүңүз жок экени көп айтылып калбадыбы. Буга чейин да курсташыңыз Марат Алышпаевден маек алганыбызда ал «Назира Мамбетовага наам бергенче үй берип койсо жакшы болбойт беле» деп кейиди. Сиз да ошентип ойлойсузбу?

«Мен кыйратып жатам, эмнеге үй бербейсиңер?» деп кайсы эшикти тепкилээримди билбейм. Ошол эшикти билсем да өзүмдү сындыргым келбейт. «Жок» деп койсочу. Ошол жерден кантип туруп басып кетем? Театр босогосун аттаганыма 53 жыл болуптур. Ошто иштеп жүргөндө Оштон 2 бөлмөлүү батир беришкен эле. Аны сатып, ошол акчага Бишкектен үй алайын десем, сарай да келбейт экен. Ошондон бери батирде жашайм. Билесиңби, ошол кабат-кабат үйлөрдө жашап, түрдүү унааларды айдап жүргөндөрдүн ички дүйнөсү кандай экенин бир Кудай билет. Мен ички дүйнөмдү байытып, ички дүйнөмдө эл менен болгум келет. Бул дүйнөдөн таза өткүм келет. Бирөөнүн ырыскысын уурдагым келбейт. Азыр кабат-кабат үйлөрдү, чалкалап тебе турган унааларды айлыкка алыш татаал. Башкалар кантип ага жетип жатканын бешиктеги бала да билет.

– Ролдоруңуздун арасынан өзүңүзгө көбүрөөк жакканы, жакыны бар чыгар?

– Режиссёр, драматург же кесиптештер роль берип жатканда «ушул актёр же актриса аткара алат» деп ишенип беришет. Ишенимин аткара албай калсам, эртеңки күнү ролго жетиш кыйын болуп калат. Анан билет сатып алып келген көрүүчүлөрдү эмнеге алдашым керек? Сахнада ролумду чын жашоо сымал ойноп беришим керек да. Көрүүчүгө кейипкердин жашоосун көрсөтүп, «бул туура, бул туура эмес» деп көрсөтүп беришим керек.

– Сиз улуу инсандар – Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов сыяктуулар менен иштешип калбадыңызбы. Ошол адамдар тууралуу айтып бериңизчи. Алардын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Алар жөнөкөй, жанга жагымдуу адамдар болчу. Айтматов да, Чокморов да бир да кишинин алдында боюн да, оюн да көтөргөн эмес. Ар бири менен пикирлеш болгон, колун сунганга жараган. Эч качан сын айтышкан эмес. Алар жакшылыкка гана үндөгөн, ички дүйнөсү бийик адамдар.

– Жаш актёр-актрисалар кандай иштеп жатышат?

– Азыр бир роль ойносо чалкалап бой көтөрүп калган актёр-актрисалар бар. Себеби алар бул ролду аткаруу үчүн, ролго кирүү үчүн көп түйшүк тартышкан эмес. «Мен ойнодум, мен кыйраттым» дегендердин чыгармачылыгы кыска болот. Текстин жаттап чыгып гана үстүртөн аткарып койгондор гана чалкалап калышат. Ошончолук түйшүгүн салса, опол тоодой эмгек жасап образды чыгарса, кенедей болобу же чоң роль болобу өзүнө жакын, таттуу болот.

– Азыркы коммерциялык тасмаларды көрөсүзбү?

– Көрбөйм. Башталганда эле которуп салам. Ал тууралуу жаман же жакшы деп да эч кимге айтпайм.

– Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлүчү...

– Жеке жашоомдо балдарым, неберелерим, чыны-казаным бар. Бул эч кимге кызык эмес деп ойлойм. Андай баарында эле бар да.

– Биз көбүнчө жаш өтүп калганда жанында чай ичип отурган адамдын болушу маанилүү дейбиз го...

– Мен чай ичип отура турган адам эмесмин. Мен чыгармачыл адаммын. Алымдын келишинче, күнүмдүн бүтүшүнчө жаштарга жардам бергим келет. Эртеңки күнү театр жок болуп калбашы үчүн жаштарды алдыга сүйрөгүм келет. Муну менен келечекти, өзүмдүн да, кесибимдин да, жаштардын да эртеңин ойлоп жатам. Менин бакытым – чыгармачылык.

– Жакында башыбыздан өткөн саясий окуялар тууралуу пикириңиз кандай?

– Мен саясатка аралашпайм, ал тууралуу сүйлөбөйм, кереги жок. Дооронбек Садырбаев маданият тууралуу, кыргыз эли тууралуу күйүп-бышып айтып жатып эмнени жеңди? СадыкШер-Нияз маданият тууралуу эмне деген сөздөрдү айтпады. Эмне утту? Эч нерсе. Ошондуктан ал менден көз каранды эмес. Ал бийик креслодо отурган адамдардан көз каранды. Исхак Раззаков айткандай, ошолор таза болсо, коом таза болот эле. Ошолор кир, заманыбыз да кир.

– Эмнеге адамдар бийликке умтулушат?

– Манчыркап май чайнагысы келет. Чалкалап креслодо отургусу келет. Бизге окшоп күнү-түнү маңдай тер төгүп иштегиси келбейт. Мен иштеп жатканда тер куюлат, алар иштесе май куюлат.

– 70 жаштан аштыңыз. Тыңсыз, жаш көрүнөсүз. Өзүңүзгө кандай кам көрөсүз?

– Спорт менен машыгам. Үйдө отуруп алып ар кандай көнүгүүлөрдү жасайм. Мен жасаган айрым көнүгүүлөрдү менин курагымдагы кемпирлер жасай алышпайт. Тамакты болсо тандабайм, жей берем. Бирок таттууга аллергиям бар, аны жебейм. Бетиме маскаларды жасап кам көрөм. Мен актрисамын. Эч качан актриса экенимди унутпайм.

– Кыялыңыз?

– Өмүрүм аз калды. Аз калган өмүрдү саз жашасам экен деп гана кыялданам. Демек, мындан ары да эмгектене берем.

– Азаматсыз! Өмүрүңүз узун болсун!

Перизат Музуратбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
26.10.2020. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-08-2011
Соӊку аракети:
09-11-2020 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
таланттуу актриса. сыйлайбыз, уриаттайбыз. Бирок уй бергиле деп догуруна бергени жакпайт.Мамлекет бир эле жолу бекер уй берет. Оштогу 2 болмолуу уйун сатып, Бишкектен бир болмолуу уй алса болот эле го. Сарай да келбейт дебей. Эже, жакшы карыныз. Бекер уй бергиле деп интервью бербей журунузчу..
26.10.2020. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
30-11-2020 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
sherik,кечиресиз сиз жакшылап окунуз,мен уй бергиле деп кадыр баркымды кетиргим келбейт деп жатат, эч жерде уй бергиле деп жазылган жок.Мындай таланттуу адамдарга 2 болмолуу уй эмес ХАНСАРАЙ салып берсек дагы аздык сизге, ал эми сиз бироого акыл уйроткондон коро жакшылап окуганды, кыргыз элинин тарыхын, улууларды кантип ураматташ керек экенин уйронсонуз кем болбойсуз.Ийгилик сизге!
26.10.2020. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sara1993,туура ошентип жатат ,бирок терен тушунуп корунуз берсе алмакмын деген маани жатпайбы туп тамырында.берилбешин билип туруп эс жакка кайрылбайм озумду сындыргым келбейт деп жатат.А эмне учун мага уй берилген Эми башкалар алсын экинчи ирет алганым туура болбой калат дебейт
27.10.2020. 11:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
30-11-2020 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Saliman,ал СССР учурунда Оштон берилген,борбордон берип койсо деле ашык болбойт, башкалар андан ашыгын алып жатат, силер дагы ушул эжедей Кыргыз маданиятынын онугушу учун куну туну иштегиле анан тушуносунор.Эгерде Казакстан, Россияга кетип кормокпуз.
27.10.2020. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sara1993,Мисалы маданият окулдорунон кимди айта аласыз ашыгы менен алып жатат деп?Кыргыз театры учун куйуп-бышып иштеп бирок уй-жай албай эле жургондор ,козу отуп кеткендер толтура болуп жатпайбы ошолор алсын.Кудайга шугур берилбей калбастан СССР убагында болсода берилиптир .Ынсап кылыш керек.
26.10.2020. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
17-06-2020
Соӊку аракети:
30-11-2020 13:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан мыкты актер. Сыйлайм
26.10.2020. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
30-11-2020 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздей адамдар биздин маданияттын кузгусу, кыргыз элинин сыймыгы, театрдын ачылышын биз дагы чыдамсыздык менен кутуп жатабыз.
26.10.2020. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
27-11-2020 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу уй беришиптир болотда ошо.адам озу эч нерсеге тойбойт туура.уятда корунуктуу эле айым башкаларга улгуу болгондун ордуна, экинчи ирет мамлекеттен уй алса.айрымдар уй тургай наам алыша элек....беш колун оозго салган болбойтда
Saliman түзөттү 2020-10-26 16:21:21
26.10.2020. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
28-11-2020 16:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+1
Кадичанын ролунан кийин элдин баарына жаман көрүнүптүр. Ролду ушунча ийине жеткире аткаргандыктан, элдер кинону чыныгы жашоодой эле кабыл алышканын билсек болот.
27.10.2020. 07:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
26-11-2020 07:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы жаштардын кылган аракети акыл ээси Назира Мамбетова эженин мээнетине кымындай да жетпейт. Эже сизге узуун омур, ишинизге ийгилик жана ден-соолук каалайм. Биз учун Сиз бар болунунз! Мен Сизди баалайм, мен Сизди сыйлайм.
27.10.2020. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-08-2011
Соӊку аракети:
09-11-2020 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Sara1993,бул эже ушул гезит аркылуу жазында интервью берген, Маданият министри уй бералбайм деди деп. Бир эжени билеМ. Кыргыз драм театрында костюмер болуп, иштеп азыр майып баласы менен жатаканада жашайт. уй-жайы жок артисттер коп. Ошолорго жардам бериш керек.
27.10.2020. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
30-11-2020 23:19
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекет бир көп кабаттуу, квартиралуу уй салыш керек. Анан ушул эжеге окшогон эл артисттерине тууралап бөлүштүрүп берүү керек. Ырчылар той пойдо иштеп уй жайлуу болушуп атат. Ал эми театр актёр, актрисалар аз айлык менен кантип уй алышат.
29.10.2020. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
16-11-2020 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдары бар экен го. Уй деп эле догуруга бербесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: