Клара Алибекова & Байыш Момунов: «БИЗ БИРИ-БИРИБИЗДИ КЕЧИРДИК»

Өз учурунда бул эки ырчыбыз «кош жылдыз» атка конуп, популярдуулуктун туу чокусунда турган. Тагдыр же буйрук дейбизби, экөө эки ажырым жолго түшүп, ал тургай көп жолу бирин-бири күнөөлөп маек беришкен. Бул жолу экөө чогуу келип маек курду. Ушунча жылдан кийин аларды бир арага келтирген нерсе эмне? Алар өз тагдырларынан кандай сабак алышты? Бирин-бири түшүнүү оңой болдубу? Мунун баарын төмөнкү маектен билип алыңыз.

– Байыш, Клара, саламатсыздарбы? Клара, маегибиз сиздин туулган күнгө туш болуптур. Бул күн сиз үчүн?

Клара: – Саламатсыздарбы? Туулган күндү ар жылы өзгөчө кылып белгилебейм деле. Бул жылы туулган күнүм экенин унутуп калыптырмын. Эртең менен турсам куттуктоолор келиптир, анан эстедим. Бүгүн деле жылдагыдай үй-бүлөмдүн курчоосунда өткөрөбүз.

– Байыш мырза, сиз маекке чогуу келип калыптырсыз?..

Байыш: – Клара мага телефон чалып, «маек берет элем, чогуу барып келбейлиби?» деп калды. Мен азыр ырчы эмес, журналист болуп кетпедимби, ошондуктан бул жаатты жакшы билем. Экөөбүздүн айта турган темабыз бир болгондуктан макул болдум. Ишим боюнча жакшы жаңылык болуп кубанып отурган учурда Клара чалып калды. Эксклюзив маек болсун деп келип калдым. Мен да туулган күнү экенин жолдон уктум. «Бүгүн эмне күн билесизби?» десе эстеп жатпаймынбы. 18 жашка чыгып калыптырсың, куттуктайм эми (күлүп).

– Жеке баракчаңызга Клара экөөңүздөрдүн уулуңуздар Байэлди жубайыңыз да, бир туугандары да жакшы кабыл алганын жаздыңыз? Бул кадамды көптөн бери эле ойлонуп жүрдүңүз беле?

Б.М.: – Бул ойлоно турган деле иш эмес болчу. Аталык парзым. Эбак эле ушу нерсени кылышым керек эле, бирок убакыт-сааты эми чыкты. Буга чейин эле «балам, сен жалгыз эмессиң, бир туугандарың бар» деп айтып келгем. Балам менен кичинесинен эле катташып турчубуз. Ата-бала катары биздин мамилебиз аябай жакшы. Мен мурун катташып жүрбөсөм Байэл үйгө келбейт болчу. «Мурда кайда жүрдүң эле, 9-класста окуп калганда эстедиңби?» демек. Тагдыр экен, Клара экөөбүз үйлөнүп, ажырашып, ортобузда бир уулубуз бар экенин баары билишет. Клара экөөбүз тең чыгармачыл инсандарбыз. Ортобуздагы бардык жаман нерселерди жоюп, күлүп-жайнап сүйлөшүп отурабыз. Кээде тойлорго да чогуу барып ырдап калабыз.

Балам биринчи жолу үйгө келип жаткандан кийин жакшы күтүп алалы деп даярдандык. Биз ойлогондон да жакшы болду. Жубайым Динара түшүнүктүү айым, өзүнүн балдарындай эле мамиле жасап, жылуу тосуп алды. Бир туугандары менен да тез тил табышып кетти. Буга чейин эле Султан деген уулум экөө аябай жакын болчу. Чогуу убакыт кечирип, Байэл үйүнө, биз үйгө кетчүбүз. Эми чогуу эле биздин үйгө келип калды. Уулума эшигим дайым ачык.

– Туура иш кылыптырсыз, эркек балдарына ата болууну унутпашы керек. Клара, сиз бул чечимге кандай карадыңыз?

К.А.: – Мага күтүүсүз болду, биринчи таң калдым. Уулубузду ушул убакка чейин карадым, колумдан келген нерсенин баарын жасадым. Өмүрүмдү ага арнадым десем да болот. Кичинесинен эле байланышып турушчу. Акыркы учурда Байэл менден да атасына жакын болуп кетти, экөөнүн мүнөзү да окшош. Ата – аталык милдетин аткарышы керек, аткарып жатат. Мен туура эле кабыл алдым.

– Клара, жакында атаңыз кайтыш болгон экен, арты кайрылуу болсун...

К.А.: – Атам ооруп жүргөн, ооруканада эле. 70 жашка чыккан. Мен үчүн оор жоготуу болду. Азыр деле өзүмө жакшы келе албай жүрөм. Биз 5 кыз, 2 уулбуз. Атам мени өзгөчө жакшы көрчү. Аябай эрке кылып чоңойтту. «Артисткам» деп койчу. Агамдын болсо 6 жыл мурун көзү өтүп кетти. Чыгармачылыгыма чыйыр салгандардын бири болду. Ал кезде кичинекей болгондуктан ата-энем аскер кызматынан жаңы келген агамды кошуп берген. Гастролдордо дайыма жанымда карап жүрчү. Мени коргоп жүргөн агам, атам каза болуп калды.

– Байыш, Клара өзү назик, жумшак адам эмеспи. Коргой турган адамдарынын көзү өтүп кетиптир. Эми ал милдетти уулу Байэл алат го деп ойлоп калдым...

Б.М.: – Байэлге мен ишенем. Акыл-эстүү, зирек, эркекке мүнөздүү сапаттын баары бар. Мен азыр уулумдун ушундай тарбия алганына Кларага жана апасы Ороз апага рахмат айтып кетейин. Таенеси уулума 40 күн болгон кезинде алып кеткен. Чоңойтуп, 1-класска барганда Кларага берди. Жакшы тарбия алды, азыр мени менен тең тайлаша ойлорун айтып, кээде талашып да кетет. Аны Кларанын телохранители деп коём. Кайда жүрсө чогуу жүрөт, тойлорго барганда жалгыз калтырбайт. Мен алыстан болсо да баам салып турам. Азыр чоңоюп калды, мага же апасына жазылган туура эмес комментарийлерге күйүп кетет. Бул маекке элдин пикири оңолсун деген ниетте чогуу келдик. Адатта биз бул жакта калып эле, көпчүлүк мамилебизди талкуулап жатып калышат. Балага «атаң жаман, апаң мындай» деген сөздөр катуу тийбеши кажет. Клара экөөбүздүн ортобузда душмандык деген жок.

– Бул азыркы акылыңызбы же мурунтан эле ушул ойдо белеңиз?

Б.М.: – 40 жаштан аштым. Жаш кезде мен эле эмес, башкалар деле бир ойдун аягына жете ойлонбосо керек. Эмоцияга берилип, акылды четке түртүп койгон учурлар болот. Бирок азыр ак-караны ажыратып калган учурубуз. Экөөбүз тең ошол куракка келип калдык деп ойлойм.

– Клара, ата-бала жакшы мамиледе экен. Эми сиздин аялдык бактыңызды тапканга убакыт келдиби?

Б.М.: – Туура суроо, азыр Клара өзү деле жооп берет. Ага чейин мен айтып коё берейин, менин эч каршылыгым жок. Мен «Клара, турмушка чыкпайсыңбы? Деги чыгам деген оюң барбы?» деп тамашалап калам.

К.А.: – Турмушка чыкканга чыгыныш керек окшойт. Азыр деле мен үчүн балам кичине көрүнөт, дагы деле баламды ойлоп жатам. Мурун «эптеп баламды чоңойтуп алсам болду» дечүмүн, эми чоңойду, бирок баары бир эле санааркайт экенсиң. Көз ачып-жумганча үйлөнө турган убагы келип калат, биротоло үйлөнтүп туруп, анан өзүм турмушка аттансамбы деп ойлойм.

– Анда мындай суроо берейин. Сиз тыкылдаган тың кыз элеңиз, анан эле жоош, башка Кларага айланып калдыңыз. Кайсы убактан баштап өзгөрүлдүңүз?

К.А.: – Ооба, кичинемде аябай тыкылдаган кыз болчумун, аны апам да, эжелерим да айтып калышат. Мектепте класском элем, «эмне жакшы окубайсың?» деп балдарды урушчумун (күлүп). Стресстен улам ушундай болуп калдым. Ачыгын айта берейин, турмуш жолубуз эки жакка кеткенде, бала менен жалгыз калганда сыноону көтөрө албай калдым. Жаш экем. Ажырашкандан кийин 1-2 жылдай өзүмдү таппай жүрдүм. Мага бир абалдан экинчи абалга өтүү оор. Ошол учурда өзгөрдүм деп ойлойм. Эгерде жашоомду кайра баштоого мүмкүнчүлүк болсо башкача болмок. Чоң турмушка эрте аралашыпмын, ырчылыктын артынан ысыкка күйүп, суукка тоңгон учурлар болду. Сахнада болбосом бул адамга турмушка чыкпай, жөнөкөй бирөөгө турмушка чыкмактырмын. Убагында көп нерсени билбей, жакшы учурду өткөрүп жибериптирмин. Кээде мен өзүм каалаган жашоодо жашабай эле, башкалар каалагандай жашадымбы деп кейийм. Бирок ырчы болгонума өкүнбөйм.

Б.М.: – Мен Клараны кичине кезимден билем. Тарсылдаган кыз деп билчүмүн. Биз үйлөнгөндө эле бул ушундай жумшак болчу. Өзүнө «сен башкача элең, тың элең го, кана ошол мүнөз?» деп калчумун. Өзү айтып калбадыбы, ажырашкандан кийин стресс болдум деп. Мен да стресс болгом, эркек болсо эле стресс болбой коймок беле? Бирок адам кандай сыноо болсо да көтөрүш керек. Азыркыга чейин эл «Байыш Кларанын аркасынан акча табам деп үйлөнгөн» дешет. Кудай карап турат го, ким үйлөнүп алып, анан ажырашайын десин? Бул биздин маңдайыбызга жазылган тагдыр. Муну биз чогуу көрдүк. Биз ажырашканда катуу уруш болгон эмес. Мен азыркыга чейин Кларанын талантын, адамгерчилигин сыйлайм. Андан кийин да көп окуялар болуп кетти. Аз өмүрүбүздө эч кимдин көңүлүн оорутпай өтүшүбүз керек. Клара «Байыш менен ажырашып кеткенден кийин стресс болуп калдым» дейт. Макул ага деле кошулайын. Бирок чындык да бар. Клара Алибекова деген ысым Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева деген ысымдар менен тең чыккан. Кыргыз элинде дүң этип кичинесинде чыккан кыз ушул болчу. Бул чоң жылдыз болгон. Ошол убакта, аттарын айтпай эле коёюн, бир топ ырчылар муну пайдаланып кеткен. Акча менен деле иши болбогон экен. Ошондон улам да мүнөзү өзгөрүп калдыбы деп ойлойм. Азыр деле кеч эмес, дагы деле чыгып кетет. Аты бар, заты бар дегендей.

– Экөөңөрдүн ортоңордо үй тууралуу да маселе бар эле?..

Б.М.: – Ушул суроону туура бердиңиз, эл үйдү мен алып калып, Клара менен Байэлди сыртка чыгарып койгондой түшүнүп жүрүшөт. Андай эмес. Биз үйлөнгөндө концерт берип, эл аябай жакшы келип, бир бөлмөлүү батир алганбыз. Кийин ал бизге тардык кылып, шаардын ичинен жер там алдык. Анан эки кочкордун башы бир казанга батпай, ажырашуу чечимин чыгардык. Ажырашуу тууралуу сөз болгондо кайындарымдын баары келди. Алардын көзүнчө эле үйдү сатып, бөлүп алмакпыз. Үй сатылды, үйдүн көп акчасын Клара алган. Аны чыгармачылыкка коротту, форма тиктирди, машина алды, башка нерселерди кылды. А мен унаа алып алгам. Ошондо эле жаман-жакшы айтышпай эки жакка кеткенбиз. Эч кандай үйдү мен алып калган эмесмин.

– Клара, айтсаңыз, сиз чын жүрөгүңүздөн Байыш мырзаны кечирдиңизби?

К.А.: – Мен чын дилимден кечиргем. Мен Байыш акеге бакыт каалайм.

– Сизчи?

Б.М.: – Мен дагы сага чоң бакыт каалайм, Клара. Менден кетсе сен кечир, сенден кетсе мен кечирейин. Биздин чыгармачылыгыбыз бир, жолубуз бир. Адамга бир гана бакыт керек экен. Теңиңди таап бактылуу болушуңду каалайм. Уулубуздун алдында жүзүбүз жарык болуп, ал сыймыктанган ата-эне болушубуз керек.

– Тилектер орундалсын. Маегиңиздерге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
narynbek2001
2020-11-09 09:58:48
Убагында жакшынакай сулуу айым эле Клара. Азыр биз аз картайып калыптыр. Эмнеси болсо да кыргыз айымдары дайыма сулуу, жакшынакай, чачынарды жасап, кое берип, жаш корунуп журо бергиле.
+5
Tyty1990
2020-11-09 12:26:14
Азаматтар байышка да Кларага да балдарына да ийгилик каалайм. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам эң күчтүү адам ким билесиңерби деп сахабалардан сураганда, сахабалар ким оо Аллахтын элчиси дешет. Ошондо пайгамбар Мухаммад алейхи салам эң күчтүү адам кечиримдүү адам деп айткан. Баарыныздар бактылуу болунуздар.
+7
ZHAMAGUL850
2020-11-09 14:06:25
Клара Байышты аябай суйгон экен , стресс жаман нерсе нервден менин да бетимдин сол тарабы кичине тырышып кеткен , мен да суйуу деп олуп алгам, азыр жашоо керек балдар учун деп болгон кучумду озумо жумшап , тур эле тур деп озумо озум мотивация берип ,нерв болуп баштаганда эски буюмдарды ыргытып уй жыйнамайга отуп алгам , жардам берет , эч нерседен уялбай озум жалгызмын ураа деп , тамактын жакшысын жеп , кийимдин жакшысын кийин, тойлорго такылдап барып ырдап башынды бийик которуп журушуно ишенем
+11
asyl1998
2020-11-09 16:11:50
Клара ушундай татынакай сулуу бойдон журо бер. Аял затына дайыма сулуулук каалайм. Сулуук бар жерде улуулук бар. Сулуу аялдын баркы да жогору
+5
nazira...
2020-11-09 16:12:40
Жашаган уйу жок калганы кошумча болуптур да Кларага. Байыш эркек болсо дагы эле болсо алып берип койсун. Баласы озунун копиясы экен. Баласынын чоноуйшун кутуп журо бербей давно эле кечиришсе болмок.
+10
engel
2020-11-10 14:22:46
Эки тарап тен бактылуу болсун! Байыш мырзанын келинчеги да мудрая женщина экен. Аялдан коп нерсе чечилет. Ушунун баарына тушунуу менен мамиле кылган ал аял да мыкты экен.
0
janym_balam
2020-11-10 23:25:06
Жаш ырчы кыздарды карт бөрүлөр колдонуп коюшат да. Ошого жаш кыздарды гастролдорго жөнөтүүдөн мурда терең ойлонуш керек ата-энелер. Клара эже бактылуу болсун эми. Байыш да бактылуу болушсун!
+4
sultan_bek
2020-11-11 11:48:30
Кыргызстан сулуу айымдар коп болсун
+3
Mirnar
2020-11-12 23:12:38
Байыштын эн чон катасы уйду сатып жибергени. Тыйын албай баласына уйун таштап чыгып кетиши керек болчу!
+4
Jibegim2016
2020-11-13 15:54:32
Кетирбей эле ушактарга чекит койгонуго.Каанча нерсе башынан отту,кечирседа бари бир оор жугун,таарыныч,нааразычылын унута албаганы корунуп эле туратко.Клара эже бирок озунузду эзип туйшолбон,эмне кереги бар анын,тыкылдап аракеттенин,жигит жандан сиздида суйгон Жан барда,уруксат бериниз суйулуп жыргап жашаныз.Улбуробон сураныч,адамдар басынтат анда.Моюн бербен озунузго ишенип,озунузго караныныз эми
+1
Pankration_MMA
2020-11-13 17:22:39
Үйдү Кларага таштап, костюмду желкеге илип чыгып кеткенде чыныгы эркекче иш болмок экен, бирок байыштын ага күчүда, эркектик намысыда и ыйманыда жетпептир...
+9
munduz2016
2020-11-14 23:49:31
Байыш, үйдү Кларага бергенинде чыныгы эркек болмоксуң.
+3
munduz2016
2020-11-14 23:50:33
Клара сен да көп улбуробой катуураак болсоң бай болгур.
+1
Gulnaz27
2020-11-15 22:47:29
Да жашоо биз каалагандай болбойтэкен да. Эми кандай болушса дагы баетылуу болушсун!
-1
meduza123
2020-11-16 02:31:16
Кыйраткансып, уйду сатып болуп албай эле Кларага балан экооно таштап кетсен болбойт беле, этегин жаман жерден жыртылганда сенин. Эми туштон кийин ар турдуу болуп хамелеон болбой эле койчу. Эл сени жек коруп калган, эл учун сен туболук акмак эле бойдон каласын.
+3
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан