Уланбек Султангазиев, актёр: “ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТСӨ БИР ГАНА СҮЙҮҮ ӨЗГӨРТҮШҮ МҮМКҮН”

Актёр, сүрөтчү, ыр жаза коймою да бар. Кыздар, эң негизгиси жүрөгү да, башы да бош. Уланбек Султангазиев бул жолу бизге жакшы жаңылыгы, ийгилиги менен бөлүшүп отурат. Ал Бостон эл аралык кинофестивалында “Эркектин мыкты ролу үчүн” деген сыйлык менен сыйланды.

– Салам, Уланбек! Акыркы жакшы жаңылыгың менен бөлүшүп кетсең.

– Саламатсыздарбы? Акыркы жакшы жаңылыгым – “Жамгырдан кийин” тасмасы эл аралык фестивалда көрсөтүлүп, Бостон шаарында өткөн кинофестивалдан “Эркектин мыкты ролу” сыйлыгын жеңип алдым. Мен үчүн күтүүсүз болду, дагы деле ишене албай жатам (күлүп). Анткени сыйлык келе элек, продюсерибиздин айтканына караганда, почта аркылуу салып жиберишет.

Өзүмдү бул сыйлыкты алганга эрте деп ойлойм. Калыстар тобу эмнеден улам мындай жыйынтык чыгарганын деле билбейм. Чет өлкөдөн алган эң биринчи сыйлыгым болду. Абдан кубандым.

– “Жамгырдан кийин” тасмасына кандай чакырылып калдың?

– Бул тасманын продюсери Юджиния Чанг АКШда жашайт, корей улутундагы аял. Мени кастинг директору Чолпонай Бөрүбаева чакырган. Бир жыл бою башкы ролго актёр таппай издешиптир. Мен ал учурда Түркияда иштеп жүргөм, биринчи жолу чакырышканда баш тарткам. Анан социалдык тармактарда менин сүрөтүмдү коюп кастинг кыла башташты. “Ушул актёрго окшош жигит киного тартылууга керек” деп таратып жатышканын көрдүм. Карап отурсам көбү эле “буга окшош менин тагам бар, агам бар, иним бар” деп сүрөттөрдү жүктөй башташты. Кызыктай болуп кетип “барайын, ишимди таштайм” дедим. Келдим, мени башкы ролго бекиткенден кийин башкы каарманга кыз табылбайт (күлүп). Аны издеп тасма дагы бир жылга токтоду. Түркияга кайра учуп кеттим. Тасманын башкы ролуна актриса Назбийке Айдарованы бекитишкенде кайра келдим. Тасманын сценарийи, режиссурасы жакшы. Адатта кыргыз тасмаларын актёрлор табылгандан кийин бир ай ичинде тартып бүтүрүүгө шашабыз. Чет элдиктер антишпейт экен, баш-аягы 3 жылда бүтүрдү. Юджиния Чанг Кыргыз жерине келип, эл аралык уюмда иштеп жүрүп бизде болуп жаткан ала качууну көрүп таң калыптыр. Алгач ала качуу тууралуу документалдуу фильм тартып, чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусунан кийин көркөм тасма тартканга киришиптир. Тасманын сценарийи, балким, бирөөнүн тагдырыдыр же Чангдын ой толгоосубу, ал жагын билбейт экенмин.

– Тартылып жатканда чоң жаракат алган экенсиң...

– Кинодо мушташкан жерлери бар эле, кокусунан мени каскадёр цементке сүздүрүп салган. Көрсө, мээм чайкалып калыптыр, “тартууну токтотуп туралы, кийинки күнү тарталы” дешти, мен болбой койдум. Спецназ, каскадёрлорду кийинки күнү да убара кылгым келбей, ооруну басуучу дарыны куйдуруп, аягына чейин тартканбыз. Жаш кезибизде ден соолукту көп ойлобойт экенбиз. Бир жолу “Жамгырдагы үч адам” деген тасмада ойногом. Ноябрь айы эле. Жука кийим менен эле түн ичинде үстүбүзгө муздак суу куюп тартылганбыз. Бир жума бою түн ичинде тартуу иштери жүрүп жатты. Жыйынтыгында тасмадагы өнөктөшүмдүн да бөйрөгүнө суук тийип, дарыланып чыккан. Мен болсо гайморит болуп калдым. Ушул сыяктуу нерселер болуп турат. Эми гана ден соолуктун кадырын билдик окшойт. Адатта терс каарманды ойночу элем, бул жолу аябай маданияттуу, созулган оң каармандын образын жараттым. Эмоция анча жарата албай жаткандай сезилгем. Негизи терс ролду ойногон жагат.

– Актёрлук жактан билимиңди тереңдетүүнү же театрда ойноону каалайт белең?

– Мен дипломдуу сүрөтчүмүн, 10 чакты тасмада образ жараттым. Актёрлук жаатта билимимди тереңдетсем деп калам. Анткени диплом менен театрда да иштеп калуу мүмкүнчүлүгүм болмок. Театрда ойногонго жолтоо болгон бир сапатым бар, мен текстти унутуп калам. Эс-тутумум начар. Ошондон улам бир аз чегинип турам. Кээде кастингдерге барбай же ролдон баш тартып коём. Анткени өзүмдү даяр сезбейм. Бирок былтыртан бери өзүмдө сезим пайда болду, кандай роль болсо да аткарганга даярмын. Бир жарылып аткара турган роль эңсеп жүрөм, бирок тагдырга андай тасма да, роль да жазылбай жатат. Баңгиге берилген адамбы, оорукчан адамбы, баатырбы, айтор, терең роль ойногум келет. Жакында бир тасма тартылганы турат, анда башкы каарманды ойнойм.

– Жеке жашооңдо өзгөрүүлөр барбы?

– Жашоомду өзгөртсө бир гана сүйүү өзгөртүшү мүмкүн. Чыгармачылыгым да сүйүүдөн улам пайда болгон, сүйүп калып ыр жазгам, сүрөт тарткам. Мени бул сезим аябай өзгөртөт. Буга чейин башымдан чоң бир сүйүү өттү, бул жолу бактылуу сүйүүнү башымдан өткөргүм келет. Издегеним, балким, арабызда эле жүргөндүр деп ишенем. 36 жашка чыгып “качан үйлөнөсүң?” деген суроодон качып калдым. Кайда барсам, ким менен жолуксам ушу тема (күлүп). Көп учурда “шарият боюнча 5-жолу үйлөнсө болбойт турбайбы” деп тамашалап коём. Анда “апей, 4 жолу үйлөндүң беле?” деп калышат. Кээде ушинтип кутулуп кетем. Эркек деле, аял деле жашын өткөрбөй турмуш куруш керек экен, болбосо жалгыздыкка көнүп алат тура. Тукум улаш керек, бала жытын жытташ керек деген улуу нерселер бар. Бүгүнкү күндө жүрөк бош, ким келип ээлесе ошонуку (күлүп).

– Актёрлуктан бош болуп калган учурда Уланбек эмне менен алек болот?

– Сүрөт тартам, ыр жазам, устачылык кылам. Фантазияма жараша үй эмеректерин жасайм. Бул нерседен ырахат алам. Дүкөнгө барып өзгөчө бир үй эмерегин көрүп калсам, сатып албай эле үйдөн ошону жасап коймоюм бар.

– Көп учурда азыркы кыздарга нааразы болгон постторуңду окуп калам...

– Мен илгерки кишилерден тарбия алган, чоң ата, чоң эненин колунда чоңойгон баламын да. Ал учурда кыздар башкача эле, азыркы кыздарды салыштырып көрүп кээде жазып калам.

– Эркек жок дегенде бир тамакты жакшы жасашы керек дешет экен. Кел, кыздарга сенин бул жагыңды да жарнамалай кетели.

– Чоң ата, чоң эненин тарбиясын алдым деп жатпаймынбы. Айылда сырткы жумушту да, үйдөгү жумушту да мен кылчумун. Чоң энем шырдак шырып, сайма сайып, токуганынан бери карап отуруп үйрөнүп алчумун. Чоң апам бир гана “эркек киши казан-аякка аралашпаш керек” деп ашкана тарапка жолотчу эмес. Бирок Түркияда тамак-аш аябай кымбат экен. Курсак ачканда интернетти ачып карап тамак жасоого туура келди. Көрсө, бул да бир искусство экен. Азыр тамак жасаган да мен үчүн кумар.

– Сүрөт тартууну улантып жатасыңбы?

– Тамганы жаз десе сүрөт тартып кеткен бала болчумун кичинемде. Колума калем тийсе эле бүттү, сүрөт тартчу элем. Сүрөтчүлүктү эч качан таштай албай турган жанмын. Мурун буюртма алып тартчу элем, азыр өзүмдүн сүрөт көргөзмөмдү өткөрсөм, ошого эмгек чогултсам деп ойлоп жатам.

– Маегиңе рахмат, тилектер орундалсын.

КЫСКА ЖООПТОР…

– Эмнеден коркосуң?

– Кудайдан корком.

– Спорт менен алек болосуңбу?

– Өтө тыгыз алектенбейм.

– Тасмага көпкө тартылбай калган абалыңды кандай сүрөттөйсүң?

– Курсагы ачкан адамдай.

– Эмнеден ырахат аласың?

– Жакшы бир ишти жасагандан.

– Эмнеден уяласың?

– Журналисттерден. Анткени алар жарыя кылгандай чоң иш кыла албай жатам деп ойлой берем.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Улан Султангазиев, актер: “Жашоомду өзгөртсө бир гана сүйүү өзгөртүшү мүмкүн“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Jaka78
2020-11-30 11:47:18
Молодец
+5
Jaka78
2020-11-30 11:48:14
Эн мыкты актер, ишиңе ийгилик
+6
Mister-XXX
2020-11-30 19:33:56
Азамат,ушундай эле маек берсе болот экен го.Сөзсүз эле "хайп" жарата турган сөз айтып маек бериш керекби?
Ийгилик иним!Ушунундан жазба!
+6
Pepe93
2020-11-30 19:34:29
Мен сизди суйом
0
Luna15
2020-11-30 21:07:42
Абдан сыйлайм,мыкты актерсуз,эчкачан озунузду чектебениз.Сиз апамдын да жакшы коргон актерусуз
+4
mela
2020-12-03 22:51:14
Ай ий 5жыл мурун бир тааныштык эле....дагы эле бойдок экен да...
0
cholpon119966
2020-12-06 22:30:23
Ушул актёр жагат,Оз ишинин мыкты чебери. Бурулай деген кинодогу рольун аябай сонун аткарган. Кыргыздын азыркы Суймонкулундай элестете берем, нукура кыргыз жигити.
0
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан