ОМУРТКА ҮЧҮН 5 КӨНҮГҮҮ

Омуртка тирөөчү адам жашоосундагы маанилүү болгон бардык процесстерге катышарын этибар ала бербейбиз. Албетте, омуртка сөөктөрү табиятынан ар кандай оордуктарга туруштук берүүчү күчкө ээ. Ошентсе да адам тийиштүү көнүгүүлөрдү аткарып, анын саламаттыгына кам көрүүсү шарт.

ВРАЧ МЕНЕН КЕҢЕШИҢИЗ

Төмөндө сөз болчу көнүгүүлөр альтернативдүү медицинанын ишмери, америкалык натуропат Пол Брэгг тарабынан иштелип чыккан. Ал “эгер адам бул көнүгүүлөрдү туура жана үзгүлтүксүз жасап турса, анын омурткасы карыганга чейин өз саламаттыгын жоготпойт” деген. Машыгуунун алгачкы жыйынтыктары бир нече аптадан кийин билине баштайт.

Эскертүү! Омуртка грыжасы жана анын өтүшүп кеткен формасы менен жабыркагандарга бул көнүгүүлөрдү жасоого болбойт. Омурткада маселеси барлар дарыгер менен кеңешип, эгер уруксат болсо гана жасоолору керек. Төмөндөгүлөр профилактикалык көнүгүүлөр болуп саналат.

1.Эки колду ийиндин кеңдигинде ачып, жер таянабыз. Эки буттун аралыгы да ийиндин кеңдигинде ачылат. Жамбашты бийик көтөрүп, төрт аяктап, башты ылдый кылабыз. Бул кыймыл жасалып жатканда дем ичке алынат. Демди чыгаруу менен жамбаш бөлүктү колдон келишинче жерге тийгизип, башты кежиге жакка тартабыз. Көнүгүүнү жаңы жасап баштаганда денеге көп күч келтирбеш керек. Бара-бара кайталоонун санын улам көбөйтүп кете берсе болот.

2. Ушундай эле төрт аяктап туруу позициясында жамбаш бөлүктү оң жана сол тарапка алмак-салмак кыймылдатабыз. Жамбаш бөлүктү жерге колдон келишинче жакындатканга аракет жасаңыз. Бул көнүгүүдө адамдын денеси буралып жаткандай абалда болушу керек. Омурткадан тышкары бөйрөк жана боор органдарына да пайдасы чоң.

3. Жерге отуруп, тизени бүгөбүз. Эки кол менен арт жакты таянып, жамбаш бөлүктү өйдө көтөрүп, белди тизенин деңгээлине теңейбиз. Тактап айтканда, бут жана колдор менен жер таянып, чалкасынан туруп белин түзөөсү шарт. Демди ичке алганда жамбашты көтөрүп, демди чыгаруу менен баштапкы отурган абалга келебиз. Мында омурткадан тышкары кол жана бут булчуңдары да бекемделет.

4. Чалкадан жатып, эки тизени көкүрөккө чейин бүгүп келип, колдор менен кучактайбыз. Эми ээкти эки тизеге жеткирүүгө аракет кылабыз. Көнүгүү бир аз оорураак. Физикалык кыймыл-аракетти жаңы баштагандар алгач 5 иреттен кайталап, бара-бара көнүгүүнүн кайталоолорун узартып жүрүп отуруусу керек. Ушул эле көнүгүүнү улай кошумча көнүгүү жасалат. Мында кадимки бешиктин бутун элестетиңиз. Эки тизени кучактаган абалда бешиктин буту сымал алдыга жана артка термелүү керек. Адамдын тулкусу термелгенде чычаңдан желке жакка чейинки омуртка тутуму жерге тийип, массаж жасалат. Ошондой эле эки капталды көздөй да термелүү керек.

5. Эң биринчи көнүгүүдөгүдөй төрт аяктап турабыз. Дал ошондой абалда бөлмөнүн ичин төрт аяктап басып чыгабыз. Чарчаганча баскан соң көнүгүүнүн аягында эки бутка тике туруп, эки кол менен буттардын учун кармап алып тартынабыз. Мында тизелерди бүкпөй туруу – эң башкы шарт.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан