КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башталышы)

Компьютеринде «Пасьянс-пауктун» сазайын берип жаткан бөлүм башчыны телефонуна келген чалуу чочутуп жиберди. Досу Ороз экен. Башка киши чалса албай коймок. Мунукун алыш керек. Кыйын күндөрдө акча берген да, колдогон да досу. Бизнесмен, бай…

– Да, Ороз…

– Баке, ит болду, досум,- Ороз дегени шашылып күшүлдөп-бышылдап сүйлөдү.

– Тынччылыкпы?

– Тынч эмес. Мага келчи... Же мен сага барайынбы?

– Эй, телефондон эле айта берчи, жүрөктү түшүрбөй…

– Телефондон айтчу иш эмес. Келе кал үйгө!

xxx

Ороз өң алеттен кетип калыптыр. Чачын ак баскан, бир аз толмочураак, сары киши эле. Үстүндө кийген халатынын бели буулган эмес. Кандайдыр бир коркунуч бар көздөрүндө.

– Бакыбай… Досум… Энеңди урайын, карыганда шерменде болгону калдым…

– Эй, эмне болду?- Бакыт күрмөсүн кийим илгичке илип сүйлөдү.

– Аяшың Түркияга эс алып кетпеди беле?!

– Анан…

– Кыз жандуу жаным…

– Хе-хе… Эмне бирөө коркутуп жатабы?

– Жо-ок! Бир кыз менен кечээ ресторандан таанышкам. Бүгүн түштө чогуу тамактаналы деп чакырып, анан экөөбүз үйгө келгенбиз.

– Эмне «подстава» кылдыбы?

– Жок. Тиги аяшыңдын алтын-палтынын, үйдөгү акчаны шыпырып кетиптир.

– Түшүнбөй калдым. Сен кайда элең? Тиги сейфтин кодун ким айтты ал кызга?

Ороз алдастай түштү. Оор үшкүрүнүп алды да, халатын чечип жиберип майкасын көтөрдү. Кыпкызыл болуп бөйрөк тушу күйүп калыптыр. Кыязы ысык үтүктөн калган из.

– Ёлки-палки… Үтүк басканбы?

– Досум, таап бер ошол кызды. Аны тим элечи!.. Сураганыңды берем.

– Кыз жалгыз эмес беле?

– Жалгыз эле…

– Анан кантип сага үтүк басты?

Ороз кабак бүркөп эмне дээрин билбей калды.

– Досум, эми…

– Та-ак, токточу! Бою узун, каны аралаш метис кыз эмес бекен? Орус менен кыргыздын каны аралаш…

– Мм… Ооба.

– Сени керебетке таңып туруп анан жасадыбы бул ишти?

– Сен каяктан билесиң?!- Ороз шектүү карап калды.

– Аа… Сен биринчи «жертва» эмессиң, досум. Калп айтпасам, 2 айдан бери ал кыз изделип жатат. Керебетке таңылган сенден башка дагы төртөө бар.

– Эмне?

– Арыз түшкөн буга чейин… Сулуу кыз. Орто жаштардагы бай эркектерди алдап үйүнө барат. Кантип ишке ашырат билбейм. Айтор, эркекти колу-бутунан таңат да, үйдү тазалап кетет. Балдар издеп жатышат азыр. Дагы жакшы, аяш Кыргызстанда эмес. Болбосо өткөндө бирөөнү аялы чечиптир керебеттен… Жумушта ызы-чуу эле болуп жатышты,- Бакыт жылмайып жиберди.

– Досум…

– Баса, сени ким чечти?

– Өзүм чечтим. Эптеп тишим менен… Жетпей атып. Энең... Жанагы сойкуну тез таап бер, Баке. Тим эле союп жейм дурайынды! Эй, сейфтин кодун айтпай койсом, түз эле үтүктү ысытып басып салбадыбы! Таш боор неме экен. Жан таттуу тура, өлтүрүп коёбу деп корктум. Сейфте оңбогондой акча бар болчу.

– Канча?

– 17 миң доллар... Аяшыңдын алтындары. Алардын баасы бери жагы эле 10 миң доллардай.

Бакыт таң калганын билдире ышкырып койду.

– Аяшың 5-6 күндөн кийин келет. Ошого чейин таап бер. Шерменде болбоюн карыганда.

– Табылат, досум. Кам санаба,- ишеничтүү сүйлөдү Бакыт. Телефонун алды да, бирөөгө чалып баштады.

– Алло, Тилек, өткөндөгү кызды сен издеп жатасыңбы? Ооба, баягы керебетке таңып кеткен. Ооба-ооба… Кыскасы, тез аранын ичинде таап чык. Фоторобот барбы? Видеого түшүп калгандыр, балким? Тез тап! Ооба… Башка иштерди жыйыштыр да, ушунун үстүнөн иште. Лично мага кабарлап тур макулбу?! Давай…

– Видео демекчи… Кире бериште камера бар да. Ооба, ал иштеп жаткан.

Ороз шаша-буша ашканага жөнөдү. Ашканадагы телевизордун пультун алды да, баскычтарын шашылып баса баштады.

– Камера ушуга онлайн байланган… Азыр, энеңди…

Аз өтпөй кире бериш тартылган сүрөт чыкты.

– Артка түрдүр…

Чын эле кыз менен Ороздун келгени көрүнүп турат. Бирок кыз күрмөсүнүн капюшонун кийип алган экен. Жүзү көрүнбөй койду. Дагы бир топ убакыттан кийин кыздын чыгып бара жатканы көрүндү. Дагы эле капюшончон. Бирок эшикти жаап болору менен ал башын өйдө кылып дал камераны караптыр.

– Токтот!- деди Бакыт издеген нерсесин тапкандай.

– Жакындата аласыңбы? Та-ак… Ии ушундай!- Көздөрү кара, бажырайган сулуу кыз экранда карап турду. Бакыт айфонун алып чыкты да, сүрөткө тартып алды.

– Болду, досум. Эртең-бүрсүгүнү жолуктурам бул сулуу менен,- деди күлүмсүрөй.

– Мен арыз жазбай эле коёюн. Сен өзүң эле бүтүрүп бер бул ишти. Деги опертоп кол алдыңда… Мени билесиң, ыраазы кылганды унутпайм.

xxx

«Младший лейтенант, мальчик молодой…» Тамекинин түтүнү толгон бөлмөдө береги ыр жаңырып турат.

– Эй, токтотчу алдагыны!- Тилек ордунан бакырып тура калды. Буттарын учкаштырып столго асып отурган Марс чочуп кетти.

– Аллегрова деле чарчады ушуну ырдап жатып. Сен эле тажабайт экенсиң! Кабинетти да түтөтүп бүттүң! Тур, терезени ач!

– Омей, Тиля! Эмне болду?

– Эй…- Тилек тиштенип токтоду.

Марс мунун жининен корко турган. Анын үстүнө бойлуу дагы неме. Чаап жиберсе соо калтырбайт. Ордунан туруп терезени ачып баштады.

– Эмне сиркең суу көтөрбөй?

– Ээ, тетиги шеф бир жумушту ылдамдат деп жеп коймой болду. Кылмышкер издейт да опер деген. А буларың ойношторун издетишет!

– Эмне шефтин ойношубу?

– Жок эй!.. Бар жумушуңду кылчы!

Компьютерине үңүлүп калды Тилек. Бүркүт кабак бул жигиттин оперативдүү кызматкер болгонуна 2 жылдын жүзү болду. Ушул кызматты дегдеп келген эле. Азыр илең-салаң эле жүрөт. Жылдап аңдып жүрүп кармап келген кылмышкер эки айдан кийин эле сыртка чыгып, муну келекелеп кеткенден бери жумушка көңүлү жок. Тааныш-билиши күчтүү неме экен. Анын үстүнө коллективинде жарым-жартылайы милициянын формасын кийип жүргөнү менен, чала бандиттер. Кылмышкер менен чай ичишип жүргөнүнө корстон болгондор мындан көп. Жумушун мындай элестеткен эмес…

Компьютеринде ар кайсы жактын видео көзөмөлдөрүнөн алынган тасмаларды тиктеп отурат.

– Бул эмес… Бул эмес… Аа… Мында жүргөн турбайсыңбы, сулуу… Кана бери карачы?- экрандагы токтоп турган тасманы жакындатып, телефонундагы сүрөт менен салыштырды. Дал өзү, баягы кара көз кыз.

– Ушу бекен ойношу?- Марс кайдан-жайдан пайда боло калып чочутуп жиберди.

– Жок эй…

– Жаман татынакай го…

– Аллегровага жетпейт го дейм,- Тилек Марсты шылдыңдады.

«Чындап эле татынакай экен» деди ичинен сүрөттөгү кара көздүү селкини тиктеп…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-12-01 10:38:58
Кызыктуу башталды
+1
Samieva8890
2020-12-05 23:31:11
Жакшы окшойт. Башталышы жаман эмес.
0
№ 938, 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан