2021-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

Уй жылы босогодо турат. Чычкан жылында оор жоготууларды, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн бүтүндөй дүйнө эли ушул жыл өтүп кетсе эле бардык жакшылыктар жаңы жылда шатыра-шатман тосуп ала тургандай үмүт менен Уй жылын күтүүдө. Ошондой эле болсун! Алдыда 2021-жаңы жылда кайсы жылдыз ээсин кандай жашоо күтөрү боюнча жылдыз төлгө сунуштайбыз.

КОЙ (21.03-20.04)

Жалпы тенденция

Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр 2021-жылы өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Кытай календары боюнча, келе жаткан Уй жылы өзүнө окшогон өжөр, максатына бекем турган, туруктуу жандарды жактырат. Ошол себептен Койлордо кездешкен дал ушул мүнөздөрдү баалап, Уй жылы аларды бардык ишиндеги ийгилиги менен сыйлайт. 2021-жылдын биринчи жарымы өзгөчө ийгиликтер менен өтөт. Ал эми жылдын экинчи жарымы биринчи жарымында кандай иштерди жасагандыгынан көз каранды болмокчу. Колдон келишинче жылдын биринчи жарымында келген ийгиликтерди, кызматтан көтөрүлүү, каражат, үй-бүлөлүк бакубатчылык сыяктуу жагымдуу көз ирмемдерди кармап калуу керек.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Сүйүү жана үй-бүлө жаатында күткөн мүнөзүнө жараша жооп алышат. Түгөй издеп жүргөн бойдоктор үчүн издегени табылат. Бул жылы аларда сүйүү жана жөн гана жактыруу сезими аралаш жүрөт. 2021-жыл бойдок Койлор үчүн үй-бүлө союзун курууга идеалдуу жыл болмокчу. Түгөйлөр ортосундагы араздашуу, пикир келишпестиктер март айынан июнь айына чейин орун алышы күтүлүүдө.

Ден соолук

Жашоонун ак сызыгында келе жатканына карабай, Кой жылдызындагыларды саламаттыгында жаралган маселелер ойлондурмакчы. Айрыкча октябрь айларында ар кандай оорулар жабышып, Койлордун жүрүшү басаңдайт. Өзгөчө көңүл буруучу маселелер: нерв системинин абалы, уйкусуздук, аллергия, ичеги-карын оорулары жана сезондук грипп, суук тийүү сыяктуу көйгөйлөр. Мындан тышкары кайсы бир органга операция жасатуу же тиштерди дарылатуу, салдыруу сыяктуу пландалып жүргөн иштерди сөзсүз ишке ашыруу керек.

Акча

Жылдын алгачкы үч айлыгындагы маңдай терди төгүп иштөө, өжөрлүк, жумуш боюнча сүйлөшүүлөр апрель айларында эле өз жемишин бере баштайт. Карьералык өсүү, айлык акылардын көбөйүшү, бизнес талаасындагы ийгиликтер кубантат. “Ак металл уй” эмгекчил адамдарды сүйөт. Андыктан жалкоолор чөнтөгүнүн жукалыгына өзүн гана күнөөлөшү керек болот.

Келип түшкөн каражаттын арты менен эйфорияга чөмүлүп калбай, учурдан пайдаланып акча чогултуу, банктан аманат ачып каражат топтоо, сатса баа боло турган буюмдарды алып коюу сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жалпы тенденция

Эгиздер бул жылы кумурскадай эмгектениши керек. Мунун акыбети сөзсүз кайтарына жылдыздар сөз беришет. Жыл башында жана жаз мезгилинде көргөн эмгектин жыйынтыгын жайында көрөсүз. Тактап айтканда, сонун эс алуу, жумушунан каалагандай убакытка өргүү бактысы буюрат. Октябрь айында үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакындардын маселеси менен чуркайсыз. Көпчүлүк учурда Эгиздер өзүнө кам көрүш керек экенин экинчи планга жылдырып же унутуп деле коюшат. Андыктан ден соолукка олуттуу мамиле жасоо сунушталат.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Эгиздердин стихиясы аба болгондуктан, аларга мүнөздөмө бергенде туруксуздук менен көп айкалыштырышат. Уй жылында аларга бул мүнөздөмө таасирин тийгизбеши мүмкүн. Тактап айтканда, түгөй издегендер сүйүктүүсүн таап, түтүн булатууга шерттешишет. Албетте, жеңил жана кыска убакытка созулган мамилелер да орун албай койбойт. Уй жылы үй-бүлөлүү туруп башка мамилени көксөгөндөргө ырайым кылбайт. Мындай аягы суюк мамилелер үй-бүлөнүн кыйрашына жеткирерин эске алуу шарт. Уй жылы бекем үй-бүлө күтүүнүн символу болмокчу. Андыктан энергияны бала-бакыра, тууган-урукка жумшоо гармониялуу жашоону тартууламакчы.

Ден соолук

Меркурий планетасынын сүйүктүүсү болгон Эгиздердин талуу жери жүрөк-кан тамыры жана нерв системи болмокчу. Зыяндуу ичимдик же азык-түлүктөн баш тартуу сунушталат. Биринчи кезекте көңүл буруучу маселелер: депрессияга чалдыгуу, невроз, жүрөк-кан тамыр оорулары, ооз көңдөйүнүн абалы (тиштин саламаттыгы, пародонтоз жана башка), ашказан-ичеги оорулары жана ашыкча салмак.

Акча

2021-жылдын 1-декадасында жакшы эмгектенгендер үзүрүн көпкө күтүшпөйт. Тапкан каражаттын бир бөлүгүн үй-бүлө же достор менен эс алууга сөзсүз бөлүңүз. Быйылкы жылы топтолгон стрессти чыгарууга жакшы шарттар түзүлөт. Акча каражатын үнөмдөп, пайдасы жок нерселерди сатып алуунун санын кыскарткан оң. Май айында көптөн бери самап жүргөн буюмга жетесиз. Башты көбүрөөк иштетип, оор иштерди жасоодон оолактоо сунушталат. Антпесе айттырбай келген кырсыктар тооруп, анын ордун толтуруу үчүн каражат көп сарпталып кетиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жалпы тенденция

2021-жыл Букачарлар үчүн ийгилик жана комфорттун коштоосунда өтөт. Айрыкча жаз-күз мезгилдери эң жагымдуу көз ирмемдерди тартуулайт. Бизнес чөйрөсүндөгү адамдар пландап жүргөн иштерин коркпостон ишке ашыра берүүсү керек. Жылдын ортосу Букачарлар үчүн асмандан белек жаагандай эле болору күтүлүүдө. Ошентсе да күздүн соңу менен кыйчалыш иштер орун алат. Каатчылыктан адал эмгек, ак иш менен чыгып кетүү жолу бар.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Бойдок кыздарга 2021-жылдын биринчи жарымында жеке мамилелерди жөнгө салуу сунушталат. Дал ушул мезгилде өмүрлүк жарын кезиктирип калуу бактысы бар. Ал эми жигиттер үчүн күтүүсүз таанышуулар чоң сүйүүгө себепкер болуп калышы ыктымал.

Үй-бүлөлүү түгөйлөрдүн жашоосу мамилелердин жаңы багытка бурулушу менен коштолот. Балдардын окуусундагы мүчүлүштүктөр аларды кыйнап коюшу мүмкүн. Урушпай жардам берип, билимин тыкыр көзөмөлдөө сунушталат.

Ден соолук

Спорт менен машыгуу, денени сергек кармоо, витаминдүү тамактар менен азыктануу. Мунун баарын эч ким эрежелерден алып коё элек. Букачарлардын ден соолугунда ашказан-ичеги оорулары, тиш оору, уйку бези, калкан бези сыяктуу органдар маселе жаратышы ыктымал. Мындан тышкары ашыкча салмак жана алкоголдук ичимдиктерге көнүү коркунучу жаралат.

Акча

Букачарларга финансы жааты чоң деле маселе жаратпашы ыктымал. Киреше дарыя болуп агып келбесе да, булактын агымындай тынымсыз келип турат. Жылдын башы айлык акыга кошумча кошулуусу, мурда баштап коюп пайдасын көрө албай жүргөн кичи бизнестердин жемишин бере башташы кубандырат. Жаз айларында ири суммадагы каражат же жакындардан калган мурас колго тийиши күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жалпы тенденция

Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр бардык ишти логикага салып чечкендер. Ушундай эле тенденциядагы ой жүгүртүүсүн жумушуна жана бизнеске жумшаса, үзүрүн күз мезгилинде көрүп калышы ыктымал. Бул жылы майда-баратка көп көңүл бурбай, кыймылсыз мүлк алууну максат кылып, каражат чогулта баштоо керек. Жалгыздап иштегендерге күч келет.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Махабат фронтунда жүрөктү тыңшоо сунушталат. Бойдок бийкечтердин жазда тапкан сүйүүсү үй-бүлө күтүүгө жетиши мүмкүн. Эң башкысы, тандоодон адашпоо керек. Ал эми мырзалар түгөйүн тапса, мамилени олуттуу стадияга чыгаруусу шарт. Бөйөндөрдүн үй-бүлөсүндө жаңы толуктоолор орун алышы күтүлөт. Мамилени сактап калуу үчүн жеке сүйлөшүүлөрдү байма-бай жүргүзүп туруу кажет.

Ден соолук

Сезондук оору-сыркоодон сак болуңуз. Көңүл бурбай коюу өнөкөт оору табууга чейин алып келет. Тамактануу режимине да көңүл буруу кажет. Көңүл буруучу маселелер: ашказан-ичеги оорулары, ангина жана тонзиллиттин алдын алуу, сасык тумоо, жүрөк-кан тамыр системи, стресстин алдын алуу сунушталат.

Акча

Уй жылы Бөйөндөрдүн каржы маселесин көңүл сыртында калтырбайт. Бирок тынбай иштеп, кийинки жылдын да каржы жагын ойлоно жүрүү сунушталат. Кызмат ордунда жаралчу кыйынчылыктар жай айларына туш келет. Бир аз акча тартыштыгы орун алат. Күз айларында абал турукташып, кошумча каражат келчү булак табылат. Интуиция алдашы мүмкүн, көнгөн адатыңыз боюнча логика менен маселе чечкениңиз артык.

(Уландысы кийинки сандарда)

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан