2021-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

(Башы өткөн санда)

АРСТАН (23.07-23.08)

Жалпы тенденция

Арстан жылдызынын алдында туулгандар бул жылы башынан бир нече сыноолорду өткөрөт. Стресс жана убактылуу депрессияны алып келгени менен, сыноолор тез өтөрүнө сөз беришет жылдыздар. Уй жылы Арстандарды ушундай жол менен сынап, көйгөйлөргө туруштук берүүгө бышырат. Натыйжада алар күчтүү жана чыдамкай болуп чыга келишет. Бул мүнөздөр жаралган маселелерден оңой чыгып кетүүгө жардам берет. Сизге калп айтууга болбойт. Алдоо, көз боёмочулук сыяктуу куулуктар жакшылык алып келбейт. Ансыз деле жылдын алгачкы 3 айы ийгиликтүү өтөрүн эскерте кетели. Бул учурда карьералык жактан өсөсүз.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Сүйүү жана мамиле жаатында бир катар алдоолор, көзгө чөп салуу жана сезимдерге терс жооп алуу сыяктуу көрүнүштөр орун алат. Бирок мындай нерселер сүйүүдөн көңүл калуу, депрессия жана жалгыздыкка алып келбеши керек. Бирөөнүн пикирин, тандоосун сыйлап, Арстандар бардык нерсеге реалдуу карашы керек. Ошондо гана кырдаалдан чыгып кете алышат. Үй-бүлөдө жаралган кыйынчылыктар түгөйлөрдүн союзун ого бетер бекемдемекчи. Алар кырдаалдан чыгуу үчүн күчтөнүп жатышып мамилелерди дагы бир тепкичке өйдө чыгарып алышмакчы.

Ден соолук

Ден соолукту көңүл сыртында калтырбоо сунушталат. Керектүү витаминдерди ичип, пайдалуу азыктар менен тамактана жүрүү керек. Жумуштун көптүгүнөн өзүн унутуп койгон Арстандар ден соолуктун начарлап кетишинен жапа чегишет. Зыян алып келүүчү бирден-бир нерсе – алкоголдук ичимдиктер. Көңүл буруучу жагдайлар: сасык тумоонун алдын алуу сунушталат, нерв системи, гастрит, жүрөк-кан тамыр оорулары, аллергиялык жана тери менен байланыштуу оорулар ойлондурат. Күч келген оор күндөрү жакшылап эс алуу сунушталат.

Акча

Жылдын башындагы алгачкы 3 айда тер төгүп иштөөдөн жыл ичиндеги материалдык абал көз каранды болмокчу. Эгер ийгилик кушун жыл башында эле учуруп жиберсеңиз, кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Чыгармачылык жана өз алдынча бизнес жасоо менен алектенгендердин иши алга жылышы күтүлөт. Жылдын биринчи жарымында бизнес чөйрөсүндө жүргөндөргө тобокелдиктерди аз жасоо сунушталат. Сентябрь айында ири сатып алуу орун алмакчы. Көксөп жүргөндөр үйлүү болушат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жалпы тенденция

Бийкечтерге ийгилик алып келген мүнөздөр – ачыктык, адам менен тил табыша билүү. Мунун артында алар пайдалуу адамдар менен таанышып, чөйрөсүн перспективдүү инсандар менен бекемдей алышат. Өзүнүн үстүнөн иштөө керек болот. Жаңы өнөр, билимге умтулуу, изденүү ийгилик алып келет. Бирөөнүн жашоосуна суктанып, өзүн алардан кем көрүп негатив чакыруу айланасына чогулган кутту качыргандан башка пайда алып келбейт. Позитивдүүлүк гана ийгиликтерге жетелемекчи.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Сүйүү фронтунда Бийкечтердин жылдызы жанат. Өзүнүн үстүнөн иштөөсү башкаларды да суктандырып, татыктуу түгөй жолуктурууга чейин жеткирет. Кыялы чукул, урушчаак кулк-мүнөздөгү Бийкечтер, тескерисинче, жалгыз болушат. Жалпылап айтканда, Бийкечтер кулк-мүнөзүнө жараша түгөйгө кезигишмекчи. Жалгыз бойлор жыл башында түгөйүн кезиктириши ыктымал. Мамилени өнүктүрүүгө жараша союздун аягы үй-бүлө курууга жетет же тескерисинче. Жаңы курулган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн үйүндө бала үнү жаңырат. Түгөйлөрдү балдардын кылык-жоругу ырахатка бөлөп, гармония орнойт.

Ден соолук

Тилекке каршы, Уй жылы Бийкечтер үчүн оору-сыркоонун жылы болот. Көбүнчө стресске кабылуу, суук тийүү, сезгенүү, нерв системине байланышкан маселелер катарлаш жүрөт. Мындан тышкары травма алып калуу коркунучтары да көп. Этият болуу, жолдо жүрүү коопсуздугун сактоо, витаминдер кампасын толтуруу сунуштары бар. Күз айлары оору-сыркоонун мезгили болмокчу. Өтө жанды сабап иштебей, маал-маалы менен эс алып туруу керектелет.

Акча

Жыл башында каражаттын көпчүлүгүн үй-бүлөнүн жана туугандардын керектөөлөрүнө жумшайсыз. Мындан улам Бийкечтер кошумча каражат булагын издөөгө аргасыз болушат. Бактыга жараша, ыңгайлуу жумуш тапкандар да болот. Айрымдар кыска мөөнөттүн ичинде финансы жагын чечип алууга жетишишет. Жетекчилик тарабынан ишеним артылып, өйдөрөөк кызматтан жумуш орду сунушталат. Баш тартуу же макул болуу потенциалыңызга жараша болмокчу. Өзүңүзгө өтө ишенсеңиз сунушту кабыл алуу оң. Хобби же жан дүйнөсү сүйгөн иши менен стартаптарды баштоо да ийгиликтерди алып келмекчи.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жалпы тенденция

Уй жылы Таразаларга профессионалдык жаатта ийгиликтерди алып келет. Көпчүлүгү карьералык өсүш алат. Атаандаштар жол бошотуп беришет, кызматында, өнөктөштөрү арасында кадыр-баркка ээ болушат. Айланасына жакшы адамдар топтолот, бирок котур ташы коюнунда адамдар да кезикпей койбойт. Мамиле түзүүдө дипломаттык ыкма жардамга келмекчи. Бул жыл конфликттер үчүн эмес. Ошондой эле чөйрөдөгүлөрдүн пикирине ообой, колдон келсе, агымга каршы сүзүү да ийгиликке жетелемекчи.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Түгөйлүү Таразаларда мамиле жаатындагы кризис жаралат. Болбогон бир майда-чүйдөнүн арты менен өнөктөштөр ортосунда конфликттер көп орун алмакчы. Мындай олку-солку мамиле күзгө чейин уланары күтүлүүдө. Ажырашуу, кол үзүшүүгө жетпөө үчүн түгөйлөр бири-бирин түшүнүү менен кабыл алуусу шарт. Мындан тышкары чыр-чатак акча маселесинен, балдардан улам келип чыккан көйгөйлөрдөн, бири-бирине канааттанбагандыктан улам да жаралат.

Ден соолук

Стресс абалды жараткан окуялардан улам айрым Таразалар ичкиликке көп басым жасап ден соолугуна залака келтириши мүмкүн. Мындан тышкары жүрөк оорулары, күйүккө кабылуу, кулак-мурун оорулары тоорушу ыктымал. Жаз-күз айларындагы сезондук суук тийүү, сасык тумоо ооруларын күчтүү иммунитет менен жеңип кетсе болот.

Акча

Каржы жаатында стабилдүүлүк орун алмакчы. Эң башкысы, чечимдерди кабыл алууда көпкө ойлонуп отурбастан шар жүрүү керек. Жаңы жылы башталган бардык иштер ийгиликтүү жүрөт. Бирок каражатты ысырап кылуу, жөнү жок пайдасыз нерселерге жумшоо жыл аягында кризиске жеткирет. Ар кандай лотереялык утуштарга, интернетте ойнотулган оюндарга үмүт артпай эле коюу туура.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Жалпы тенденция

Бардык кадамды ойлонуп жасоо сунушталат. “Жети өлчөп, бир кес” деген сөз бекеринен эмес. Өйдө-төмөн кырдаал жараткан учурлар орун алат, бирок мунун арты менен чаяндар өзүнө жакшы турмуштук тажрыйба топтоп алышат. Анализ жүргүзүүнү жакшы өздөштүрүп алуу керек. Бардык маселе, кырдаал тыкыр ойлонулса, жолдон чыккан тоскоолдуктар оңой чечилмекчи.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Жеке мамилелерге келсек, Чаяндарды сүйүү жаатында күтүүсүз окуялар күтөт. Сиздин эмоционалдуулугуңуз жана түшүнүксүз кыялыңыз өнөктөшүңүздү чочутуусу мүмкүн. Бирок жасалмалуулук ийгилик алып келбейт. Айрымдар январь-февраль айларында сүйүктүүсүнө жолугат. Бойдокчулукка чекит коюу аракетин көрүшкөнү менен, сезимдер жоопсуз калышы ыктымал. Үй-бүлөдө жубайына болгон талаптарды күчөтүү түгөйүн чарчатып жиберет. Айрыкча эркек Чаяндар сабырдуу болуусу кажет.

Ден соолук

Чаяндар ден соолук жаатына келгенде шалаакы болушат деп мүнөздөлөт. Уй жылында ушундай көрүнүш улана берсе, жыл бою бечел кетпей, оору-сыркоонун үстүндө жүрүшөт. Үлп эткен желге деле ооруп калуу коркунучу бар. Жылдыздар иммунитетти бекемдеп, өз учурунда эс алып, уйкуну кандыра уктоону сунушташат. Эгер бул эрежелерди сактасаңыз саламаттыгыңыз жалпы жонунан жайында болмокчу. Ойлондурган маселелер: борбордук нерв системи, жүрөк-кан тамыр оорулары жана эндокриндик систем.

Акча

Ойлонбой кадам жасоого болбойт! Мисалы, туура эмес сатып алуулар, ишеничсиз адамга көп суммадагы акчаны карызга берүү же кумар оюндарына берилип ойноо эч жыйынтык алып келбейт. Чаяндар эсепчил, уюткуга дайым акча катып койгонду билген инсандар. Бирок финансылык каатчылыктан эч ким корголгон эмес. Ошондуктан акча чогултуу, банктардан аманат ачуу жакшы кепилдик болмокчу. Бизнес жаатында же кесиптештер арасында бут тосууларга кабылышыңыз мүмкүн. Атадан балага же жакындардан кыймылсыз мүлк, унаа мураска өтүүсү көп орун алат.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан