Башкортостандын 37 жаштагы тургуну Фазил Халиков жубайы менен урушуп, алты жашар уулун жана бир жашар кызын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каргаша 26-декабрда Уфа шаарында болгон. Анда “жубайым көзүмө чөп салды” деген эркек балдарын алып, белгисиз тарапка кетип калган. Бир нече убакыттан соң Халиков аялы менен байланышып, кызы көз жумганын жана уулу да жакын арада өлөрүн айткан. Ал ушундай эле билдирүүнү агасына да жөнөткөн.
“Байке, саламатсызбы? Аялым мени алдады, күнөөсүн моюнуна алды. Ал башка бирөөнү сүйүп, кечеде аны менен бирге болгонун айтты. Мен балдарды өзүм менен кошо ала кетем”,- деген боюнча байланыш үзүлгөн.
Милиция кызматкерлери издөө учурунда унаанын ичинен үч адамдын денесин табышкан. Халиков унаасынын эшиктерин жаап, балдары менен көмүр кычкыл газына ууланып каза болгон.
Жолдубек Качкынбаев