«Ал тартылган кино кызыктуу болот» деген сөздү уккусу келген МУН ГА ЁН

K-pop рубрикасынын окурмандарын кезектеги каарман менен тааныштырабыз. 10 жашынан киного тартылып, 30дан ашык долбоордон кийин гана башкы роль алган Мун Га Ён «тартылган долбоорлорум ийгиликсиз болуп калса, күнөөнү өзүмдөн издейм. Бул сапатым бир чети жоопкерчиликке, изденүүгө түртсө, экинчи жагынан өзүмдү чарчатып жиберет» дейт. 25 жашка эми чыккан актриса азыр дүйнөгө белгилүү, суроо-талапка ээ инсан.

Толук аты-жөнү: Мун Га Ён

Туулган жылы: 1996-жыл, 10-июль

Туулган жери: Германия, Карлсруэ шаары

Бою: 168 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: «Мими», «Менин кошуналарым «ЕХО», «Мыкты азгыруучу», «Вайкикиге кош келдиңиз-2», «Мени эсте», «Чыныгы сулуулук» жана башка

«БАЛАЛЫК – БУЛ ЖОМОК»

– Чоңойгондо балалыгыбыз жомоктогудай сезилип, эң жакшы күндөрүбүз ошол мезгилде калганын айтабыз го. Менин балалыгым, эстен кеткис күндөрүм Германияда калган. Германия – мен үчүн жомоктор дүйнөсү. Ошол жылуу, жагымдуу сезимдер, элестер өмүр бою мени менен жашайт,- дейт Га Ён.

Германиянын Карлсруэ шаарында жарык дүйнөгө келген болочок актрисанын атасы физик, апасы музыкант. Үй-бүлө көп жылдар бою чет өлкөдө жашап, кийин өз мекенине кайтканда Га Ён 10 жашта болчу. Апасынын чыгармачылыктагы тааныштары аркылуу 2006-жылы «Сүйүктүү мугалимге» аттуу сериалда өзү курактуу кыздын ролун ойногон. Кийинки бир нече жыл аралыгында да жаш каармандардын образын жараткан кичинекей актрисанын куржунунда тартылган тасма-сериалдардын саны өсүп отурган.

«КИНО ЖААТЫНДА БИЛИМИМ ЖОК»

– Актёрдук чеберчилик курстарына барган эмесмин, кино жаатында билимим да жок. Кичинемде режиссёрлордун айтканын аткарып койчумун. Чоңойгондон баштап кесиптештерим бири-бири менен кеңешип, кандай кылса жакшы болорун үйрөтүп жатканын көрүп ойлоно баштадым, кээде ичим күйүп кетчү. Менде болсо үйрөтө турган устат жок эле. Азыр болсо ошол кыялым аткарылды. Кумир туткан адамдарым мага устат болушту. Алардын бири «Мыкты азгыруучу» дорамасындагы «апам», актриса Ким Со Хён болсо, экинчиси «Өзүнүн атына татыктуу» сериалындагы актёр Ким Нам Гиль. Бул адамдар менен иштешүү мен үчүн чоң тажрыйба болду. Азыр деле кесибиме байланыштуу суроо же маселе жаралып калса дароо экөөнүн бирине телефон чалам, кеңешем,- дейт кубанган актриса.

Га Ён көпчүлүккө 2014-жылдан баштап таанылды. Буга чейинки убакыт аралыгында 30дан ашык кино долбоордо чакан же болбосо элге алынбай калган ролдорду аткарып келген актриса «Мими», «Менин кошуналарым «ЕХО» сериалдарында башкы роль алып, атын чыгара алган. Ал эми ага дүйнөлүк атактуулук алып келген, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө да тааныткан 2018-жылы экранга чыккан «Мыкты азгыруучу» дорамасы болду окшойт. Француз жазуучусунун «Кооптуу байланыштар» романынын негизинде тартылган сериалдагы ролу үчүн MBC Drama Awards сыйлык тапшыруу аземинде көптөн күткөн «Эң мыкты айымдын ролу» наамын жеңип алган.

«КАСКАДЁРЛОРДУН МЕКТЕБИНДЕ ОКУДУМ»

– Көп нерсени үйрөнгүм келет. Жылдын башында кадимкидей план түзөм, муну-муну үйрөнөм, окуйм, ишке ашырам деп. Кичинемде боевик кинолор жакчу. Андагы актрисалардын согушканын көрүп оозум ачылат эле. Боевиктердеги Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли, Кейт Бланшетт жана корей актрисасы Ха Жи Вон менин кумирлерим болчу. Кесибиме кереги тиет деп каскадёрлук мектепке кирип, 2 жыл окудум. Уруш техникаларын үйрөндүм,- дейт тырышчаак кыз.

2019-жылы актриса «Вайкикиге кош келдиңиз-2» сериалына тартылды. Анын артынан «Мени эсте» дорамасы чыкты. Мун Га Ён «Мени эсте» сериалы жашоого жеңил кароого, өзүн-өзү баалоого, жакындарыңды, жаратылышты сүйүүгө үйрөткөнүн айтат. Азыр болсо мектеп жашоосун, ал жактагы атаандаштык, сулуулук, окуучулардын мамилеси, сүйүү, айтор, окуучулук күндөрдү эске салган «Чыныгы сулуулук» сериалында баш каармандын ролун аткарып жатат. «Актриса катары келечекке койгон максатым – элдин «Мун Га Ён тартылып жатса, демек, ал кино кызыктуу болот» деген сөзүн угуу. Ал үчүн биринчиден, өзүмдү түшүнүп, баалашым керек. Экинчиден, талыкпаган эмгек, окуу, тажрыйба зарыл. Колумдан келишинче аракет кылам» деген каарманыбыздын максатына жетчү күнү алыс эмес.

«ООБА, МЕН ФЕМИНИСТМИН!»

– Кээде жөн гана тынч жерде отуруп китеп окугум келет. Ошондо чарчаганымды, эс алыш керектигин түшүнөм. Китеп окуганда кадимкидей моралдык жактан да, физикалык жактан да эс алып калам. Каннам районундагы «Kyobo» деген китеп саткан дүкөндү абдан жакшы көрөм. Философия, психология, социологиялык темалардагы китептерди көп окуйм. Өткөндө китептер тууралуу телеберүүгө чакырышканда аябай сүйүндүм. Анткени китеп менин экинчи дүйнөм, экинчи кесибим. Тизмемдеги эң мыкты чыгармалардын сап башында Гётенин «Фауст» трагедиясы турат. Классикалык чыгармалар жагат.
Акыркы күндөрү адамдын укуктары тууралуу китептерге кызыкчу болдум. Оюмду ачык, бетке айтканым үчүн мени «феминист» дегендер болду. Бул темада да көптөгөн китептерди окуп келем. Жаман эч нерсе көргөн жокмун. Ар бир адам, анын ичинде аялзаты да өз оюн ачык айтууга, туура деген нерсесин кылууга, эркин жүрүүгө укугу бар. Феминистсиңби деп сурагыңыз келсе, ооба, мен феминистмин!

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Afrodita1993
2021-01-18 14:31:34
Ха Джи Вон тууралуда маалымат билгим келет жазыныздарчы
+2
Erlan_95
2021-01-18 15:23:20
Afrodita1993, Интернетте толтура го))
+1
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан