25-ЯНВАРДАН 31-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Пландалган иштер ойдогудай ишке ашат. Туура кийинип, өзүңүздү жакшы алып жүрбөсөңүз сөзгө каласыз. Эч бир долбоорго же ишке акча жумшабай туруңуз, чыгым тартып калуу тобокелчилиги күтүлүүдө. Айрым дос саналгандар менен мамилеңизди анализдеп, кээ биринен алыстай баштайсыз. Кокустук орун алып, пландар өзгөрүшү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Каржылык абал туруктуу болбойт. Тырышып иштеп, керектүү адамдарды колго алсаңыз гана көбүрөөк акча таба аласыз. Ушакчы менен көрө албастардан алыс болуңуз. Жагымсыз жагдайда калышыңыз мүмкүн. Туугандардын биринде маселе жаралып, жолго чыгууга туура келет. Бирөөгө моралдык колдоо көрсөтөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Оор жумуштарды аткарууга бел байлайсыз. Айрымдар жаңы жумушка өтүшөт. Каржылык иштер алга жылат. Жаңы идея, жаңы жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү мыкты деңгээлде өткөрсөңүз, керектүү адамдар иштешүүгө макул болушат. Тиричилик иштерин үйдөгүлөргө калтыра туруңуз. Дос же тууганыңызга жардамга кол сунууңуз күтүлүүдө.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумуштагы абал өтө жагымдуу эмес. Жардам сураган адамыңыз баш тартышы мүмкүн. Маанайсыз учурда бирөө менен урушпаганга аракет кылыңыз. Азыр башка жумуш караштырууга ылайыктуу мезгил эмес. Маанайды көтөрүү үчүн жакшы адамдардын чөйрөсүндө болуңуз. Азык-түлүк жагынан бирөөгө кайрымдуулук көрсөтөсүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ички энергияңызды ойготуп, бардык күчтү жумшасаңыз, ишке ашарынан күмөн санаган кыялыңыз орундалат. Айрымдар ушак же кызганычтан улам сүйүктүүсү менен араздашууга барат. Туугандардын ортосундагы териштирүүдө нейтралдуу болуу керек. Балдардын окуусу, билим алуусу жаатындагы көйгөйлөр чечүүнү талап кылат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Уруш-талашка, түшүнбөстүккө жол бербей, баш-отуңуз менен иштеп, кирешени көбөйтүү керек. Чыгым да чыгат, киреше да кирет. Жумушта орун алмашуулар жүрүшү мүмкүн. Ичке толгон букту жакын сырдашыңызга гана айтып кеңешиңиз. Ууланып калбоо үчүн күмөн санаган азыктан алыс болгон оң. Ден соолукка байланыштуу маселелер чыгышы күтүлүүдө.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Күтүлбөгөн кабар маанайыңызга терс таасирин тийгизет. Капа болбоңуз, көп өтпөй жакшы маанайдагы жолугушуу баарын жууп кетет. Күтүлбөгөн ийгиликке туш келүүңүз ыктымал. Жакшылап ойлонуп, ийгиликти пайдалуу багытка колдонуңуз. Коомдогу ордуңузду бекемдеп алууга аракет кылыңыз, чөйрөгө өзүңүздүн артыкчылыктарыңызды далилдеңиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Акылдуулук жана чыгармачылык шыктануу бүтпөгөн иштерди бүтүрүүгө жол ачат. Кооптуу кырсыкты кандайдыр бир кырдаалдан улам байкап, алдын аласыз. Кетирген катачылык үчүн кимдир бирөө менен араздашууга барасыз. Бул аптада сизден гумандуулук, толеранттуулук талап кылынат. Эс алууга да көңүл буруңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Оригиналдуу ойлонуңуз, жакшы жүрүм-турумуңуз тегерегиңизге көптөгөн адамдарды тартып, кээ бири планыңызды ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул, албетте, каржынын көбөйө башташын шарттайт. Бойдоктор жактырган адамынын башкача кылык-жоруктарын байкашат. Ала турган буюмуңуздун баасына эмес, сапатына көңүл буруңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жаңы баштаган иште ийгиликтер жарала баштайт. Маселелерди чечүүдө ички туюмга таянып, адамдарды пикириңизге ишендире билүүңүз кажет. Тарткан чыгым өзүн актайт. Жакын адамыңызда пайда болгон маселе сиздин да тынчыңызды ала баштайт. Жаңы нерселерди үйрөнүү далалатыңызды байкагандар жардамга кол сунушат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Алдамчылыкка барбоо, жалкоолукка берилбөө керек. Бир нерсе сатып алардан мурда “ага ошончо акча коротуу керекпи, пайдасы канчалык?” деп ойлонуп көрүңүз. Уурулардан баалуу нерселерди сактоо керектигин жылдыздар эскертишет. Балдарга эс алуу уюштурушуңуз ыктымал. Коомдук иш-чарага катышууга сунуш түшүшү мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Каржылык маселеңиздин жарымын жакындарыңыз чечип берет. Кызмат ордуңуздан көтөрүлүү же төмөндөө өзүңүздөн көз каранды. Көңүл ачууга көп убакыт коротпой, пландуу иш кылсаңыз пайдалуу. Мурун мамилеңиз келишпеген адамдар менен тил табыша баштайсыз. Кышкы эс алуу менен алектенүү энергия топтоого жардам бермекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан