Союзбек Сейитказиев, куудул: «САЯСАТТЫ САТИРАГА КОЛДОНБОЙМ»

Куудулдукка келерден мурун ырчы болом дечү. Бирок тагдыр жолу аны куудул Рахман Разыковго жолуктурду. Анда 19 жаштагы боз улан эле. Популярдуу болуп, кийин жылдызы өчкөн маалда “ырчы болуп албай. Тандоо жолумда эмнеге адаштым?” деп кейип да жүрдү. Куудулдук өнөрүн кайрадан өстүрүп, элге күлкү тартуулап келе жаткан Союзбек Сейитказиев менен баарлаштык.

– Союзбек мырза, саламатсызбы? 5 жылдан бери маектеше элек экенбиз. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык. Былтыр жеке концертимди бердим. Быйыл чыгармачылыкта жаңы сатираларды жараталы деп жатабыз. Азыр адамдардын аң-сезими, кыял-жоругу, мүнөзү өзгөрдү. Эми ошого жараша сатираларды иштеп чыгып элге тартуулайлы деп турабыз. “Жоролор”, “Беш тапандын” 6-7 жигити биригип бир долбоор сунуштайлы деп, ошонун үстүнөн иштеп жаткан кез.

“Беш тапандын” эки жигити Ошто, үчөөбүз Бишкекте турабыз. Үй-бүлөлүү болгондон кийин ар кайсы жерде жашаганга туура келип калат экен. Ошондон улам мен, Болсунбек Стакеев, Талас Кашкалиев, Алтынбек Ажыалиев, Жылдызбек Абдыраимов, Үсөнбек Кыдыршаев менен биргеликте жаңы форматта күлкү тартуулайлы деп сүйлөшүп жатабыз. “Беш тапан” өзүнчө концерт коё турган болсок чогулуп коё беребиз. Элдин “аралашып ойноп көрбөйсүңөрбү?” деген сунуштарын эске алдык.

– Эмне үчүн спортчулардын да, ырчылардын да, куудулдардын да үйлөнгөн соң популярдуулугу солгундап кетет?

– Негизи үйлөнгөндөн кийин үй-бүлөңдүн, ата-энеңдин жанында болушуң керек. Алар “жумушуңду коё тур эми, шашпай кыласың” дешет. Баш кошкондон кийин карым-катыш көбөйөт. Мурда келесиңби, келбейсиңби, туугандарды кызыктырчу эмес. Ошентип үй-бүлөңдү иретке салгыча 2 жыл убактыңды алдырып жиберет экенсиң. Чыгармачылыктан алыстагандан кийин кайра нукка түшүш кыйын болуп калат тура.

Мисалы, пандемия учурунда эч жакка чыкпай отуруп калдык. Карантин бүтөрү менен концерт башталып кетти. Майрамбек Осмоновдун концертинде сахнага чыкканда кадимкидей титиредим. Эмне деп сүйлөөрүңдү билбейсиң. Концерттин биринчи күнү сүйлөп баратып чочуп кетип жаттым. Эртеси көнүшө түштүм. Спортчу деле күндө машыгып турбаса формасын жоготот. Артисттердики да чыгармачылык менен алпурушуп, эл менен жолугуп турбаса мурдагы формасын жоготот. Муну мен ушундай түшүндүм.

– Азыр кандай сатираларга эл кызыгат?

– Учурда юмор тандоо опурталдуу маселеге айланып калды. Юмор менен коомдогу терс көрүнүштү, мурдагы тарых менен бүгүнкү заманды салыштырып айтып, калыс ой-пикир чыгарып берүү керек. Мурда саясий юморлор жакшы өтсө, азыр андайлар элге өтпөй калды. Азыр интернет тууралуу айтсаң болот.

“Ким кылды эле, ким кылды? 30 жылдан бери эмнеге мындай болуп калды? Ушулардын баарын чоңдор кылды” деп бакырып, сатирага айланып, ойнолуп бүттү. Эми эл тууралуу ойной турган күн келди. Анткени чоңдор эле Кыргызстанды өз билгениндей калчаган жок. Эл да ошолорго шерик болдук. Эсимде, бала кезимде үйдө турган казанды эптеп сындырып, фляганы бырыйта чаап, “жарабай калды” деп алюминийге өткөрүүнүн айласын көрчүбүз. Жакшынакай турган тракторду бузуп, тетиктерин чыгарып темир-тезекке өткөрүп жатып Кыргызстанды чогуу эле тонодук. Алардан да, бизден да кетти. Ээрчип, акчага сатылдык. Ошондуктан азыр калыстыкты чагылдырып айтуу юмордун талабы болуп калды.

Эл менен эсептешип жашаш керек экенин 3 революция көрсөттү. Ошол коомчулукка кыйын болом дегендер тепки жеп жатышат. Айрыкча быйыл туура эмес иштери үчүн ырчылар, куудулдар дүңүнөн тепки жеп жатышат. Азыр абайлашың керек. “Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” дегендей, эптеп чыга калып аброюмду көтөрө калайын десең тепкиге кабылышың мүмкүн. Тынар Курбаналиев, Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, Күмөндөр Абылов агаларыбызды тепкилешти. Кайрат менен Куралды көрүп жатасыздар, бирок алар тепки жегенге татыктуу болушту. Өздөрү кылып алып, кайра жазасын алышты. Майрамбек агабыз “азыр эл коронавирус менен ооруп, иммунитети түшүп, нерв болуп турган маалда сабыр кылып күтүп туруш керек” дегендей, сак болушубуз зарыл.

– Саясатка баам салып турасызбы?

– Саясатка бир сыйра көз салып, ой жүгүртүп турам. Бирок саясатты сатирага колдонгон эмесмин, колдонбойм дагы. Акылым жетпесе керек. Бир нерсени айтып жатканда акылың жеткендерди, салыштырып бере ала турган нерселерди айтышың керек. Айтканыңа жооп бере тургандай болушуң шарт. Көргөн нерсени айтканың менен, таштын экинчи бети бар. Аркы бети кандай экенин билбейсиң. Берки бетин айтып алып уят болушту каалабайм. Саясаттан алыс, жашоо тууралуу юморлорду айтышы зарыл.

– 19 жашыңыздан баштап куудулдук өнөрдү аркалап келе жатасыз. Популярдуу болуп жаткан кезде “жылдыз оорусу” менен оорудуңуз беле?

– Бардык адам ооруйт. Өтө жогорку деңгээлде оорубаса дагы ооруйт. Адам периште эмес. Ката кетиребиз, адашабыз, бирөө мактаса дердеңдеп жатып тумшукка жейбиз. Дардаңдап сүйлөп жатып кагуу угасың. Негизи ырчы, куудул өңдүү маданият өкүлдөрүн эл көтөрүп, кайра өзү эле түшүрөт. Эл көтөргөн кезде туура мамиле жасасаң көкөлөтө берет. Дардаңдай берсең таштап жибергенде жерге катуу түшөсүң. Жылтыраган көйнөгүң чаңга оролуп ашмалтайың чыгып жатып каласың.

2007-жылы “Беш тапан” жакшы чыккан. Ар бир кыргыздын үйүндө “Беш тапандын” диски коюлуп турчу. Бала кыял болуп “кыйын болуп калган турбайбызбы. Биз барсак эле аншлаг концерт боло берет турбайбы” деп жүрө бергенбиз да. Анан эл концертке келбей коюп, бир силкип өзүбүзгө келтирип койду. Анан кайра тытынып иштеп баштадык.

– Азыр топтун башында Рахман агай турабы?

– Ал биздин агайыбыз. Кандай сөз сүйлөсөк да, ийгилик жаратсак да баары бир ошол киши топтун башатында тура берет. Аны эч ким тана да албайт, чана да албайт. Анткени бала кезибизден сахнага чыкканды үйрөттү, окутту, өз алдынча коё берди. Биз мыкты болсок дагы, жаман болсок да ошол кишиге сөз тиет.

– “Батирде жашайм, машине айдаганды үйрөнө элекмин” дедиңиз эле. Өзгөрүү барбы?

– Кудайга шүгүр, жакшы өзгөрүүлөр болду. Көп маселелер чечиле баштады. Ишибиз акырындап жүрүшүп жатат. Концерттен калбайбыз, той-топурларга барып турабыз. Машине айдаганды дагы деле үйрөнө элекмин. Үйлүү болоюн деп калдым, аз калды.

– Көпчүлүк эркектер бала тарбиялоо түйшүгүн аялына артып коюшат эмеспи...

– Бул аялзатынын суроосу да. Аялына түртүп коюп, эркектер өзүнчө койкоңдоп жүрө берет деген (күлүп). Аялзатынын чыныгы милдети – бала тарбиялоо. Жараткандан берилген милдет. Аялдын кулк-мүнөзүндө эмне болсо, ошонун баары балага өтөт. Ошон үчүн аялды, чөйрөнү, кесипти жакшы танда деп айтышат. Ушул 3 нерседен адашпасаң эркек кыйналбайт. Мен жаңылган жокмун.

Кызды билим-илим берип, зыңкыйтып туруп күйөөгө бериш керек. Ал келечек урпакты тарбиялайт. Окутат, жаздырат, үйрөтөт. Атанын милдети эмне? Ата телтеңдеп мас болуп келип үйдө ызы-чуу кылбашы керек, жөн эле отуруп алып сөгүнүп-сагынып “үйдүн кожоюнумун” деп кыйкыра бербеш керек. Ата болгону олбурлуу, салмактуу жүрсө эле бала ошону көрүп чоңоёт. Азыр аял билимдүү болсо мектепке чейин эле окутуп даярдап коёт. Бизде андай эмес да. Аял кишинин баары базарда. Балдар чоң ата-чоң апанын колунда. Биз билим жаатында, бала тарбиялоо жагынан миграция агымы менен жүрүп уттуруп ийдик.

– Уулдарыңызга кандай атасыз?

– Эч ким өзүн жаман атамын дебесе керек. Жакшы атамын. Улуусу 6-класста, кичүү уулум 1-класста окуйт. Балдардын өсүп келатканын карап убакыт кетип жатканын билесиң.

– Сөз соңунда сизге эркин микрофон.

– Кечээки концертте “кандайсыздар? Жаңы жылыңыздар менен! 2020-жыл тополоң болуп кетчүдөй башталган. Базарга чыгып ызы-чуу болуп ун талаштык, андан кийин дарыканага кирип дары талаштык, күзүндө аянтка чыгып алып кресло талаштык. Эми бул жылы ынтымакты эле талашып жашайлы” дедим. Муну ошол учурда айтсам элдин жини келмек. Убакыт өткөндө баары күлүштү. Ынтымак болсун!

– Маегиңизге рахмат! Сиз айткандай, ынтымакта жашайлы!


Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Союзбек Сейитказиев, куудул: «Саясатты сатирага колдонбойм»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
erkeleim
2021-01-25 12:25:01
Созуно 100пайыз кошулам. Кыздардын билимине, ыйманына, тегине карап уйлонсон адашпайсын. Байлыгына кызыгып тийген кыз сенден байыраагы колун сураса ээрчип кете берип ,,кол сурагычтары,, кобоюп кетет. Уят менен сыйды айырмалай албай калат.
+4
Aimani
2021-01-25 18:40:34
Жакшы маек болуптур.Саясат жонундо айткандарга кулкум эмес кыжырым келет.Ушу жигит айткандай Бир бетин билип алып эле тантырай беришет.Юморду изденуу жок,женил желпи.айрыкча Тынар,Абдылда, Рахман дегендер аллергия кылат кишини
-1
Asmat84
2021-01-30 10:40:43
Балакай аша чаап кетпединби тилиңди бир аз тартып суйлобопсуң
0
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан