Кызылча кышкысын ар бир үйдө эле кездешет. Аны саламат жашоонун азыгы катары көп колдонууну дарыгерлер, диетологдор сунушташат. Биз бул санда кызылчадан өзгөчө даамдардын рецептин сунуштайбыз.
КЫЗЫЛЧАДАН КОТЛЕТА
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300 грамм
Кызылча – 100 грамм
Картошка – 100 грамм
Катуу сыр – 50 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Туз, калемпир – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Кызылча менен картошканы сууга бышырып даярдап алабыз. Тоок этин эт туурагычтан өткөрүп, картошканы эзебиз. Кызылча менен сырды сүргүчтүн майда тишинен өткөрөбүз. Алардын үстүнө майдаланган сарымсакты жана татымына жараша туз, калемпир кошуп, баарын жакшылап аралаштыруу керек. Аралашманы тегерек формаларга келтирип, ысып турган майга эки тарабынан капкагын жаап кууруйбуз. Ширелүү жана жумшак котлеталар алдыңызда!
КЫЗЫЛЧА МЕНЕН ШОКОЛАДДАН КЕКС
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 1 баш
Каймак май – 80 грамм
Кара шоколад – 80 грамм
Какао – 2 аш кашык
Жумуртка – 2 даана
Кумшекер – 3 аш кашык
Ун – 3 аш кашык
Көптүргүч (разрыхлитель) – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
Сууга бышкан кызылчаны блендердин жардамы менен пюредей эзебиз. Каймак майды жана шоколадды идишке салып, кайнап жаткан сууда эритип алабыз, ал муздаган соң какао порошогун кошуп аралаштыруу керек. Ага жумуртканын сарысын кошуп чалабыз. Андан кийин кызылча пюресин, ун, көптүргүчтү салып жакшылап аралаштырабыз. Жумуртканын агына кумшекерди кошуп коюуланганча чалып, аз-аздан даяр болгон аралашмага кошобуз. Суюгураак камыр даяр. Эми кекстин формаларына жарымынан ашырып куюп, 160 градуста ысып турган электр мешине салып 40 мүнөт бышырабыз. Жумшак, өзгөчө таттуулар даяр!
Кошумча: Какао менен чогуу коюу демделген кофеден 3 аш кашык кошуп койсоңуз кекстин даамы да, жыты да артат.
КЫЗЫЛЧАДАН ТОЮМДУУ САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 250 грамм
Сыр – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Туздалган бадыраң – 1 даана
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 2 чоң кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Сууга бышкан жумуртканы, туздалган бадыраңды жана сарымсакты майда туурайбыз. Бышкан кызылчаны, сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз да, үстүнө жумуртка, бадыраң, сарымсакты кошобуз. Салатка майонез, туз салып аралаштырабыз. Көрүнүшү адамды тартып турушу үчүн идишке салып формасын чыгарып, анан башка идишке көмөрөбүз. Тоюмдуу салат дасторконго коюуга даяр.
КЫЗЫЛЧАНЫН ПАЙДАСЫ
ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!
Баласы апасынан сурап жатат:
– Апа, шекер эмнеден жасалат?
– Кызылчадан.
– Кызылча пайдалуубу?
– Албетте, витаминдер көп.
– Анда бир чыны витамин жептирмин.
Асел Ишенбай кызы