8-ФЕВРАЛДАН 14-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Турак жайга байланыштуу маселе чыгат. Документтерин тууралап коюңуз. Кыйын кырдаал күтүлсө моюн бербей, туура жол таап чыгып кетүү кажет. Үйдөгүлөрдүн биринин кылган ишин талкуулайсыздар. Досуңуз бир жакка барып келүүнү сунушташы ыктымал. Пайдалуу сапар болот. Колуңузга азыраак акча тиет, анын чыгашасы да болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Тыкан жана так болбосоңуз ишиңизде кыйынчылыкка кез келесиз. Туура эмес кылык-жорук жасап жиберүү сизге келчү ийгиликти кечиктирерин унутпаңыз. Чагымчылдыкка алдырбаңыз. Үй-бүлө менен активдүү эс алсаңыз жакшы. Суукка урунбоо үчүн жылуу кийинүү сунушталат. Бир тууган же ата-эненин көңүлүн алууга аракет кыласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Мактанам деп ич күйдү, көрө албастарды көбөйтүп албаңыз. Пландарыңызды бир кырдаалдан улам өзгөртөсүз. Бирөөдөн карыз алсаңыз бир жерге жазып белгилеп алыңыз. Бардык нерсеге так болуу сунушталат. Таанышыңыздан алган буюм же каражат өз учурунда кайтарылышын камсыздаңыз. Болбосо ишеничтен чыгып калуу коркунучу бар.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Майда нерселерге көңүл бурбаңыз. Бул аптада сиз жасачу чоң иштер көп. Чөйрөдөгүлөргө жакшы мамиле жасаңыз. Керектүү суммадагы акчага ээ болосуз. Тааныштар үйүңүзгө баш багат. Жагымдуу убаракерчиликтер орун алат. Көңүлүңүздөгү кийим же буюмга ээ болушуңуз күтүлүүдө. Апта аягында өзүңүздү жакшы карап, тынч эс алуу туура.


АРСТАН (23.07-23.08)

Тиричилик иштери көп болот же кыймылсыз мүлк маселеси чыгат. Жетекчилик менен тирешпеңиз, болбосо абалды курчутуп аласыз. Ортодогу түшүнбөстүктүн айынан бирөөлөрдү достуктан чийесиз. Сергек, чымыр болуу үчүн чуркоого же көбүрөөк жөө басууга киришиңиз. Сизге жакшылык жасаган адамга сый көрсөтөсүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бирөөнүн таасирине кирип жакын адамдар менен урушуп кетпеңиз. Тааныштардан колуңузга белек тийиши мүмкүн. Бир кездеги достордун жаңылыктарын угасыз. Балдардын керектүүлөрүн алып берүүгө көбүрөөк акча кетет. Социалдык тармактарга убактыңызды көп коротпоңуз. Маанилүү иштин аягына чыкпай калып, сөзгө каласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Туура эмес сүйлөнгөн бир ооз сөздөн айтышуу, таарынышуу күтүлөрүн унутпоо керек. Алысыраак дос деген адамдын жакшылыгын көрүп, ыраазы болосуз. Кошумча акча табуу жаатында издениңиз, болбосо кыйынчылыкка туш келесиз. Интернеттен пайдалуу нерселерди үйрөнүп, аларды колдонуп көрүп ийгиликке жетишесиз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Башталган иштер ийгиликтүү аяктайт. Ишкер адамдар менен жолугушуу сиздин пайдага чечилет. Романтикалык таанышууга кез келүүңүз ыктымал. Достор менен эс алууну пландашыңыз мүмкүн. Туугандардын бири бүтүрүп берүүгө иш дайындайт. Жашооңуздун жакшыра башташына себепкер болчу адам жолугат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жетекчилик менен мамилени бекемдеңиз, ошондо кызыктуу ишке же жаңы орунга которулушуңуз мүмкүн. Терс эмоцияларга жол бербеңиз. Эмнени сатып алууну пландасаңыз да жакшысына туш келесиз. Баарлашып отуруу үчүн конокко чакыргандар чыгат. Салык, насыяга байланыштуу маселени үйдөгүлөр менен чогуу чечүү кажет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптанын башында өнөктөштөр, жетекчилик менен иштешүү оорлойт. Үйдөгү маселелер кошумча чыгымды талап кылат. Аптанын экинчи жарымында соода менен алектенгендердин иши алга жылат. Чогуу иштешкен адам бир ишти бүтүрүп берүүнү суранса макул болбогон оң. Көп убакыт коротуп кейийсиз. Туулган күн же кечеге чакырык келет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жоопкерчиликтүү касиетиңизден улам пайдалуу сунушка ээ болосуз. Айрым пландар тоскоолдуктан улам бир аз артка жылат. Эски достор же жакын туугандар менен күтүүсүз жолугушасыз. Сүйүү жаатында берилген убадаларга ишенбеңиз, алдоо же көңүл калуу күтүлөт. Кечеге же бирөөнүн үйүнө барганда колу ачыктыктан карманыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жогорку кызматтагыларга кайрылууга, соттук иштерди бүтүрүүгө, тажрыйба алмашууга ылайыктуу апта. Жагымдуу жаңылык угасыз, бир ишиңизден улам пайда да көрөсүз. Максат ишке ашышы үчүн пикирлештерди жаныңызга чогултуп, жардамына таяныңыз. Түнкүсүн тонолуп калуудан же үйдөгү мүлктү уурдатуудан сак болуу эскертилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 948, 4-10-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан