Айзада Жамгырчиева: «АТАМА КАРАГАНДА АГАМДАН КОРКОМ»

“АТАМА ОКШОШМУН”

– Бул жолу жашоомдогу мырзалар тууралуу кеп салып берейинчи. Алгач жаралышыма себепкер болгон инсан тууралуу сөз баштайын. Ар бир маегимде атамдын кызымын деп айтып келем. Кээде апама айта албаган сырларды атама айтам. Үйдө “Ата Мекен” жана “Апа Мекен” деген 2 партия бар. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү – атам жана мен. “Апа Мекен” партиясынын курамын калган үй-бүлө мүчөлөрү түзүшөт.

Атам мен үчүн асыл адамдардын бири. Таластыктар “э” тамгасынан “с” тамгасына чейин сөгүнүшөт эмеспи. Ишенсеңиз, атамдын ушул кезге чейин сөгүнгөнүн уккан эмесмин. Атам көп сүйлөбөгөн, токтоо, сабырдуу адам. Бирок бир жарылса катуу жарылат. Келбетибиз окшош. Эмнегедир, тааныштар атама окшоштурушса сүйүнүп кетем. Атам мага көбүрөөк жакын болгондуктан бир жерим ооруп калганда, маанайым түшүп турганда жүрөгү сезгенсип телефон чалып калат.

“АТАМ БИЛДИРБЕЙ СЫЙМЫКТАНАТ”

– Атам мени менен билдирбей сыймыктанат. Досторунун “кызың президент менен жолугуптур, жуубайсыңбы?” дегенин байкап калам. Аларды үйгө чакырып, кой союп берип мен үчүн “банкрот” болуп жаткан болот.

Атам жашык, жүрөгү жумшак киши. Таласка үйгө барып, кайра кетип баратканда “ата, жакшы калыңыз” десем эле бышактап коштошуп кетип калат. Көрсө, тамдын артына барып ыйлап алат экен. “Ата, күйөөгө тийсем кошо жашайсызбы?” деп калам (күлүп). Атам койлорун тоого жөнөтүп, 10го жакын кочкорду алып калып “кызым күйөөгө тийип калса” деп байлап багат. Эмгегин актап же кызы күйөөгө тийбейт. Аларды сатып, кайра кичинекейин алып жыл сайын убара болуп келет. Мурда айтчу эмес эле, өткөндө “кызым, турмуш кур” дегенде бир башкача болдум.

“МЫКТЫ ЖОЛДОШ”

– Апам атанын ордун бийик көрсөтүп чоңойтту. “Атаң чечет, атаң билет. Тамакты атаң биринчи ооз тийсин” деп эле турчу. Байкоом боюнча, атам апама жакшы жолдош болгону үчүн азыркыга чейин алардын жылуу мамилесин көрүп “жок дегенде үй-бүлөм ушундай болсо экен” деп кыялдансам керек. Бири-бирине болгон жакшы көрүү сезимин байкап турам.

Атам мектепте окуп жүргөндө Таластагы “Ак марал” бий тобунун эң мыкты бийчилеринин бири болуптур. Облустук сынакта жеңип, артист болом деп шаарга барарда атасы жол киреге 7 сом бербей коюптур. Азыр “ошондо 7 сом болгондо, азыр жылдыз болмокмун” деп калат (күлүп). Ушул себептен уламбы, чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштаганда “эфирге формаң барбы?” деп акча салып турчу. Атамдын эмгегин актадымбы, билбейм. 60 жаш юбилейине батир белек кылгам. Кыялымда ага кара түстөгү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү унаа алып бергим келет. Өзүм мингенге чейин атам минсе дейм.

“АГАМДАН КОРКОМ”

– Агамдын аты Замирбек. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Ал аябай сүрдүү. Атамдан эмес, агамдан сүрдөп кетем. “Эй” деп эле койгону мен үчүн кыйкырганга тете. Окуучу кезимде иш-чараларды алып барып же ырдап калсам апама барып “тетиги кызың сахнага чыгып алып ырдап, бийлеп жатат. Кой деп койбойсуңарбы, уят да” деп кыйкырчу. “Эмнеге уят? Менин кызым ырдайт, бийлейт” деп мага болушуп койчу.

Кийин-кийин жумушумду түшүнө баштады. Ырдап баштаганда “ырдабай эле койчу, сен журналистсиң го” дей берчү. Окуучу кезде байкемдин айынан жигиттер белек, кат бере алышчу эмес. Мен да ала алчу эмесмин. Анткени байкем жинди болчу. Бардыгын сапырып ийчү.

“ЖИГИТ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАНБАЙ КАЛДЫМ”

– Менин кесибимди түшүнгөнгө аракет кылды. Акырында “өзүнчө бололу” деп сүйлөшпөй калганбыз. Андан бери жигит менен жолугушууга барганым, кол кармашып сейилдеп басканым эсимде жок. Аны менен сүйлөшпөй калганыма бир жарым жыл болуп кетти. Ошондон бери “Айзада, кел, сүйлөшөлү” деген мырза жок.

Сүйүүгө туруктуу экенмин. Ошол 4 жыл сүйлөшкөн жигит менен азыркыга чейин жылуу мамиледебиз. Көргөн жерден сезимдер ойгонуп кетет. Анткени бактылуу мүнөттөр көп болгон. Шаардын сейил бактарында канча жолу сейилдеп бастык. Спортчу жигит болчу, чогуу чуркап калчубуз. Ошондуктан шаардын ар бир бурчу ал тууралуу эске салып турат. Аны менен кез келбегенге аракет кылам. Жолуксак мурунку сүйүүбүз тутанып кетпейби деп чочулайм.

Ал идеалдуу эмес эле, бирок мен үчүн идеалдуу болгонго аракет кылчу. Эки жолго түшкөнгө кызганыч, жумушум, жанымдагы мырзалар себеп болду. Жигит тууралуу кыялданбай калдым, эми мени кыялданышсын.

“ЭРКЕКТИН АКЫЛЫ “ДҮҮЛҮКТҮРӨТ”

“Эркектин эмнеси дүүлүктүрөт?” деп сурап калышат го. Мени эркектин акылы “дүүлүктүрөт”. Мени менен сүйлөшө алган мырзага жолуккум келет. Спорттук дене түзүлүштө, бирок сөзгө жок, оюндагысын, сырын айта албаган, тамашаңды түшүнбөгөн жигит мен үчүн эмес. Лексусу, үйү болбой эле койсун. Эң негизгиси пикир алыша билген адам болсо зерикпей жанында отура берем. Ошондой адамга кезикпей жүрөм.

Калжаңдап тийишкен мырзалар болот. Кызыгы алар үй-бүлөлүү адамдар. “Эмнең жок?” дей баштаганда эле акырын тайып кетем. Анткени ким эмне менен дем алып жатканы эртең эле билинип калат. “Үй берейин” дегендер болгон. Кыргызда “бекердин берери бар” деген жакшы сөз бар. Мен үчүн ички сезимим, намысым таза болушу маанилүү. Отурган кыз ордун табат, тапканда да зорун табат эмеспи.

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
“Жигит тууралуу кыялданбай калдым” дейт алып баруучу Айзада Жамгырчиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Nuri1988Elim2010
2021-02-15 09:28:29
Бактылуу бол, өзүнө татыктуусу чыгат буюурса,
Ылайым атаңа окшогон күйөө туш келсин, ошондо бактылуу болосуң
+3
emil91
2021-02-15 10:21:26
Айзада абдан сулуу кыз. Кыздар дайыма сулуу, келбеттуу болуп журо бергиле.
0
Baha.A
2021-02-15 21:41:20
emil91,чачын жайып алыптырбы!
+8
Haanykeim
2021-02-15 10:29:24
Бактылуу бол!
+1
Bakbai
2021-02-15 13:40:01
Бактылуу бол Айзада
+1
Bakbai
2021-02-15 13:40:20
Бактылуу болосун буйруса
+2
Bakbai
2021-02-15 13:40:47
Бактылуу болосун буйруса
-1
Bakbai
2021-02-15 13:41:05
Бактылуу бол
-1
Gulnaz27
2021-02-15 15:45:40
Эми эмне дейбиз бактылуу бол!
-1
assanov97
2021-02-15 16:39:03
Жакпайт ушу
+7
Nursul
2021-02-15 20:21:10
Тезирээк турмушка чыкпасаң болбой баратыптыр. Экөөбүз сүйлөшүп көрүшүбүз керек окшойт эч зериктирбейм.
+3
Erlan_95
2021-02-16 17:38:54
Аябай жакшы монолог болуптур. Баары кыска-нуска, так, даана. Озу коп жана бербейт, бирок ушул маеги аябай жакшы чыгыптыр. Чын эле эркектер акылдуу болуп турса ар бир багы туура иштеген кыз конул буруп калат да. Жогорудагына окшоп ойдо томон суйлобой
+2
Jamalym
2021-02-17 18:54:54
Негизи эле сулуу кыз.Алдына койгон максаты бар,тырышчаак,аракетчил.Созду да таап орду менен суйлойт.Бактылуу болууга татыктуу кыз.
+1
nazira...
2021-02-20 17:51:23
Бул кыз эмне кылат, ырдайбы? Чон эле кыз экен.
0
Akyl55
2021-02-24 12:49:16
Ариана Грандеге окшошуп калыптыр.
0
№ 949, 11-17-февраль, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан