Тарыхы бай КАРС шаарына саякат

Гүнайдын! Түркияга кош келдиңиз! Түркияга болгон саякатыбыздагы эң көп уккан сөздөр ушулар болду окшойт. Жок, калп айтам, баарынан да “маскаңызды кийиңиз” деген сөз лидерликти берген жок. Дүйнөнү каптаган пандемиядан кийин түрк өлкөсүндө бет кап кийүү талабы катуу кармалат. Бул биринчиден, адамдардын коопсуздугу үчүн көрүлгөн чара.

Экинчиден, эгер талапты аткарбаса, жергиликтүү жашоочу же турист болобу 300 доллардан жогору айып пулга жыгылат. Биздин өлкөдө мындай талап болсо, ансыз да митингден башыбыз чыкпаган жаныбыз эмне болуп кетерин элестетүү кыйын. Түркиянын чыгышында жайгашкан Карс шаарына болгон сапарыбыздагы кызыктуу ирмемдерди сиз менен бөлүшөлү, окурман!

КАРС ШААРЫ

Түзүлгөн убактысы – IV кылым

Аянты – 1 804,58 км2

Калкынын саны – 200 миңден ашуун

АР МАМЛЕКЕТТИН ТАЛАШЫНА ТҮШКӨН

Бизди тыптынч Карс шаары тосуп алды. Пандемияга байланыштуу ишемби, жекшемби күндөрү жергиликтүү жашоочулар көчөгө бей-жай чыкпайт. Коомдук жайлардын баары иштебейт, эгер дары же тамак-аш алууга зарылчылык болсо уруксат. Ал эми туристтерге мындай чектөөлөр коюлган эмес.

Карсты араласаңыз асман тиреген көп кабаттуу, заманбап үйлөргө эмес, ар кайсы улуттун маданиятын, тарыхын чагылдырган эски имараттарга туш болосуз. IV кылымда армяндар тарабынан негизделген шаар Армян падышалыгынын борбор калаасы болчу. Андан кийинки башкаруучулардын катарында грек, монгол, грузин, орус, түрктөр бар. “Эмне үчүн Карсты талаша беришкен?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени шаардын жайгашуу абалы өзгөчө – бир жагынан Эрзурум жана Анадолунун борбордук бөлүгүнө чейин жете турган тоо аралап өтүүчү жалгыз жол Карс аркылуу өтсө, экинчи жагынан Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө өтө турган дарбаза болчу. Карс учурда Түркиянын байыркы тарыхты сактаган шаары катары эс алуучуларды, изилдөөчүлөрдү өзүнө тартып турат.

КАРСКА БАРСАҢЫЗ, СӨЗСҮЗ КӨРҮҮГӨ СУНУШТАЛГАН ЖАЙЛАР

КАРС ЧЕБИ

Душмандардан коргонуу үчүн Х кылымда курулган. Чоң таш плиталардан салынган дубалдын эң бийик жери 8,5 метрге жетет. Чептин Карс шаарынын биздин заманга чейин жетүүсүнө салымы чоң.

ЫЙЫК АПОСТОЛДОРДУН ЧИРКӨӨСҮ ЖЕ КҮМБӨТ ЖАМИ МЕЧИТИ

930-937-жылдары армяндар тарабынан салынган Ыйык 12 апостолдун чиркөөсү Осмон империясынын бийлиги учурунда мечитке айланган. Бирок бийлик орустарга өткөндө мечитти мурдагы абалына келтирип, чиркөө кылышат. 1921-жылы бийликке түрктөрдүн келүүсү менен баягы чиркөө кайра мечит болуп оңдолгон. Бир караганда чиркөө да, мечит да көрүнгөн бул ыйык жайдын тарыхы өзүнчө эле бумеранг.

ЧЫЛДЫР КӨЛҮ

Карстын аймагында жайгашкан Чылдыр көлүнүн аянты 123 чарчы чакырым, тереңдиги 57 метрге чейин жетет. Көлдүн үстүнкү катмары кышкысын 35-70 сантиметрге чейин тоңуп калса да, туристтердин агымы үзүлбөйт. Анткени эс алуучуларды музду тешип балык уулоо, ат минүү, чана тебүү жана башка кызыктар күтүп алат.

САРЫКАМЫШ

Кийинки сапарыбыз Сарыкамыш шаарчасына болду. Жолдо Кекеч айылына токтодук. Айыл тургундары бизге улуттук жерит оюнун көргөзүштү. Эки топко бөлүнүп, ат жалында бири-бирин таяк менен урган оюнчулар бизди өз клубуна алып барып, айтылуу түрк чайынан берип жылуу узатышты. Дагы бир айылга токтогонубузда түрктөрдүн улуттук аспабы мейдин жагымдуу абазы менен тосуп алган үй ээлери ысык сүт, чокко бышкан картошкасын берип, курсагыбызды кампайтышты.

50 миңден ашык калкы бар Сарыкамыш шаарчасынын туристтерди тарта турган көрүнүктүү жери карагайларга курчалган лыжа базасы экен. Эгер кышкы спорт түрлөрүн сүйүүчүлөргө кирсеңиз, дал ушул базага барсаңыз болот.

УРАНДЫГА АЙЛАНГАН АНИ ШААРЫ

Саякатымдагы мен үчүн эң кызык жай Ани шаары болду. Армениянын чек арасына жакын жайгашкан шаардын аянты 78 чарчы чакырым. 10 кылым мурда курулган шаар азыр урандыга айланып, бирин-экин имараттардын жарымы же, андан да аз бөлүгү калган. Анини сыртынан карасаңыз, 3 жагынан жар менен курчалган, душмандардан коргонуу үчүн дубалдары 2 бөлүктөн турат. Шаардын ички архитектурасы да өзгөчө, үстүнкү катмарда мечит, чиркөө, базар, аскердик жайлар, май чыгаруучу чакан ишканалар жайгашкан. "Анинин басымдуу бөлүгү жер алдында болгон, кээ бир үңкүрлөр азыр да бар" дейт бизге шаардын тарыхын айтып берген аксакал.

Кызыктуу саякат уюштуруп берген Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине, Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү (TGA) агенттигине, Түркиянын Бишкектеги элчилигине, Түркия Элчилигинин Маданият жана таанытуу боюнча кеңешчиси Нури Шимшиклерге ыраазычылык билдиребиз.

Асыл Орозбекова

Фото: Медер Мырзаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowhive
2021-03-01 13:18:30
Карсты СССР дин талашканы жок го
0
№ 951, 25-февраль-3-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан