КЫРГЫЗСТАН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДӨН СВЕТ СУРАДЫ

Кыргыз өлкөсү Казакстандан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казак ЖМКларынын бирине берген маегинде айтты.

– Суу маселеси боюнча бизде көйгөйлөр башталды. Анткени дүйнө жүзүндө суу тартыштыгы башталбадыбы. Эгерде бүгүнкүдөй кете берсек, анда кийинки жылы Токтогул суу сактагычында абал катастрофалык деңгээлге жете турган акыбалга келип калдык. Ошондуктан азыр Өзбекстандан, Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз. Казакстан жакында 900 миллион киловатт электр энергиясын бермек болду. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде биз азыр Өзбекстан менен Казакстандан импорт ала албасак, анда вегетациондук мезгилде биз аларга суу бере албай калабыз. Анткени Токтогул суу сактагычында суу азайып кетет. Демек, биз электр энергиясын импорттошубуз керек. Бул баарыбызга пайдалуу,- деди президент.

Суунун башында жайгашкан Кыргыз мамлекети электр энергиясын кайсы баада сатып алары айтылган жок. Президенттин Казакстандагы иш сапарында кол коюлган документтердин бири электр энергиясын алмашуу тууралуу макулдашуу болду.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 952, 4-10-март, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан