АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Иним, карындашыңды жакшы жеткирип кой, ээ?
Дагы каршы болоюн дегиче Лексустун арткы эшиги ачылды. Чыгып отурууга аргасыз болдум.
– Чочуба, карындаш, үйүңө чейин жеткирип коёбуз.
Жанымда отурган олбурлуу кара кишинин үнү мээримдүү чыкты.
– Олимпиадага барды дейби? Кайсы сабактан?
– Химия.
– Жыйынтыгы кандай болду?
– Эртең чыгат. Бирок балл боюнча биринчи орунда экенимди угуп калдым.
– Оо, куттуктайм. Химия, физика деген сабактарды чыдап окугандарга баа берем. Мен бул сабактардын атын укканда куйкам курушчу.
– Неге?
– Билбейм. Мага, негизи, дене тарбия, анан алгебра сабагы эле жетиштүү болчу. Калган сабактарда окубай, коридордо эле жүргөм.
Ошентип, биздин айылга жеткиче бул байке менен сүйлөшүп бардым. Абдан жагымдуу, тамашакөй экен. Билбейм, эмнеси окшоду, бирок Арстанды көргөндөй, аны менен тамашалашып жаткандай болдум. Коштошуп кете берерде тиги байке токтотуп, айдоочусуна кайрылып калды.
– Жанагы телефон жаның­дабы?
– Ооба, мына.
Шашып-бушуп бардачокту ачкан айдоочу бир кутуну сунду.
Нокианын жаңы үлгүлө­рүнүн бири экен.
– Ме, карындашым, олимпиададан жеңгениң үчүн.
– Жок, али толук жыйынтыгы чыга элек. Мен бейтааныш адамдан...
– Муну сендей кызыма алгам. Бирок жолум болбоду. Эртең кайра башкасын алып барып берем. Ме, ала гой. Ичинде симкасы, 1000 бирдиги бар. Кут болсун.
Ушул сөздөрдү айтып, менин булдуруктаганымды да укпай, эшикти жаап кете беришти. Кап, оңдуу рахмат да айта албадым. Баса, аты ким эле? Мына сага, ушунча жол басып келгиче атын сурабаптырмын.
Ошентип, соткалуу болуп бир кубандым. Кымбат баалуу буюмду кайдан алганымды, дегеле телефондуу болгонумду атам көпкө чейин байкаган жок. Ажар гана көз кыйыгын салып, “кайдан алдың, ким берди?” дегенчелик кылып суроолуу тигилип калды. А мен күндөгүдөй унчукпай гана басып кеттим.

ххх

Арстан кеткени мендеги көп кызыкчылыктар жоголду. Баягыдай эрте туруп бак аралап чуркоо, күн сайын бакчадан гүл кыркып келип вазадагы гүлдү жаңыртуу, түнкүсүн асманды тиктей жылдыз саноо, курбу кыздар менен ушакташуу... Баарын таштап салдым. Азыр мен сабак окуу, үй жумуштарын жасоо, анан апамдын сүрөтүнө тигилип үн-сөзсүз сүйлөшүү менен гана убарамын. Бир күнү Асел кубанычтуу кол булгай үйгө жүгүрүп кирди. Өзүнөн мурун анын үнүн уктум.
– Кандайсыз, Мукай аба, Айдай үйдөбү?
– Ии, үйдө, өзүнүн бөлмө­сүндө, кире гой.
Мен эшикти ачкыча курбум жулунуп кирип келип, моюнума асыла кетти.
– Тапчы, мага ким телефон чалды?
Арстан?! Оюма дароо менин “тууганым” келгени менен, атын угуза айта албай каттым да калдым. Эмнеге мага эмес, Аселге чалат?
– Ну, таптыңбы?
– Оюма эч ким келбей жатат.
– Арстан! Апам менен таарынышып, капа болуп, ыйлагым келип отургам. Элестет, ошол маалда телефонум чырылдап жатпайбы. Чет жердин номери экен, алсамбы, албасамбы деп көңүлдөнбөй жатып жооп берсем, Арстандын үнү! Жүрөгүм жарылып кете жаздады.
Жарылбаганда анан! Ошондой үндү кантип жөн-жай угуп турууга болсун. Албетте, жүрө­гүң дүкүлдөйт. Анын үстүнө канча болду? Ооба, толук алты ай болуптур кеткенине.
Асел быдылдап сүйлөп жатты.
– Ой, боорумду эзди. “Айдайдан бассаң-турсаң көз алба. Сенден башка эч ким менен ачык сүйлөшпөйт. Кабак-кашын карап, байкай жүр. Ыйлачу болсо мага кабар бер” дейт. Тимеле алты айлык баласын дайындагандай. Ал сөздөрүн угуп алып каткырдым.
– Асел, сага Арстан жагабы?
– Эмне?
– Арстанды сүйөсүңбү дейм?
– Ну-у, эми аны ачык сураба­саң деле болмок. Ансыз деле түшүнүктүү болуп турбайбы.
– Алчы, сени жактырабы? Экөөң эмне деп макулдаштыңар эле?
– Айдай, сага эмне болгон?
– Жөн эле, адамдарды күлдүр­гөндөн башканы билбес “агам” менин эң жакын курбума эмнени убада кылды экен деп ойлоп кеттим да.
– Эч нерсе убада кылган эмес. Чалып, кабарлашып турабыз деп кеткен. Баса, телефон алганыңды айтып, номериңди бердим. Сен эмне, ушуга чейин сүйлөшө элексиңби? Үйгө чалбай жатабы?
– Чалып эле жатат. Бирок көбүнчөсү мен жок болуп калам. Бир иштерге алаксып калам. Айтор, сүйлөшө элекпиз.
– Сагындыңбы?
– Айтпа.
Курбума канчалык сагынганымды айтып, буркурап ыйлагым келип кетти. Бирок көз жашты эч кимге көрсөтпөөнү жашымдан эле өздөштүргөм. Көөдөндү бошотууну ананкыга калтырдым.
Түшүм беле, өңүм беле? Арстандын жазганын окуп алып ыйлаган жокмунбу? Эртең менен уйкудан ушул суроо менен ойгондум. Шашып-бушуп жаздыгымдын астында жаткан телефонду таап, билдирүүлөрдү ачып кирдим. Оо, Кудай, түш эмес экен! “Асел жүгүрүп келип, мактанып кеттиби? Анан “неге мага чалбай, Аселге чалат?” деп бултуюп калгандырсың? Ии-ий, таарынчаак десе! Телефон алганыңа аябай кубандым. Ким алып бергенин кийин сурайм. Азыр түнүң бейпил болсун!
Ошентип, менин өмүрүмө кайрадан жаз кирди. Эми сабак, үй жумуштары өңдүү кызыкчылыктарыма телефон кошулду. Бир жыл бою жанымда жүрсө да, азыркыдай жакын болбогом. Бассам-турсам оюмда, уктасам түшүмдө. Мен эле десем, Арстан да ошондой абалда жүрөт көрүнөт. Тамашалаган, мени чычалаткан билдирүүлөрдүн арасында кээде чочугандай таң калычтуулары келип калат.
Түшүмдө сени бир олбурлуу караан жетелеп баратыптыр. Канчалык кыйкырып, артыңдан жыгылып-туруп чуркасам да, кайрылып койбой кетип калдың. Корком. Сени жоготуп алуудан корком. Өзүңдү абайла, жакшы кара”.
“Сени көрбөй, билбей, он алты жыл кантип жашаганымды түшүнө албай кетем”.
“Бул жакта классташтарымдан төртөө бар. Сага айттым беле, Марал тууралуу? Короче, атам бирөөнүн кызын алып берем дейт. Ошол да бул жакка которулуп келип алды. Көрсөм кыжырым кайнайт. Тажатты кишини, качан сени көрөм?”
Марал. Марал. Атына заты жарашкан кыз болсо керек? Атасы алып берем деп жүрсө, демек, бир чоңдун кызы.
Арстандын атасы Бишкектеги бир райондун прокурору. Анан ошондой киши жөн адамдын кызын алып берем деп жабышмак беле.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kiza
2010-10-22 23:08:32
Уландысын чыдамсыздык менен кутом....
0
meerime
2010-10-25 19:19:05
sandan sanga kyzyktuu bolup bara jatat..
0
kashuai
2010-10-26 17:19:35
emi emne bolot boldu eken ee?
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан