КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Аскар байке-е...- кыз ага эркелей жүзүн ала качып, тескери карап жата кетти.

– Ойгончу, берекем... Сени менен сүйлөшкөндү сагындым. Сени сагындым... Ээх, кандай керемет жансың. Менин бөрү жашоомдун маңызы. Менин ханышам...

– Кофе болсо, ээ?

– Азыр даярдай коём,- Аскар ошол замат ордунан тура жөнөдү. Ал бөлмөдөн чыгып кетери менен кыздын жүзүндөгү жылмаюу дароо жоголду. Башына чамгарактап толтура ойлор келе түшкөндөй шыпты тиктеп мелтиреди. Эмнени ойлоп жатты болду экен?

ххх

Бишкектен тоскоолдуксуз эле чыгып кетишкен. Чолпон-Атага бараткан жол рулдагы жигитке да, Тилекке да бүтпөстөй туюлду. Ар бир нерсенин аягы бар, жашоонун да, жолдун да... Чолпон-Атага кирери менен эле эл көп топтолгон жерге токтотууну буюрду Тилек. Унаа токтоор замат:

– Иничек, футболкаңды берет окшойсуң,- деди. Айдоочу жигит шапа-шуп чечип берип, майкачан калды.

– Мен түшкөндөн кийин ызы-чуу кылып жардам чакырбагыла. Жардамыңарга рахмат! Сөздүн кыскасы, мен күнөөлүү эмесмин. Мен тууралуу маалыматты милицияга кааласаңар айткыла, бирок бир сааттан кийин. Анткениңер үчүн мен силерди кектебейм дагы... Башкысы көпчүлүккө аралашып кеткенче унчукпай тургула. Балаңар өмүрлүү болсун. Рахмат дагы бир жолу!- эшикти шарт ачып чыгып кетти.

Тилек чыгып кетери менен машинанын ичи кулак-мурун кескендей тынчый түштү. Саамдан кийин гана келин ызаланган адамдай, үн чыгарбай боздоп баштады.

– Болду-болду... Башкысы аман калдык. Башкысы аман калдык...- күйөөсү аны сооротууга өттү. Бирок азыр жалгыз болгонунда өзү деле келинчегиндей боздоп ыйламак. Көкүрөгү ачышып жаткан. Жигиттик мүнөзү гана токтотуп турду.

ххх

Ал өз өтпөй эле Сашанын үйүнө кетчү ичке жолго түштү. Чекесинен чыпылдап тер чыгып, тамагы кургап баратат... Тээ Бишкектен чыккандан бери көңүлү айланып араң жүрөт. Чолпон-Атага жеткенче араң чыдады. Карды ачкангабы же уулангангабы, айтор, алы куруп барат.

Сашанын дарбазасына жете берип айланасын бир сыйра карап алды да, эч ким жок экенине көзү жеткенде короого ашып түштү.

Эмнегедир ичинен Сабина ушул үйдө болсо керек деген үрүл-бүрүл үмүт менен келген экен. Муну ал азыр түшүндү. Кыздан бир да кабар жок экени аны түйшөлтүп жиберди. “Акмак кыз, сени табайын! Териңди тескери сыйрыйм!” Ичинен ызырына түштү.

Сашанын үйүнүн каалгасында эски чоң кулпу илинип турат. Адегенде аны бузайын деп ойлонуп барып токтоду. Эртең мунун коңшу-колоңу эшиги бузулуп жатканын көрсө шектенип кире калбасын. Азга ойлоно түшүп, анан чатырга чыкчу шатыны эстеди. Темир-тезек сакталчу кичине жыгач кепеден темир лом алды да, чатырга чыгып кетти. Шыптан түшөт...

ххх

Үйдүн ичи чаңга толуп чыкты. Капкараңгы бөлмөгө ал аярлык менен шыпта оюлган тешиктен түшүп келди.

Бул жерде бир топ убакыт жашап кеткенге эмне кайсы жерде экенин унута элек экен. Аз өтпөй жер төлөгө кетчү кичинекей жыгач эшикти тапты. Акырын жер төлөгө түшөрү менен эшикти бекитип алды.

– Уфф...- деди анан жеңилдегендей. Буттарынын мууну алсырай түшүп керебетке отурду. Башын жерге салган абалда бир топко отурду. Жарыкты күйгүзүп алса болмок... Эмнегедир ошол жарык анын бүт кир дүйнөсүн ачыктап көрсөтүп салчудан бетер ичинен жарыктан айбыгып койду... Эми ал ким? Ким? Келесоолук кылыптыр. Баарынын маңдайында саткындыгы дапдаана окулуп турганын көрүп туруп, милицияны душман көргөн кылмышкерлер экенин билип туруп аларга өбөктөп, аларга ишенип алганы эмнеси?! Мынча эмне башы айланды... Саби... Сабина. Бардыгын кылган ошол. Акылынан аздырып ашык кылган да ошол. Өлүмдүн оозуна кептеп, сатып таштап кеткен да ошол. Башын чулгуп, ойлорун жыйнагысы келди. Жок, болчудай эмес... Туруп барып крандан суу агызып, жан талашып суу жутту. Жүзүн чайкап алары менен ордунда теңселе түшүп, анан керебетке кулады. Өлдүң! Өмүрүңдүн акыркы күндөрү ушул. Жеңилип берүүгө кеч, качууга жол жок. Туңгуюк. Сабинага жолуккандан тарта ушул туңгуюкка келе жаткан тура... Жүзүнө тийген суу аны ушул чындыкты моюнуна алууга аргасыз кылды. Бүрүшүп жата кетти. Бала кезинде ушинтип бүрүшүп уктачу. Атасынын мал жыттанган таар тонун жамынып уктачу. Азыр ошол таар тондун алдында уктап жаткан болсо, мына ушунун баары жөн гана түш болсо...

ххх

– Тилек, тур! Турсаң...

– Сабина, сенби? Сен...

– Тур, биз кетишибиз керек да.

– Сен кайдан деги? Силер мени...

– Шашпай сүйлөшөбүз. Качышыбыз керек,- кыз аны колдон алды. Жылуу колдор. Кыздын колдорун кармаары менен денесин майда калтырак басып, жан дүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө кубанып кетти.

– Кайда качабыз? Саша кайда? Аскар кайда?

– Алар өлгөн... Мен сени таппай калбадымбы? Издеп таппай жаттым...

Эмне болгонун түшүнбөй жатты. Эмне деп жатат бул кыз? Башына ойлор батпай кеткенде ойгонуп кетти. Түш тура. Кара терге түшүп алыптыр. Түшүндө колдорун кармап сүйүнгөнүн кара?! Бул кейпинде кечирүүгө даяр го... Өзүнүн алсыздыгына арданып кетти. Өлтүрөм! Тапсам териңди сыйрыйм! Өзүн-өзү ушуга ишендирүү үчүн ичинен кайталап жатты. Жок, кечирбейт! Кечирсе анда көк мээ... Кайра уйкуга кетти.

ххх

– Байкуш Саша байкени адамча көмүп коюуга жарабадык,- кыз шаардын чок ортосундагы бийик кабаттуу үйдүн терезесинен айлананы тиктеп үн катты.

– Саби... Болду, жашообуздун ал барактары жабылды...

– Мага ата катары күйгөн адамды адамча көмүп коюуга жараган жокмун. Ал мен үчүн кылмыштарга барып жүргөн атам сыяктуу адам эле...

– Бакыт үчүн кээде бирөөлөрдү садага чабууга туура келет! Кээде досуңду, кээде...

– Бирок аны кой камалган сарайдын бир бурчуна көмүп койгонубуз үчүн...

– Саби, болду!- Аскар өктөм сүйлөдү. Кыз эрдин кесе тиштеп, ордунан тура ваннага жөнөдү. Кийимсиз болчу. Анын жылаңач денесине суктана Аскар керебетте ырахаттана жатты. Деги бул кыздын маанайын түшүнүп болбойт. Аз убакыт мурун эле моюнуна оролуп, жаңы жашоо тууралуу таттуу кыялдарга жетелеп жаткан. Эми кара, кайра Саша байкесин эстеп көңүлү чөгө, кишини кошо кыжалат кыла баштаганын... Аялдарды түшүнүп болбойт өзү. Мунун жинди кыялы кармап өзүн-өзү ойлор менен жеп баштаганча чет жакка алып чыгып кетиш керек. Кайда барса? Таиландга го, ээ?.. Ысык күн, пальмалар... Баарын унуттурат.

ххх

Саат канча болгонун деле түшүнгөн жок. Айтор, караңгылыкта ойгонду. Аргасыз жарыкты күйгүздү. Жер төлө баягыдай эле... Таза, тыкан. Бир аз шам-шум этпесе болбойт. Ашказаны ооруп жатат.

Үмүттөнө муздаткычты ачты. Эч нерсе жок. Бул кейпи менен ачкадан өлөт го. Сашанын үйүнөн аны эч ким таппайт. Бирок ачкадан өлүп калуу үчүн келди беле бул жакка? Эми кантти? Билген жолу менен барып жер төлөгө жабыштырыла куюлган гаражга кирди. Сабинанын кыпкызыл Мерседеси ээсин күтө дымып туруптур. Жок дегенде ушул бар... Өмүрүнүн акыркы күнүндө, балким, денесине адреналин жүгүртүп, ылдамдыгы менен ырахат тартуулай турган дал ушул Мерседес болуп жүрбөсүн?! Унааны бир сыйра карап алып, анын ичин оодара баштады. Эмне издеп жатканын деле түшүнгөн жок... Бир убакта багажга эбак ыргытылып унутулуп калган “чипсы” таап алды. Өзүн-өзү шылдыңдай анын таңгагын ачты да, жеп баштады... Даамдуулугун айт. Жашагыңды келтирет го тим эле! Аргасыз күлдү ойлоруна.

Багаждын кошумча дөңгөлөк салынчу жайын ачып карап жатып, таңгагы ачыла элек кнопкалуу уюлдук телефонду көрдү. Кудай буга дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатабы?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
oopapa
2021-03-15 10:02:15
Мен да биринчи болот экенмин го
+2
i-bilim
2021-03-15 15:20:36
Саби дегенге өтө жиним келип калды. Ии оңолду го деп жатса ишеним арткан Тилекти таштап, карт бөрүнү ээрчип кеткенин кара!((
+3
gukush_92
2021-03-16 16:39:50
Аябай кызыктуу жерине келди. Тилекке сарсанаа болуп баштадым. Ушуга чейин барды Тилек,Сабини таап,Аскарды өлтүрүп качып кетишсе экен...
0
№ 953, 11-17-март. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан