ГРАДУСНИК СЫНСА ТӨГҮЛГӨН СЫМАП КООПТУУ

Учурда сымаптуу градусниктерди колдонгондор бар. Ал сынса ичиндеги сымаптан чыккан буу зыяндуу. Адамдар адатта сынган градусниктерди таштандыга ыргытып жиберишет. Андыктан адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен төгүлгөн сымаптан арылуу жолун билүү керек. Бул жаатта ӨКМнын Куткаруу кызматынын фельдшер-куткаруучусу улук прапорщик Махабат Назарбекова маалымат берет.

ЗЫЯНДУУЛУГУ

Сымаптын коркунучу айлана-чөйрөгө сиңиши менен байланыштуу. Анын буусу бардык тирүү организмдерге зыяндуу. Эгер сынган градусниктеги сымап килемге, же төшөнчүгө төгүлсө, анда ага сиңет да, анын зыяндуу буусу менен үйдөгүлөр дем ала башташат. Адам буу менен бир нече ай дем алса, борбордук нерв системи жана бөйрөк жабыркайт. Калган органдар да жабыркашы мүмкүн. Сымап айрыкча кош бойлуу аялдарга, балдарга жана жаныбарларга коркунучтуу болуп эсептелет.

Андыктан градусник сынса, андагы сымапты тазалоо жолун билип, эч качан таштандыга ыргытпоо зарыл.

ТАЗАЛООГО КЕРЕКТҮҮЛӨР

Скотч (жоон), шприц, полиэтилен баштык, тиш щёткасы, пластилин, калий перманганаты (марганцовка) же хлор. 0,5 литрлик банка алып, ага суу куюп, үстүнө марганцовканы же хлорду салуу керек. Мындай эритмеден сымаптын уулуу буусу касиетин жоготот. Марганцовка кошсоңуз, суунун өңү кочкул-кызыл түстө болушу кажет.

ТАЗАЛОО ЫКМАСЫ

  • Сынган градусниктеги сымапты тазалай турган адам колуна резина кол кап кийип, бет капты нымдап тагынышы керек. Башка баш кийим кийүү же жоолук салынуу зарыл.
  • Бөлмөдө балдар же үй жаныбарлары болсо сыртка чыгаруу сунушталат.
  • Төгүлгөн жерди фонарь күйгүзүп кароо кажет. Анткени сымап жылтырап жакшы көрүнөт. Сымапты шприц менен этият сордуруп алып, банкага куябыз.
  • Сымаптын калдыктарын скотчту жабыштырып тазалайбыз. Скотчторду полиэтилен баштыкка салабыз.
  • Эгер пол жыгачтан болуп, тешиктерине сымап кирип кетсе тиш щёткасы менен акырын чыгарып, скотч менен жабыштырып полиэтилен баштыкка салабыз. Же болбосо пластилинди жумшартып сымапты жабыштырып алабыз да баштыкка салабыз.
  • Сымап төгүлгөн жерди тазалап алган соң ордун белизна же марганцовка кошулган кочкул кызыл түстөгү суу менен сүртүү зарыл. Сүртүүдө колдонулган матаны баштыкка саласыз. Марганцовка кошулган эритме менен килемди сүрткөндө так калып калат.
  • Иштетилген нерселер салынган баштыктын сырты бир сыйра хлор же белизна эритмеси менен сүртүлөт. Сымап чогултулган банканын капкагы жабылат. Анан буларды ӨКМнын химиялык коргоо бөлүмүнө же эң жакын Өрт өчүрүүчү бөлүккө алып келип өткөрүңүз. Өрт өчүрүүчү бөлүктөн ӨКМга жеткирилип иштетилет.
  • Сымап төгүлгөн жерди тазалаган адам марганцовка эритмеси менен колу-бетин жууп, оозу-мурдун чайкашы керек.
  • Тазаланган бөлмөнү эки-үч саат желдетүү зарыл.

МААНИЛҮҮ

  • Сымапты тазалап жаткан учурда жел урбашы үчүн эшик-терезени жабуу керек.
  • Сымапты шыпыргы менен шыпырууга болбойт. Ал көп аянтты булгап жиберет.
  • Чаң соргуч менен сордурууга болбойт. Анткени чаң соргуч иштеп жатканда артынан чыккан ысык аба сымаптын бууланышын шарттайт.
  • Сымап салынган айнек идишти жана сынган термометрди таштандыга ыргытууга болбойт!
  • Уулуу затты дааратканага же раковинага төгүүгө болбойт.
  • Эгер сынган градусникти кичине бала кармап, ичиндеги сымапты жутуп алса, же чоң киши жутуп алса дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Анткени сымаптын өзү кооптуу эмес, ал бөлүп чыгарган буу кооптуу. Адам тарабынан жутуп алынган сымап табигый жол менен чыгат. Эгер тынчсызданып жатсаңыз, дарыгерге кайрылып койсоңуз болот.
  • Сымапты өз алдынча тазалоодон корксоңуз, 112 телефонуна чалыңыз.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
sarbo
2021-04-08 12:30:52
менин кызым ойноп отуруп градусниктин сымабын жутуп алган анан врачка чалсак табигый жол мн чыгып кетет туздуу нерселерди бербегиле деген ошентип чыгып кеткен
+2
XATSAN125
2021-04-10 21:56:53
Болбогон соз сымапты илгери деген тв антенага колдончуу элек чывыр сывыр болбой жакшы корсотуш учун. Олсокдавно олмокбуз журобуз олбой эле каяктагы чымындан пил жасабагылачы
+1
XATSAN125
2021-04-10 22:00:20
Ал убакта Маткасымов эшматов таштамов антеналар жок болчу колго илинген алюмин табак сабактанже электроддон жасап алчуу элек антендин главный зымы улана турган жерге оюкча жасап сымап тогулбой тургандай кылып койчу элек. Ошондоэлдер кокуй самайлотко помех берет тиги бу деп чыгышкан
+1
№ 956, 1-7-апрель. 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан