Анжелика, ырчы: “ДЕПУТАТ БОЛОР-БОЛБОСУМ ДЕН СООЛУГУМА КАРАП ЧЕЧИЛЕТ"

Шайлоо болду, шайлоонун эртеси да болду. Бул жолку маегибизге Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышып, бирок мандат алары же албасы арсар болуп турган Анжелика айымды чакырдык. Ал тизмеде 6-талапкер эле, бирок партияга 5 гана мандат берилери күтүлүүдө. Анжелика депутат болобу же болбойбу деген талкуу күчүндө. Ал ортодо ырчы Гүлзада Рыскулова Анжеликага карата терс пикир айтып, ал дагы талкууда турган учур. Андыктан ырчынын маегине көз чаптырыңыз.

– Салам, Анжелика! Алгач эле ден соолукту сурашып алалы...

– Саламатсыздарбы? Кырсыктагандан берки силерге берген биринчи маегим болуш керек. Рахмат, ден соолугум жалпысынан жакшы. Корсет тагынып жүрөм, белим ошол эле бойдон. Сынык жерлерин карматып койгон, сөөктөр өзү өсүп чыгышын күтүү керек экен. Бутум жакшы, басып жүрөм, балдакты таштадым. Улуу кызым Айыма, кичүү кызым Айлин толук жакшы болуп кетишине убакыт керек деп жатышат. 1-2 жыл аралыгында мурунку калыбыбызга келип калабыз деп турабыз.

– Учурда талкууда турган темадан баштасак. Шаардык кеңешке депутаттыкка аттангансың. Силердин партияга 5 гана мандат берилери, сен илинбей калганың белгилүү болду. “Кааласам депутат боло алам” дегендей пост жаздың. Ушул окуяга толук токтолуп кетели.

– Биздин партиябыздын өтүп кеткени мен үчүн өтө жакшы кабар болду. Биздин жасаган эмгегибизди эл баалап, колдоо көрсөттү. Оор күндөрдө ыктыярчы болуп иштеген улан-кыздарды эл унутпай, үмүт артып колдоп беришти. Биз чоң саясатчы деле болуп кетпейбиз, максатыбыз – мурункудай эле элге жардам берүү. Депутаттыкка аттанам деген ой такыр жок болчу. Кырсыктап калгандан кийин партиянын лидерлерине өзүм чалдым. “Балдар, менден эмне жардам керек?” дедим. Алар “эжеке, сизден жардам керек деле эмес, болгону биздин катарыбызда болуңуз” дешти. Ошентип командага кошулуп калдым. Депутаттык боюнча айтсам, азыркы убакта эч нерсе чечиле элек. Биздин ынтымактуу команда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алдыдагы 5 адамдын бирөө мандаттан баш тартам деп арыз жазса, мен ордуна барып калуу мүмкүнчүлүгүм бар экен. Мен “бул нерсени кылбай тургула” деп суранып жатам. 3-номерде София Айдана деген ыктыярчы кызыбыз өткөн. Ал “сиз турганда мен жаштык кылам. Сиздин жардамчыңыз деле болоюн, ордума сиз келиңиз” деп кайра-кайра жазып жатат. Мунун баары жакшы жакка чечилет деп ойлойм. Азыр баарын таштап ден соолугумдун камын көрүшүм керек. Ден соолугума жараша бул маселе чечилет. Бир жактуу айта албай жатканымдын себеби – дагы сүйлөшүүлөр болот. Мен депутат болбой калган учурда деле команданын мүчөсүмүн, чогуу жакшы иштерди кылабыз.

– Ырчы Гүлзада Рыскулова өз баракчасында сага терс пикирин жазды, кандай кабыл алдың?

– Гүлзада эже менен мамилем жакшы, сыйлайм. Бул жерде менин постумду ал туура эмес түшүнүп алды деп ойлойм. Бут тосууларга карабай үч партиянын атын атагам, ошолор да өтсө болмок деген мааниде жазган элем. Постумда ал эжекенин аты-жөнү да жок болчу. Мен партия тууралуу айткам. Оюмду тескери буруп, негативге айландырып салыптыр. “Эл сени мактап койсо эле элирип кеткен турбайсыңбы?” деп жеке мага таш ыргытты. Улуу башы менен мындай нерсени кылбай эле койсо болмок. Жеке өзүнө кайрылып “сизге эч кандай жаман сөз айткан жокмун” дедим. Гүлзада эже ал партия менен депутаттыкка бара жатканын керек болсо өзүнөн кийинки эле тизмеде турган ошол партиянын мүчөсү билбейт экен. Анткени ал “биздин партияда ырчы-чоорчулар жок” деген. “Сиз партияңызды жакшы билбейт экенсиз. Сиздин катарыңызда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова депутаттыкка ат салышып жатат” деп жооп бергем. Гүлзада эже ошондо эмнеге ал кишиге жооп берген жок? Сөздөн чалынбаган адам жок, катарында ырчы бар экенин байкабай калды окшойт (күлүп). Ырчылар саясатка барып чукулашпай эле, сахнада сыйлашып жүрсөк дейм.

– “Депутаттыкты ырчылар жөн эле коюшса” деп көп айтышат. Бул ойго сенин пикириң?

– Мен каршымын бул ойлорго. Кимдин колунан келсе, ким элге жакшы кам көрөм десе, ким бул иштерди жүрөгү менен жасай ала турган болсо бара бериши керек.

– Ырчы Анжелика, ыктыярчы Анжелика, талкууда жүргөн Анжелика. Ушундай түрдүү образда жүрөсүң. Кайсынысы чыныгы сен?

– Ыктыярчы жана ырчы Анжелика көбүрөөк мен. Чыгармачылыгымды эч качан таштабайм. Талыкпай эмгек кыла берем. Алдыда 2 дуэт, жаздыра турган ырларым бар. 10 жыл мурунку “Кызыма” деген ырымдын уландысы катары бир ыр жазылды. Өзүм ооруп жатсам да жардамчы кызым ырдын клибин тартты. Мен ырдап эле коё турган жери калды. Башкы каармандын ролдорун клипмейкер Эрнист Сыдыков жана жубайы, үч эркек баласы менен аткарышты. Бирок ыр “Кызыма” деп аталат. Мага эргүү керек, ыр чыгарып, изденип турбасам болбойт.

– Үч кызың менен жол кырсыгына кабылдың. Бул окуя сени өзгөрттүбү?

– Ооба, эми сыртымдан карасаң баягы эле жаны тынбаган Анжеликамын. Бирок бул окуя мени жашоону башка көз караш менен каратты. Чоң сыноону көргөндөн кийин жашооңдогу майда-барат нерселерге такыр көңүл бурбай калат экенсиң. Токтоо болуп калдым, чындык деп чырылдап эле жүрчүмүн. Эми “сенин чындыгың ошо болсо, мейли” деп талашып-тартышып отурбай өтүп кеткенге аракет кылып калдым. Кыйын күндөрдө “кыздарымдын ден соолугу жакшы болуп, өзүм аман калсам коомго пайдалуу гана нерселерди жасайм” деп Кудайдан сурангам. Буюрса, ошол убадамды аткарам. Ден соолукту да баалап калат экенсиң. Өзүмдүн жана кыздарымдын ден соолугуна кам көрүү үчүн Түркияга барганы жатам. Жакшы неврологдорду таап улуу кызымды көрсөтүп келишим керек. Энелер, айымдар ушундай жаралыптырбыз, жетишем десең баарына жетишет экенсиң. Буюрса, баары жакшы болот.

– Маегиңе рахмат, ден соолугуң бекем болсун!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
"Шайлоодон кийин Гүлзада Рыскуловага тийишкен эмесмин" дейт Анжелика
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-19 12:07:47
Ийгилик.Мен да ойдо жок жерден операция болуп,наркоз саяр алдында Кудайга аябай жалындым.Кудай,мага өмүр бере көр,өлүп калбайын,кыздарым али кичинекей,алар кимдин көзүн карайт, эч ким өз энесиндей күйбөйт деп...ойгонуп дагы шүгүр келтирдим.Ар бир нерсеге шүгүр кылып,болор болбоско деле бактылуу боло бериш керек экенин түшүндүм.Оорубасаң ошол бакыт экен.Ар бир дем алганыма,да чексиз шүгүр.
-2
xnurgul_gul
2021-04-19 14:30:18
Дагын бир 15жылдан кийин карапайым эл калбай калат окшойт Кыргызстанда. Баары эле депутат анан артисттер. Баари жепутат артист болуп кетсе айылдагы эшектерди уйларды ким суугарат))
+5
zhazgul98
2021-04-20 09:40:41
Ишине ийгилик Анжелика. Ушундай жакшынакай, келбеттүү, сүйкүмдүү, сулуу, жарашыктуу болуп жүрө бер.
-5
Sara1993
2021-04-20 14:46:50
Гулзада Рыскулованы даже партиялашы билбейт экен депутаттыкка коюп жатканын деп атайын айтып жатат анан бул жери тийишкендик эмепспи?Болгону Анжелика ичи аябай таар адам, калпеле ыктыярчы боло берет элдин акчасына.Балким мен туура эмес айтып жатам , бул менин жеке оюм.
+6
VENOM
2021-04-21 00:01:00
Депутат болбой туруп эле элге жардам берсе болбойбу?!
+4
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан