«МЕНИ КОЁ БЕРИШТИ, БААРЫ ЖАКШЫ...» 27 жаштагы кыз ала качуунун айынан каза тапты

5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекова аттуу кызды Бишкектен төрт жигит ала качып, 2 күндөн кийин кыздын денеси табылды. Окуя резонанс жаратып, мындан 3 жыл мурун ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эске салды. Бул жолу да милиция "шалаакы мамиле жасады" деп сындалууда.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу буларды билдирди:

– 5-апрель күнү Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова Бишкектин Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, 1994-жылы туулган кызын кызыл түстөгү Honda Civic үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен уурдап кеткенин айтып, кызын табууну суранган.

Бул факт 5-апрелде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 175-берененин (никеге туруу максатында адам уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө аталган унааны З.Т. аттуу жаран жүргүнчү ташуу максатында ижарага алып пайдаланып жүргөнү белгилүү болду. Андан сырткары З.Т. өзүнүн тааныштары менен биргеликте кызды уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткендиги аныкталган.

7-апрель күнү саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда 2 адамдын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда изделип жаткан Honda Civic үлгүсүндөгү унаа экендиги аныкталган. Унаанын ичинде 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын жана 1985-жылы туулган З.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денеси болгон. Алардын денесине алдын ала кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган.

Кызды ала качууга кошо шектелип 1992-жылы туулган Р.А., 1995-жылы туулган Т.К. жана 1991-жылы туулган Н.О. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ПРОКУРАТУРА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ КОЗГОДУ

Кызды ала качуу учуру кафелердин биринин видеокамерасына түшүп калган. Ал видео дароо милицияга жиберилген. Ошол себептүү коомчулук милицияны "ыкчам чара көргөн эмес, ишине шалаакы мамиле жасады" деп айыптоодо. Бишкектин жүздөгөн тургундары милициянын жоопкерчилигин талап кылып ИИМдин алдына митингге чыгышты. Бишкек шаардык прокуратурасы Биринчи Май РИИБинин кызматкерлеринин үстүнөн "шалаакылык" беренеси боюнча иш козгоду. Бул арада ИИМ 12 милиция кызматкерин иштен алып, 32сине сөгүш бергенин жарыялады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы чуу жараткан окуя боюнча буларды билдирет:

– Текшерүүнүн жыйынтыгында Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери боюнча өндүрүш иши Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бөлүмү (шалаакылык) менен катталды. Учурда жагдай иликтенүүдө.

“КЫЗЫМДЫ КОРКУТУП ЖҮРҮПТҮР”

Маркум Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенованы кепке тарттык. Кызынан айрылып, оор абалда турган эне буларга токтолду:

– 5-апрель күнү эртең менен саат 6 жарымда жумушка кеттим. Ошол учурда кызым төшөктөн туруп жаткан. Мага саат 10:30да кызым менен чогуу иштеген Дамира телефон чалып, “Айзадага телефон чалсам албай жатат, уктап калганбы?” деди. Кызым телефонун үйгө унутуп калдыбы деп, сиңдиме телефон чалып, “үйгө барып карап койчу” дедим. Ал келсе Айзада үйдө жок экен. Ошондо Дамира “милицияга барып арыз жазыңыз, Айзаданы аңдып жүргөн бала бир нерсе кылып койбосун” деди. Буга чейин кызым “бир жигит сүйөм деп жабышып жатат. Экөөбүз 2-3 ай мурун социалдык тармактан таанышканбыз. Аны жакшы тааныбагандыктан колумду сураганда баш тарттым. Бирок мени коркутуп жүрөт” деп айткан. Ошол жигиттин айынан Түркияга качып кетейин деп жүргөн. Оюм ошого кетип, сиңдимди ээрчитип алып саат 13:15те Биринчи Май РИИБине барып окуяны айтып бердик. Көрсө, бизге чейин эле Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин кызматкерлери кызымды ала качкан учур тартылган видеону милицияга жөнөтүшкөн экен. Видеону көрсөткөндө кызымды дароо тааныдым. Милицияга маалымат таңкы саат 7:30да келип түшкөн, бирок алар биз барганча чара көрбөй күтүп отурушуптур. Биз арыз жазып, кызыма телефон чалып жаттык. Ал телефонун албай, саат 16:00дө телефону өчтү. Тергөөчү бизди үйгө жөнөтүп жиберди.

“МУУНТУП ӨЛТҮРҮПТҮР”

– Үйдөн тергөөчүнүн телефонуна чалсак “эже, биз иштеп жатабыз” дей берди. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Саат 18:30да Айзада сиңдиме телефон чалып, “Бактыгүл эже, менде баары жакшы. Мен үйгө баратам. Аны менен сүйлөштүм, мени коё берди” дептир. Сиңдим анын кайсы жерде жүргөнүн сураса, “Ош тарапка кетип бара жатканбыз, кайра артка кайтып Кара-Балтага кирдик. Бир аздан кийин Бишкекте болобуз” деп айтыптыр. Ошол учурда милициядагылар сүйлөшүүнү угуп турушкан. Мен телефон чалсам, “апа, баары жакшы. Мен баратам” деди. Бала менен сүйлөшөйүн десем, “ал сыртка чыгып кетти” деп катуу кыйкырып сүйлөдү. Ошону менен телефону өчтү. Тергөөчүгө чалып “кайсы жерде экенин билип алдыңарбы?” десек, “иштеп жатабыз, биз бошобой жатабыз” деп кагып коюшту. “Кызымды батыраак таап бериңиздер” деп жалынганыма карабай эч кандай жыйынтык болгон жок. Эки күндөн кийин кызымдын каза болуп калганын билдик. Аны муунтуп өлтүрүптүр.

“ТЕРГӨӨЧҮ ТОЙ ЖЕЙСИҢЕР ДЕДИ”

Айзаданын таежеси Бактыгүл Шакенова төмөнкүчө маалымат берди:

– Апасынын жалгыз кызы эле. Атасы менен апасы ажырашып кетишкен. Айзада апасына “батирден-батирге көчүп жүрө бербей, үй алалы” деп жүргөн. Ал бир нече тилде эркин сүйлөчү. Куулук-шумдугу жок тартиптүү кыз эле. Ала качкан бала артынан аңдып жүрчү экен. Айзада курбуларына “мага тийбесең апаңды өлтүрүп кетем деп коркутуп жатат” деп айткан экен. Курбулары “арыз жазбайсыңбы” десе, “мен тынч эле Түркияга кетип калам” дептир. Бизге көп нерсесин айтчу эмес. Апасынын айтымында, бир нече жолу телефонунун СИМ-картасын алмаштырган.

Милиция шалаакылык кылды. Жеке оюмда, 27 жаштагы кыз кайда бармак эле деп кайдыгер карап коюшту. Тергөөчү болсо шылдыңдагансып “той жейсиңер, ачуу басар келет” деди. Иштешкен жок, жадакалса сиңдимдин каза болгонун интернеттен билдим. Акыйкаттык үчүн аягына чейин күрөшөм. Кыздын өлүмүнө түз жана кыйыр тиешеси барлардын баары жазасын алышы керек.

Кызды ала качкан жигиттин туугандарына байланышсак, комментарий берүүдөн баш тартышты. 2018-жылы Бурулайдын окуясынан милиция сабак алганда, татыктуу жазаланганда, балким, мындай окуя кайталанбайт эле. Ала качуу кылмыш экенин кыргыз эркектери качан түшүнүп жетер экен...

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан