АЯЛЗАТЫНЫН ӨЗҮНӨ ИШЕНИМДҮҮ БОЛУШУН КААЛАГАН ТЭЁН

Тэён 2021-жылдагы эң сатымдуу, башкача айтканда, каражат жагынан да, популярдуулук жагынан да лидерлик сапта келе жаткан ырчылардын катарында. Мындай ийгилик ырчы кызды акыркы 5 жылдан бери коштоп келет десек болот. Ар тараптуу талантын ачууга канча убакыт кетти? Кандай кыйынчылыктарга дуушар болду? Тэёндун жашоосуна байланышкан суроолоруңуздун жообун төмөнкү макаладан табасыз.

Аты-жөнү: Ким Тэён

Туулган жери: Түштүк Корея, Чонжу шаары

Туулган жылы: 1989-жыл, 9-март

Бою: 162 сантиметр

Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, агасы жана сиңдиси бар

Кесиби: ырчы, ди-джей, модель, актриса

Лейбл: SM Entertainment

Белгилүү ырлары: «Rain», «Fine», «Make Me Love You», «Stay», «Four Seasons», «Spark», «If», «Like A Star», «All With You» жана башка

КҮЧТҮҮ АЙЫМ

Түштүк Кореянын дүйнө жүзүнө белгилүү музыкалык топторунун бири “Girls' Generation”. Бул топтун лидери, негизги ырчысы Тэён 2015-жылдан бери жеке карьерасын да түптөп, Азиядагы белгилүү ырчылардын катарынан орун алды. Негизи топтун жүгүн да, жеке карьераны да чогуу алып кетүү, экөөнү тең дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бирок Тэёндун колунан келди.

“Girls' Generation” тобунун курамына кошулганда өспүрүм куракта элем. Кыздар менен чогуу тажрыйба топтодук, кагылдык-согулдук. Анан аял киши бутуна бекем туруп, өзүнө ишенимдүү, күчтүү болушу керек экенин түшүндүм. Азыр жашым 30дан өттү, эми башка аялзатына күчтүү болгула деп кеңеш бере алсам керек. Андыктан аялдарды колдогон, өзүнө ишенимдүү болууга чакырган ыр да жараттым,- дейт күчтүү айым.

“GIRLS' GENERATION”

Музыка менен алектенишин жактырбаган атасына мугалимдери келип, кызынын таланты канчалык күчтүү экенин айтышат. Айласыз макул болгон атасын ээрчип барып Тэён вокалдан сабак ала баштаган. 2004-жылы 15 жаштагы кыз “SM Entertainment” агенттиги уюштурган музыкалык сынакта жеңишке жетип, агенттик менен иштешүү келишимине кол коёт. Сахнага чейинки стажёрлук жашоодон, кыйынчылыктардан тажап кол шилтеп басып кеткиси келген учурлар болгонун айтат Тэён. Бирок максатка жетиш керек эле. Ал максат 2007-жылы ишке ашып, Тэён лидерликке шайланган “Girls' Generation” тобу дебют жасаган. Топтун азыркы ийгилигинде, тарап кетпей, дагы да болсо дүйнө жүзү боюнча суроо-талапка ээ болгондугуна Тэёндун салымы чоң.

АР ТАРАПТУУ ТАЛАНТ

Ырчынын дагы бир кыялы радиодо ди-джей болуу эле. Бул кыялын да ишке ашырган ырчы ди-джей катары радиодо 2-3 жыл иштеген. Тэёндун үнүнө белгилүү режиссёрлор да кызыгып, анын аткаруусундагы саундтректер “Алоолонгон жүрөктөр: Корё”, “Афина: согуш Кудайы”, “Дель луна” отели” сындуу популярдуу сериалдардан да жаңырган. “Үнү таза, жүрөккө жетет” дешет музыка сынчылары Тэён жөнүндө.

Кореяда “Кайра башынан башта” деген белгилүү долбоор бар. Анда чыныгы таланттуу ырчылар катышып, дүйнөнүн кайсы шаары болбосун көчөгө чыгып жандуу ырдашат. Тэён да аталган долбоорго катышып, Амстердам, Берлин шаарларынын борбордук көчөлөрүнө чыгып ырдаганда угармандар аны менен кошо жатка ырдап Тэёндун оозун ачырган. “Амстердамга биринчи жолу келдим. Бирок эл менин ырларымды жатка билгенин угуп сыймыктанып калдым”,- дейт ырчы.

Анын дагы бир кызыгуусу – актёрдук чеберчилик. Балладаларды жакшы ырдаган ырчы алгач мюзиклден роль алган. Кийин бир-эки сериалда эпизоддук ролдорго да тартылган.

“ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН МУЗЫКАДАГЫ ЖҮЗҮ”

Учурда Тэёнду “Түштүк Кореядагы музыканын жүзү”, “Тэёндун талантын башкаларга жар салуудан уялбайсың, чыныгы талант” деп мактагандар абдан көп. 2015-жылы алгачкы жеке кичи музыкалык альбомун жарыкка чыгарганда эле альбомдун көчүрмөсү миллиондон ашык сатууга ээ болгон. Кийинки жылы эле ал “Мыкты аял артист” наамын утуп, өлкөсүндөгү эң популярдуу ырчылардын катарына кирген. 2016-жылы 20дан ашык музыкалык компания ага “Эң мыкты ырчы” статуэткаларын тапшырган. Арадан жылдар өтсө да Тэён популярдуулугун жоготпой, тескерисинче, барган сайын жаңы, мазмуну терең чыгармаларды жаратып музыка сүйүүчүлөрдү кубантып келет.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Атактуулар канчалык жеке жашоосун жашырбасын, кайсы бир адам “камера кылтагына” илип алат. Тэён да андай кылтакка илинип, популярдуу “ЕХО” тобунун ырчысы Бэкхён менен кыз-жигит экени ачыкка чыккан. Экөөнүн сүйүүсү “хэппи-эндге” жеткен жок. Андан бери Тэён жашоосун жакшылап катканды үйрөндүбү же эч ким менен мамиле кура элекпи, айтор, анын жүрөгүн багынткан мырза тууралуу так маалымат жок.

ТЭЁН ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА...

1. Ужас жанрындагы тасмаларды жактырат.

2. Көзүнүн көрүүсү начар, андыктан дайыма линза тагынат.

3. Ашканада мыкты кожойке.

4. Оттон коркот.

5. Топтогу кыздар аны “эмоциясын кыйын көзөмөлдөйт” дешет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zhazgul98
2021-05-03 12:12:16
Күчтүү жана мүнөзү бекем, билимдүү аял эч кимдин ой пикирине муктаж эмес.
0
Erlan_95
2021-05-03 22:22:49
zhazgul98,биз сенин оюна муктаж эмеспиз
-1
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан