“СҮЙГӨНДҮ ДА, СҮЙҮЛҮҮНҮ ДА СЕНДЕН ҮЙРӨНДҮМ”

Энергияңды какшытып кагып алып, бир заматта негатив ойлорго көмүп салган адамдар бар. Алардын жанында жүрсөң жашагың келбей калат. Кээ бир адамдар энергиянын булагы. Алар өмүрдү жакшы жашап өтүүгө үйрөтөт. Жаркылдап жайнап бүтүндөй дүйнөнү мээримге, сүйүүгө тойгуза алат. Сен дал ушул адамдардын сап башындасың. Жаныңда жүргөн адам сенден эгерим ажырагысы келбейт. Жүрөгүңдүн ушунчалык аруулугун айт. Эмнени издесең ошону табасың дегендей, ар бир адамдын жакшы жагын гана көрөсүң.

Сага капыстан жолуктум. Балким, жумушум болбосо жолукпай калат белем, ким билсин? Адаттагыдай иштээр-иштемексен болуп жумушумда буюртма берилген дарекке гүл жеткирип бара жаткам. Айтылган дарекке жеттим. Көп кабаттуу үйдүн лифтине экөөбүз чогуу түшүп калдык. Көз кыйыгымды салып, астыртан сени карап бара жаттым.

– Кандай кооз гүлдөр. Бул гүлдүн ээси да сонун адам болсо керек,- жылмайып лифттен чыгып кеттиң. Жооп бергенге жетишпей калганыма өзүмдү күнөөлөп жибердим. Чынында, жооп кылчу сөзүм деле жок болчу. Буюртманы берип, ал жактан кеттим. Өзүм кеткен менен акылым, оюм сенде калды. Күлмүңдөгөн сүйкүмдүү көздөрүң, жылмайыңкы карашың көз алдымдан кетпей койду. Мен сага кайрадан жолуккум келе берди. Акыры чыгынып баягы дарекке жөнөдүм. Колумда ээсин күткөн кызыл розалар.

– Эшик алдынан күтсөмбү? Ал жакка жөн эле келген болсочу? Жакын арада ал жакка келбесечи?- өзүмө-өзүм суроо берип, өзүм жооп берип жаттым. Жеткенде оюма бир нерсе келди. Кубанып кеттим. Сен түшүп кеткен 7-кабаттагы батирлерди кыдырып сурамай болдум. Алгач эле лифттин маңдайындагы батирдин коңгуроосун бастым. Бир эже чыкты:

– Кечиресиз, сиздин үйүңүздө көзү бакырайган 20 жаштардагы кыз жокпу?

– Жок, балам,- эже мени карап күлүп жиберди. Ал катар жайгашкан батирди көргөздү. Каалганы тыкылдатсам эч ким чыкпай койду. Үмүтүмдү үзө албай үчүнчү батирге бардым. Коңгуроосун басып турсам, эч ким чыкпай койгон эшик ачылып жаткандай болду. Бурулуп карасам эле сен турасың, кубанып кеттим. Жаныңа кандай жетип гүлдү бергенимди өзүм да түшүнбөй калдым.

– Эмне, магабы?- таң калып мени карадың.

– Ооба, сага. Бул гүлдүн ээси сенсиң.

Кучак толгон гүлдү кармап алайып туруп калдың. Гүлдөрдү карап кубанычка толгон көздөрүңдү көргөн ушунчалык жакты.

– Атыңды билсем болобу?

– Алтынай.

– Меники Бакай.

Жакындан тааныштык. Көптөн берки тааныштардай жылдызыбыз келишип калды. Алгач көргөндө көзүң, экинчи көргөндө сөзүң мени арбап алды. Ошол күнү сага жолуккандан кийин илең-салаң болуп иштеп жүргөн жумушумду жакшы көрүп калдым. Буга чейин гүл алган адамдардын жүзүндөгү кубанычка көңүл бурчу эмес экенмин.

Үчүнчү жылым сени менен өтүп жатат. Сенин жаныңда дүйнөм тегиз. Сага эч эле тойбойм. Сүйүүгө толгон көздөрүң мага дем-күч берет. Бейпилдик сенин жаныңда. Дайыма сени сагынган бойдон жүрөм.

– Кимди сагынып жатам, билесиңби?- дедим бир жолу сага.

– И-и, кимди?- алайып суроолуу мени карап калдың.

– Сени,- деп бекем кучактап алдым.

– Мен жаныңда эле жүрөм го. Башка жооп күтүп жатса,- көкүрөктөн түртүп кыткылыктап күлүп койдуң. Сен ушул аралыкта бир да жолу таарынган жоксуң. Чупа чупс алып келсем да бактылуу болосуң.

Жашообузда болуп өткөн окуялар жашообуздун нугун өзгөртөт деген чын. Жашоомо сен киргени жан дүйнөмдө төңкөрүш болду. Кейип-кепчип, наалый берген адатым калды. Чечкиндүү, сыйчыл, барга каниет кылган, камкор адамга айландырдың. Ар бир нерсенин жакшы тарабын көрө билгенди, кубанганды, колдо барды баалаганды, сүйгөндү да, сүйүлүүнү да сенден үйрөндүм...

Бакай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-05-03 22:11:21
Что за фигня ванильная
-3
Siren90
2021-05-05 11:45:24
Мен да адамдар тууралуу жакшы ойлоп, жалаң гана жакшы жагын көргүм келет, бирок болбой эле кемчилигин көрүнө берет, эмне кылуу керек, өзүмдү кантип тарбиялайм
+1
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан